Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:44

Бакиевдердин чабуулу башталдыбы?


Курманбек Бакиев
Курманбек Бакиев

Шейшемби күнкү гезиттерге Шайлообек сереп.

“Эркин Тоо” гезити “Күнөсканалардын саны боюнча Араван району алдыңкы сапта” деген макаласына улай эле “Президентке кайрылгандар көз жаздымда калбайт” деген ат менен өткөн жылдын акыркы эки айында эле 11 миң 242 адамдын кайрылуусу боюнча иштер жүргүзүлгөндүгүн жазып чыкты. Белгилүү акын Кожогелди Култегиндин “Сооронбай доору” деп аталган эскерүүсү тартууланды. Журналист Абдимухтар Абиловдун “Сапат менен абройго жеткен “Имарат строй” деген макаласында аталган курулуш компаниясынын жетекчиси, Республиканын эмгек сиңирген куруучусу Бейшенбек Иманалиевдин ишмердүүлүгү боюнча кенен кеп болду.

“Кыргыз Туусу” гезитинин кабарчысы Төлөнбай Абдыразаков өкмөт башчысы Темир Сариев Оштун Араван жана Кара-Суу райондорун кыдырганын, Нариман айылындагы дыйкан Кахраман Закировдун күнөсканасында болгонун, күнөскананын ээси бир гектарга эккен бадыраң менен помидордон жылына 5-6 миллион сом киреше тапса болорун айтканын, дыйкандардын мындай аракеттери башкаларга үлгү катары жайылтылышы зарылдыгын, Араванда каналдар оңдолуп, пайдаланылбай жаткан жерлер дыйкандарга узак мөөнөткө берилери баяндалды. Аталган гезит академик Аскар Какеевдин 80 жылдыгына карата анын шакирти профессор Аскар Бекбоев менен биргелешип жазган “Акыл, акылман жана абийир” деген макаласын басты.

Журналист Үсөн Касыбеков “Жыргагандан жылкычы болуптурмунбу” деген макаласында чиновниктердин жумушсуздук Кыргызстанда бар болгону 2,2% түзөт дегени карандай калп экенин белгилеп: “...өлкөдө туташ жумушсуздук, өнөр жайы токтогон. Айыл чарбасынын эптеп эле жылуу жаны бар. Элдин көбү базарда. 2030-жылдарга чейин өзүнүн же туугандарынын кара башын багуу айласы менен кетип жаткандардын агымы ушундай темп менен улана берсе, 15 жылдан кийин республикада сымаптай мөлтүлдөгөн паракор чиновниктер, кары-картаң пенсионерлер гана калышы этимал” деп жазды.

“Фабула” бүгүнкү санына “Жаз жакындаганы Минскидеги канкор Бакиевдер бийликке каршы чабуул баштадыбы?” деген макала басылып чыгып, өткөн жумада “Алмазбек Атамбаев агент турецких спецслужб” деген чагымчыл материал Евразияновость.инфо сайтында жарык көрүп, ошол макаланын негизинде “Атамбаев агент турецкой разведки” деген аталыштагы тасма Фейсбуктагы “Компромат” баракчасында 5-февралда жарыяланганын, анда өлкө башчысы болушунча шыбалганын, бул макала аркылуу атайылап жасалган “кара пиар” 2010-жылдын 7-апрелинде өз элине ок атып, 90дон ашуун кыргыз жигиттерин кырып, жүздөгөн адамдарды түбөлүк майып кылып, миллиарддаган долларды алып качып кеткен канкор Бакиевдердин буюртмасы экендиги такталганын, биринчиден, Бакиевдер колдонгон сайт Нидерландияда жайгашканын, ал эми “Компромат” баракчасы Беларустагы интернет булактарынын биринде катталганын, мына ушунун өзү Бакиевдер жазгы жүрүшкө даярдык көрө баштаганынан кабар берерин, демек мындан ары бул өңдүү “кара пиар” дагы далай ирет болорун эстетти.

Саясатчы Азимбек Бекназаров “Аман болсом президенттикке ат салышам, эгер өтпөй калсам...” деген ат менен маек курду. Рысбек Качкеевдин макаласы “Бар бол, Түгөлбай” деген аталыш менен тартууланып, Кыргыз эл артисти Түгөлбай Казаковдун көркөм өнөрдөгү орду, анын акыркы кездери “Улутман” аркылуу жасап жаткан жакшы иштери жөнүндө кеп болду.

“Вечерний Бишкек” гезити өкмөт Кыргызстандын аймагына кичи ГЭСтерди курам деген инвесторлорго жашыл жарык бергенге камданып жатканын, мындай инвесторлор үчүн жер 50 жылга пайдаланууга берилерин, бүгүн өлкө боюнча 13 кичи ГЭС иштесе, санын дагы 90го жеткирүү керектигин, ошондо Токтогул ГЭСин да эс алдырып турса болорун, албетте кагаз жүзүндө баары сонун экендигин, ал эми турмуш менен бетме-бет келгенде мамлекеттик документ дегендердин далайы башка жакка барып түшчү кагазга айланып каларын белгилеп, бул боюнча Кыргызстандагы кичи ГЭСтер бирикмесинин жетекчиси Эльвира Боромбаеванын оюн укту.

- ГЭС куруп берем дегендерге жерди пайдаланууга 50 жылга беребиз дегенди дагы жакшылап акылга салып чыгуу керек. Өкмөттүн мындан ары Суу фондундагы жерлердин баары мамлекеттин менчиги деп эсептелет дегени жакшы деңизчи, бирок ал жер “прихватташтырылып” кеткен болсо кандай болот? Соттошмой башталат да көп жылдарга созулат, инвестор деген сот качан бүтөт деп күтүп олтурбайт. Бир мисал, жакында Аламүдүн районунан тоонун боорундагы чоң-чоң таштары бар төрт гектар жерди сатып алалы деп бардык. Карап чыксак, ГЭС үчүн эптеп 20 сотыхы жарачудай, биз бул жерди 28 миң долларга сатып алабыз го десек, жерди менчиктеп алган киши 2,7 миллион доллар сурап оозубузду ачырды. “Кызыл китепти” ага да өкмөт берген. Ошондуктан ойлоно турган маселе көп,- деп айтты.

XS
SM
MD
LG