Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:02

Саламат Садыкова кайда кетет?


Керемет үндүү ырчы Саламат Садыкова кызы менен.
Керемет үндүү ырчы Саламат Садыкова кызы менен.

Президент Алмазбек Атамбаев бир катар өлкөлөрдүн жаңы дайындалган элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алганын “Эркин Тоо” гезити жазып чыкты.

Кыргыз эл жазуучусу Калканбай Ашымбаевдин Үркүн апаатын баяндаган “Азат көчү” романы жарыкка чыкканын, жазуучу Жыпар Исабаеванын “Канат менен Зарина” повестин орус тилине которгон котормочу “Жылдыз жанган көл кечи” ырлар жыйнагынын, “Асылым, арманым, махабатым”, “Элестүү издер”, "Үмүт орундалат”, “Ким тосот менин жолумду”, Өмүр закымдары” аттуу повесттердин, Тагдырга таазим”, “Үшүк алган сезимдер”, “Чач тумар”, “Турмуш агымдары” аттуу романдардын автору, Билим берүү академиясынын окутуучусу, билим берүүнүн отличниги Бермет Алымбаеванын маегин, “Кыргыздын кыраан кыздары” сыйлыгынын жеңүүчүсү Гүлнара Узбекованын макаласы, журналист Мырзакат Тыналиевдин жазуучу жана радиожурналист Кадыр Калиловдун 60 жашка чыккандыгына арналган, Жайыл Руслановдун доллардын арзандашына арналган макалаларын бүгүнкү “Кыргыз Туусу” гезитинен таап окусаңыздар болот.

Жазуучу Чолпонбек Абыкеевдин “Мародерлор” романы жарыяланууда. Бишкектеги Ак Өргө конушунун тургундары президент Алмазбек Атамбаевге, өкмөт башчы Темир Сариевге жана Бишкектин мэри Албек Ибраимовго кат менен кайрылды. Кайрылуу катта талашка түшкөн эки жер тилкеси тез арада чечилбесе эл кырды бычак болуп чабышчу абалга жетип калганы жазылды. Депутат Рада Түмөнбаева Аксы районунда кайналы мол түшүм берерин, ошондуктан аталган районго кайналыны кайра иштете турган завод куруп берсе кыргыз өкмөтү элдин сообуна калат эле, деген аксылыктардын өтүнүчүн бүгүн жарык көргөн “Фабула” гезити аркылуу билдирди.

Бегайым Байбосунова макаласы аркылуу ашыкча салмактан кантип арылуунун жолдорун баяндаса, Адилет Темирланов гүл, көчөт олтургузуунун ыкмалары менен тааныштырды. Улуттук университеттин 4-курсунун студенти Бакыт Бейшенбеков студенттер чечип келаткан маселелер жөнүндө сөз кылса, Үмөталиев Өмүрбек, Акматов Сабырбек, Бердикеев Абылабек, Сапарбаев Сагындык аксакалдар окурмандарга “Кенди иштетпегиле деп элди дүрбөтпөгүлө!”, “Жумурткадан кыр издегенче мамлекетти ойлосок”, “Тойду болсо тойлойбуз, артыбызды ойлобойбузбу” деген темадагы каттарды жолдоп, ойлорун ортого салды. Журналист Нурмухаммед Жумабековдун күлкү күнүнө арналган “Келгиле, бир каткырып алалы” деген бир бет баяндамасы жогоруда айтылгандарды жарыялаган “Жаңы агым” гезитине басылды.

Кимбайкенин бир бет “Күлмүнөт” аттуу күлкү бети тартууланды. Журналист Жылдыз Жолдошбекова маегин “Калп айткан жигиттер менен сүйлөшүп кереги жок” деп атады. Профессор, адабият сынчысы Кадыркул Даутовдун сандан санга жарыяланып келаткан “Кандай акын оригиналдуу болот же Анатайдын ачылышы” аттуу макаласы Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Анатай Өмүркановдун бүтүндөй чыгармачылыгына арналууда. Бардык курактагы кыз-келиндер үчүн тигилген кийимдерди тартуулап келаткан дизайнер Алия Абдраимова өзүнүн кийим-кечелеринин сырлары менен ой бөлүштү. Республиканын эмгек сиңирген артисти, белгилүү куудул Келдибек Ниязовдун куудулдук өнөр тууралуу, “Ала-Тоо таңшыйт” деген сыйлыктын уюштуруучусу, продюсер Ырыс Окенованын ушул жаңы сыйлык тууралуу маектери да бүгүн жарык көргөн “Де-факто” гезитинде.

Актер Рыспек Жумабаев маегин “Кемпирим мени баласындай бакчу” деп атаса, журналист Айгерим Акылбекова маегин “Эфирге курбуларымдын кийимин кийип чыкчумун” деп атады. Ушул эле басылмага маек курган айтылуу ырчы, Кыргыз Эл артисти, бүтүндөй өмүрүн чыгармачылыкка арнаган Саламат Садыкова күзүндө чоң сахнадан кетерин, буга дейре бир дагы эл башында турган чоңдорго кирип оокат сурабаганын, убагында ага далай мыкты жигиттер көз салганын, бирок тагдырына башы бош эр-азаматтар жолукпаганын, өзүнүн бактылуу турмушун баяндап сыр төктү. Буларды сиздер бүгүн жарыкка чыккан “Супер инфо” гезитинен окуйсуздар.

72 жаштагы Владислав Поляков 40 жылдан бери кыргыз жергесинин эң кооз деген керемет аймактарына туристтерди алып барып коштоп келатканын, али да күчтүү-демдүү экенинин Айжан Мамбеталиеванын маегинен окуп таанышасыздар. Бара турган жолдорун тосуп-бууганга карабастан, социалдык түйүндөр аркылуу жаштарды "Ислам мамлекети" террордук тобуна азгыргандардын арты суюлбай келатканын Евгений Денисенконун “Каргыш” деп аталган макаласынан окуйсуздар. Финансы министри Адылбек Касымалиевдин окурмандардын суроолоруна берген жообу да бүгүн жарыкка чыккан мына ушул “Вечерний Бишкек” гезитине басылды.

XS
SM
MD
LG