Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:59

Бай парламенттин кедей депутаттары


Бишкектеги жаңы үйлөр.
Бишкектеги жаңы үйлөр.

Баткен аймагында оокаты тың жашагандар деле өкмөттүн жөлөк пулун алып жүргөн фактыларды облпрокуратура таап чыкканын, Үңкүр-Тоодогу телемунара эч жакка көчүрүлбөстүгүн, Жусуп Мамайдын 19 томдук “Манас” китебин чыгарууга Ош шаарынын бюджетинен бөлүнгөн акча мыйзамсыз экени аныкталганын, журналист Адилет Айтикеев Минскидеги Жаныш Бакиевге барып маектешип келгенин, өмүр бою депутат болуп келген, депутаттыктын аркасы менен бир топ эле байып алгандар жакындан бери итке минген томаяк болуп чыга баштаганын, маселен, буга чейин төрт жолу депутат болгон Анвар Артыковдун эмгиче баш калкалай турган үйү жоктугун, Азимбек Бекназаровдун Кыргызстандын элине, эл аралык укук коргоо уюмдарына кайрылуусун бүгүн жарык көргөн “Майдан” гезитинен окуйсуздар.

Ушул эле гезитке чакан маек курган Адилет Айтикеев Жаныш Бакиев ага Жалал-Абад банкында жоголгон 22 миллион, Садыркулов, Баяман, Санжар, Сурабалдиев, Павлюктун өлүмү тууралуу айтып бергенин, ошону менен биргеле кезинде колуна суу куюп жүргөн бир катар аткаминерлер тууралуу да көп сөз айтканын, мына ушул маеги 17-апрелде “Искра” гезитине жарыяланарын айтты.

“Майдан” гезитинен ошондой эле шайлоо тууралуу “Эшегине жараша тушагы” деген макала, Кубанычбек Кадыровду колдоо боюнча ысыккөлдүктөрдүн атынан 12 адамдын кайрылуусу, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акундун “Оппозициянын арасында калың китеп окуп көрбөгөндөр да бар” деген маеги, генерал Кубат Кожоналиевдин “Оппозиционерлерди камоо бийликке абийир алып келбейт” деген маеги, саясатчы Эдил Байсаловдун “Отунбаева менен Атамбаев 7-апрелде каза болгондорго квартира берип, ишти мурункуча эле алып барды” деген маеги бар.

“Багыт” гезити өкмөт башчы Темир Сариев тарыхта аты кала турган иш жасап Өзбекстандын Ысык-Көлдөгү 4 пансионатын мамлекеттин эсебине алуу боюнча буйрукка кол койгонун, бирок буга мурдагы министр Аликбек Жекшенкуловдун эмнегедир ичи ачышып, өзбек тарапты тиктеп турганын, Өмүрбек Текебаев “парламенттеги оппозиция өз милдетин аткара албагандыктан анын ролу көчө оппозициясына ооп баратат” деп айтканын, “КСДПнын кедей депутаттары” деген теманын алдында Анвар Артыков аттуу депутат мамлекеттин эсебинен алган үйүн кызына бере салып, кайрадан парламенттин батиринде жашап, эми үйүм жок деп барабан кагып жатканын, ал өткөн жылы депутат катары 2 миллион сомго жакын айлык алганын, Анара Молдалиева деген аял 20 миң сом кредит алып, анысын төлөй албай, 13 жаштагы чычкандай кызын кредитти төлөй турган акча таап келесиң деп Россияга жөнөткөнүн, анан ошол бечара кыздын сөөгү Россиянын автовокзалынан табылып, кыз суукка тоңуп өлгөнүн маалымдаган кабарлар басылды.

Ушул эле “Багыттан” журналист Айбек Шамшыкеевдин “Криматалык Акматбаев” аттуу макаласынын уландысын, коомдук ишмер Жыпар Жекшеевдин “Атамбаевдин артыкчылыгы да, кемчилиги да – ошол сапат” деген маегин, Россиянын атактуу “Ника” сыйлыгын кинорежиссер Мирлан Абдыкалыковдун “Сүтак” фильми жеңип келсе, дагы бир кинорежиссер Элнура Осмоналиеванын “Сейде” кино тасмасы Канн кинофестивалына катышмай болгонун, коомдук ишмер Эмил Каптагаевдин “Апрель революциясы негизги саясый максаттарына жетти, бирок...” деген аталыштагы Баратбай Аракеев менен маегин, журналист Назгүл Осмонова баяндаган Жанузакова Жекшекандын “Германиядан окуп келген уулум эки жылдан бери бейкүнөө түрмөдө олтурат” деген арыз-арманын, Максим Горький аянтында “Демократиянын ашы” бериле баштаганын, профессор Дөөлөтбек Бекиш уулунун “Каган Барсбек–Кыргыз мамлекетинин башчысы” деген эмгегин, жазуучу Баратбай Аракеевдин сандан санга жарыяланып келаткан “Периште жолу” романынын кезектеги үзүндүсүн окусаңыздар болот.

“Вечерний Бишкек” гезити жаңы санын журналист Бермет Маликованын “Максим Бакиевди кантип жоопко тартса болот?” деген макаласы менен ачты. Бул иштен кабардарлардын эсинде болсо керек, өткөн жылдын декабрь айында Бишкектеги жаңы конуштардын биринен окуучу бала мектебине кеткен бойдон кайрылып келген эмес. Бир маалда баланын энесинин телефонуна “150 миң сом таап келбесең балаңдан ажырайсың” деген билдирүү түшүп, милийсалар издөөгө алган. Билдирүүнү 39 жаштагы жалалабаддык, мурда уурулук жана алдамчылык менен соттолуп чыккан аял жөнөткөн болуп чыгат. Көрсө уурдалган Даниэлдин апасы менен тиги аял тигүү цехинде бирге иштептир. Аял баланы Күн-Туу айлына алып барып муунтуп өлтүрүп, дренаждык аңгекке салып жиберген соң тигиге билдирүү жөнөткөн экен. “Вечерний Бишкек” гезити мына ушул жалаңкыч Майрам Акунованы Бишкектин 1-Май райондук соту 25 жылга кесүү өкүмүн чыгарганын жазып чыкты. Журналист Александр Тузовдун “Жаңы тарыхтын сабактары: биз маңкурт эмеспиз” аттуу 7-апрелге байланыштуу макаласын, 7-апрелдин президент тарабынан эскерүү күнү болуп жарыяланганына байланышттуу ой-пикирлердин топтомун окуйсуздар.

XS
SM
MD
LG