Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:46

"Бакиевдер менен байланышта эмесмин"


Апта ортосундагы кыргыз басылмаларына Шайлообек сереп.

Спортсмен Айсулуу Тыныбекова Олимп оюндарына жолдомо утуп алганын, Байдылда Сарногоевдун ырларын жана Качкынбай Осмоналиевдин “Көчмөндөр кагылышын” “Жаңылыктар” деп аталган гезиттен окуйсуздар.

“Вечерний Бишкек” гезити “Чек ара маселеси митинг менен чечилбейт” деген макала басып, кечээ президент Алмазбек Атамбаев тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди, Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду, Башкы штабдын жетекчиси Жаныбек Капаровду кабыл алып, мамлекеттик чек араны кайтарууну күчөтүү, улуттук кызыкчылыкты коргоо боюнча маселелердин тегерегинде сүйлөшкөнүн, ушул эле күнү алабукалыктар менен жолугушкан өкмөт башчысы Темир Сариев биздин бир сантиметр жерибиз да эч кимге берилбей тургандыгын, бул президенттин да, өкмөттүн да айкын позициясы экендигин, чек арага тиешелүү бардык маселе цивилизациялуу жолдор менен гана чечилерин айтканын кабарлады.

“Вечерний Бишкек” гезитинен мындан тышкары ушул эле маселеге арналган Азамат Касыбековдун “Суу менен, от менен ойногондой ойноп жатат” деген макаласы бар.

“Багыт” гезити бул санын Баратбай Аракеевдин “Өзбекстан азуусун неге көрсөтөт?” деген макаласы менен ачып, акыркы маалыматтар боюнча чек арадагы абал туруктуу экенин, эки тарап тең аскерлеринин санын кыскартып, сегизден гана аскер калтырып, күнү-түнү тиктешип турушканын, президент да, премьер министр да ар кыл деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү тынымсыз жүргүзүп жатышканын, эми ызы-чуу чыккан жерди баса калып көнгөн, так ушундайда кудай берип салган оппозиция коңшу өлкөнүн кылыгын сындагандын ордуна түз эле бийликти көөлөп жатып калганын жазып чыкты.

Баратбай Аракеев “Кадам ушул” аттуу макаласында орус-кыргыз мамилеси жана тил кадыры тууралуу баяндап, Бишкектеги 95 мектептин 11и гана кыргыз тилиндеги мектептер экенин, мындай бетти карарткан намысы жок көрүнүш балким дүйнөдө бизде гана болорун, ушундан эле эне тилге кылган камкордугубузду түшүнө берсек болорун кеп кылды.

“Багыт” гезитинен мындан тышкары Бириккен оппозициялык кыймылдын максаты – бийликти басып алуу экени ашкере болду” деген Мурат Мусакеевдин макаласын, “Саанчы “жеңе” Мадумаров ишенчээк Салымбековду кантип “саады?” деген уландысы бар журналист Айбек Шамшыкеевдин журналисттик иликтөөсүн, ушул эле автордун сандан санга жарыяланып келаткан “Криматалык” Рыспек Акматбаев” тууралуу макаласынын уландысын окуйсуздар.

Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркуловдун маеги “Стратегиялык маселелерди президент чечип жатат, эми өкмөт иштеш керек да” деп аталды. Өмүркулов маегинде сөз эркиндиги, партиялык системанын кемчиликтери, өкмөттүн жасап жаткан иштеринин майнапсыз болуп жаткандыгы, борбор шаардын проблемалары тууралуу бир топ жүйөлүү ой-пикирлерин ортого салды.

Ушул эле санга Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын директору Канат Муратбековдун маеги “Доо айыпты 20% көтөрүү зарыл” деген аталыш менен жарык көрдү.

“Республика” гезитинин башкы редактору Замира Сыдыкова маек берип, аны Бакиевдердин үй-бүлөсү менен тыгыз байланышта деген туура эместигин, азыр да эч кандай байланышы жоктугун, Минскиге да эч качан барбагандыгын, Максимди болсо революциянын алдында көргөнүн, ал Жеңишбек Назаралиевдин медициналык борборуна барып турганын, бир сапар ал башкарган редакцияга балдары менен келип гезиттерин тартып алып кеткенин, өзү болсо бийликке дагы деле оппозицияда экендигин, качан болсо бийликке көшөкөрлөнүп, кызматка көтөрүлгүсү келген, алардын айдактоосу менен иш кылган журналисттер азыр деле азайбаганын, ачыгын айтканда, Кыргызстандагы сөз эркиндиги үчүн үркөрдөй эле кишилер күрөшкөнүн, ошол Акаевдин тушунда деле андайлар ашып кетсе он чакты гана болгонун, ал эч качан абийирин эл алдында жоготкусу келбегенин кеп кылды.

Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, журналист Бөкөнбай Боркеев Ырысбай Абдыкадыров менен Барчынбек Бугубаев жөнүндө макаласында таланттуу акын Барчынбектин чыгалбай калган ырлары, үйсүз калган балдары, үй-бүлөсү тууралуу кеп козгоду.

Орунбек Жаанбаевдын “Кыргыз элинин тамак-ашынын туу чокусу болгон “кыргыз озолоңун” билесизби?” деген макаласы жалпы эле окурмандар үчүн кызыктуу жана пайдалуу болорун да айта кеткенибиз оң.

Булардан тышкары Баратбай Аракеевдин сандан санга жарыялана баштаган “Периште жолу” деп аталган жаңы романынан үзүндүнү, ар бир күндү суу ичүү менен баштаган адамдын ден соолугу мыкты болорун ушул “Багыт” гезитинен таап окусаңыздар болот.

XS
SM
MD
LG