Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:01

Спикер шайлоо кезеги социал-демократтарга келди


Парламентте спикер шайлоо.
Парламентте спикер шайлоо.

Бейшембиде жарыкка чыккан кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

“Азия ньюс” гезити Бегимай Бакашеванын “Парламент төрагасына ким татыктуу?” деген ат менен саясый серепчилердин ойлорун жана “Тендер коррупциясы” боюнча Сариев менен Малабаев кутулуп кетеби?” деген суроого пикирлердин топтомун, Турсунбек Акундун “Авторитардык режимдин “шыбоосу” жыттангансып турат” маегин, Кенжебек Арыкбаевдин парламенттин табиятын, анын Кыргызстандагы “жашоо-турмушун” талдоого алган “Жер ээн болсо доңуз дөбөгө чыгат” аттуу макаласын басты.

Сабыр Муканбетов “Үркүндүн 100 жылдыгында чогуу куран окуйлу” деген макаласын жарыялап, Үркүндүн тарыхына, мурункулары менен азыркыларына, эки көз карашка, бир тарап Үркүндү орус падышачылыгынын кыргыздарга кылган геноциди десе, бир тарап эч кандай геноцид эмес деп, бул боюнча бирдей пикир жоктугуна, бирок кандай болгон күндө да, бул өтө каргашалуу окуяны эл катары, мамлекет катары татыктуу белгилөө керек экендигин баяндады.

“Азия ньюстун” бүгүнкү санына Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармасынын башчысы Мирлан Каныметов маегин “Бизге “сакалбы” же “карышкырбы”, “ити”, “чөөсү” -баары бирдей кылмышкер” деп атап, бир нерсени баса белгилеп айтарын, 2010-жылдын 7-апрелине чейин Бакиевдердин кандуу бийлик доорунда кылмыштуу топтор арасында бери дегенде 2 иреттен кем эмес, жылына 20га чейин адам өлүмү коштолгон өз ара тирешүүлөр болуп турганын, мындай көрүнүш азыр жөнгө салынып калганын, ал бул фактыны көптөн бери ушул тармакта иштеп келаткан адис катары айтып жатканын билдирди.

Кабарчынын Минскиде жатып алып Мелис Турганбаевдин дарегине ачуу сөз айткан Жаныш Бакиев тууралуу суроосуна Мирлан Каныметов, “кыз боюнда болуп энесин коркутат” деген сөз барын, Жаныш Бакиев канчалык карганып, элден тизелеп кечирим сураса дагы канга малынган колу кан бойдон каларын, эл кимдин ким экенин бүгүн беш колдой билерин айтты. Чүй облусунун башчысы Бактыбек Кудайбергенов маегин “Чүйдүн 90 жылдык мааракесине Алмазбек Шаршенович 500 миң сом бөлдү” деп атап, Сары Өзөн Чүйдөгү жакшы иштер, мааракеге даярдык жөнүндө кеп кылды.

“ПолитКлиника” гезитиндеги макаласында Айгүл Бакеева Кыргызстандагы адам укугу тууралуу баяндады. Акылбек Чынтемиров макаласын Жогорку Кеңештин төрагасын шайлоого арнап, эми кезек КСДПга келгенин, КСДПдан Чыныбай Турсунбековдун, Кожобек Рыспаевдин, Иса Өмүркуловдун аты аталып жатканын, кокус КСДП төрага көрсөтүүдөн баш тартса, төрага көрсөтүү “Ата Мекенге” өтөрүн, бул фракция Өмүрбек Текебаевди сунуш кылса ага каршы чыккандар көп болот деп, эл колдоп кете турган Садык Шерниязды же Сайдулла Нышановду көрсөтүшү мүмкүн деген божомолду ортого таштады.

“ПолитКлиниканын” дагы бир макаласы “Акаевчилердин “атакасы” башталдыбы же “Элдик парламенттин” эпсиз талаптары” деп аталды. Айгүл Бакеева Султан Жумагуловдун “Журналистикага жол” атуу китеби жарык көргөнүн, китеп журналист болом деген балдар-кыздарга жана журналисттердин өздөрүнө керектүү китеп экендигин, жалпак тил менен жакшы жазылгандыгын, бет ачарына келгендер бир дем менен окуп чыгып, жакшы ойлорун айтканын кенен кеп кылды.

Ушул эле гезитке берген маегин өкмөттүн мурдагы басма сөз башчысы Назира Ахмедова “Өмүрүмдүн бир барагын жаптым, жакында жаңы барагын ачам” деген ат менен тартуулады. Алтай акыны, жакында эле Байдылда Сарногоев атындагы эл аралык адабий сыйлыкты алган Боронтой Бедюровдун маегин да ушул гезиттен окуйсуздар. “ПолитКлиника” гезити жалаң гана жакшылыкты курал кылып, бактысын карандай мээнети менен тапкан мыкты адамдарды жазып туруу долбоорун баштаганын, бүгүн жылына бир жарым миллион сом киреше таап турган балчы жигит Азизбек Нурматов тууралуу жазып, карапайым миллионердин сыры менен тааныштырды.

“Асман плюс” гезити Жаз-Айым Айдекованын “Учур” жаштар театры жаңы имаратка көчкөнүн баяндаган макаласын, академик, парапсихолог Лариса Асанбекованын “Карма деген эмне?” деген макаласын, жазуучу Чолпон Субакожоеванын “Манас-Асманын”, “Үркүндүн 100 жылдыгына карата жазуучу Динара Бейшеналиеванын “Күйөөсүн Кытайдан бери көтөрүп келген келин” деген даректүү баянын, жазуучу Чынара Калыбекованын “Рахманкул хан” аттуу атуу романынан үзүндүнү жана ушул эле автордун Таттыбүбү жөнүндө “Соң-Көлдүн чүрөгү баяны” аттуу повестинен, белгилүү ырчы Райкан Абдувалиеванын чыгармачылыгы тууралуу маегин окурмандарга тартуу кылды.

XS
SM
MD
LG