Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:07

Учаны бөлүп койдук, жамбашты мага бербейсиңби?


Кыргыз басылмалары.
Кыргыз басылмалары.

Апта соңундагы кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

Президент Алмазбек Атамбаев Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын жамааты менен жолугушуу учурунда театр кызматкерлеринин айлыктарын көбөйтүүнү жана имаратты капиталдык ремонттон толугу менен өткөрүүнү өкмөткө тапшырганын “Эркин Тоо” гезити кабарлады. Жазуучу Ильгиз Талиптин Салижан Жигитовду эскерүү баяны да ушул гезитте жарык көрдү.

“Кыргыз туусу” гезити 21-апрелде президент Алмазбек Атамбаев “Ата Бейит” мемориалдык комплексинин аймагында орнотула турган 16-жылдагы Үркүндө каза болгондорду эскерүү мемориалын түзгөн авторлорду кабыл алганын маалымдады. Гезитте Мамлекеттик цирктин директору Курмангазы Исанаевдин “Биздин негизги максатыбыз – улуттук цирк искусствосун өнүктүрүү” деген маеги, акын Карбалас Бакировдун драматург Качкынбай Керимбаевге арналган мааракелик макаласы да жарыяланган.

“Ачык саясат” гезити Саруул Шаботоевдин “Президенттикке бир талапкер - Асылбек” деген, “Армияга жалаң кыргыз жигиттери барышат экен” деген, “Жогорку Нарын каскадын куруу жанданабы?” деген макалаларды басты. Бишкектеги Курманжан датканын айкелинин алдындагы жоогазын гүлдөрүн 8 өспүрүм менен 2 лөлү кыз уурдаганын милийсалар таап чыкканын, жаш балдар түнкү саат үчтө уурдап чыгып, 2 лөлү кыз гүлдүн ар бир талын 50 сомдон сатып жүргөнүн, бул кыздар Новопокровка айлында жашаган кыздар болуп чыкканын, жаш уурулар ушу кезде сурак берип жатканын жазды. “Ачык саясат” гезитинде Сарт аке тууралуу да макала бар.

“Жаңы ордо” гезити Темирлан Токтоболотовдун “Көшөгө артындагы көрүнбөгөн саясый оюндар” деген, Алишер Сааданбековдун “Экс-премьер-министрдин классташы... же колу таза эмес коррупционер спорт тармагын кантип башкарат?” деген макалаларын, академик Сабырбек Жумабековдун “Касиеттүү Ысык-Көлүбүздү дүйнөгө дагы бир жолу марафон аркылуу таанытканга сонун шарт түзүлөт” аттуу маегин басты. “Бир бол” фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров маегин “Учаны бөлүп койдук, жамбашты мага бербейсиңби деген менен алекпиз” деп атап, өкмөттө тышкы карыз боюнча мыйзам бузулуп келатканын, муну тезинен оңдобосо болбой тургандыгына фактылар менен кенен айтты. “Жаңы ордонун” жаңы санындагы ой-пикирлердин эки беттен турган топтомун “Кыргыз маданиятына майрам тартуулаган Имамидин Ташов” деген баштеманын алдында тартуулап, колу март ишкерге алкыштарын басты.

Коомдук ишмерлер Бегиш Ааматов менен Азизбек Чамашевдин “Дүйнөнү дүңгүрөткөн Чыңгызхан кыргыз болгон” деген макаласы сандан санга жарыяланууда. Акын жана жазуучу Венера Бөлөкбаеванын “Ыр-Аке” китебинен үзүндү да ушул санда.

“Фабула” гезити Тынчтык Алтымышевдин “Төрага шайлоонун төркүнү” деген макаласын, мурда “чет өлкөлүк агент” аталып, кийин жумшартылып “коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” деп аталган мыйзам кимдердин “короосуна” бүлүк түшүрүп жатканын журналист Үсөн Касыбеков макаласында кеңири талдоого алды. Бул мыйзам тууралуу ой-пикирлер да гезиттин ушул санында жарыяланды. Кезинде салттуу музыка демилгесин көтөрүп чыгып, бүгүн кадимкидей канатын жайып калган өнөрдү өргө сүрөп келаткан Кыргыз эл артисти Роза Аманованын элдик музыка тууралуу маеги жарык көрдү. Депутат Автандил Кулбараков тууралуу жазуучу Жума Мамбетовдун макаласы тартууланды.

“Де-факто” гезити профессор, адабиятчы жана сынчы Кадыркул Даутовдун Кыргыз эл акыны Анатай Өмүркановго арналган “Кандай акын оригиналдуу болот же Анатайдын ачылышы” деген сандан санга жарык көрүп келаткан эмгеги бүгүн соңуна чыкты. Жаш саясатчы Жеңиш Молдокматовдун маеги “Талгарбековдор бизди дагы бир жолу “Элдик парламентке” кошо турган болсо, штабына барып колунан сүйрөп чыгып жазасын беребиз” деп атап, элдик парламент дегендин тизмесинен өзүн көрүп алып таң калганын, эми дал ошол Акаевдин доорунда чоң-чоң кызматтарда олтуруп мамлекетти каалагандай жеп, мүлжүп талкалагандар парламент түзгөнү кыжырды гана келтирерин, кыргыз элинин алдында кылган кылыктары үчүн жооп берчү адамдардын ушинтип атканына, булар бир нерсеге таянып туруп төңкөрүш эле жасап жибербесе, эл ээрчибей тургандыгын айтты.

“Жаңы агым” гезити кезинде “Де-факто” гезитин элге таанытып, Бакиевдердин куугунуна кабылып чет өлкөгө кетүүгө аргасыз болгон айтылуу журналист Чолпон Орозобекованын макаласын жарыялады. Чолпон азыр Швейцариянын Женева шаарында жашап, аялдардын укугун коргоо боюнча эл аралык уюмдардын биринде иштейт. Англисче, французча сайрап, ошол тилдерде макала жазат. Кыргыз кыздарынын арасынан ушинтип карандай мээнети менен өссө болорун далилдеген Чолпон кыздын “Панама кагаздары журналисттердин чыныгы күчүн көрсөтүп, коррупционерлердин беткабын сыйырды” деген ат менен жарык көрдү.

“Супер инфо” гезитинин бүгүнкү санында “14 жаштагы кайын сиңдисин зордуктаткан жеңеси 20 жылга соттолду” деген, “Соттолгон саясатчылардын канчасы түрмөдө жазасын өтөп жатат?” деген, Кенже Дүйшееванын “Үй-бүлөм тууралуу айткандан чочулап калдым” деген, “Токтогул суу сактагычын айланып жүрбөй үстүнө көпүрө курса болот” деген жана башка макалалар жарыяланды.

“Вечерний Бишкек” гезити “Улуу Жибек жолу Кыргызстан үчүн” деген ат менен Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаеванын журналист Александр Тузов менен маегин жарыялады. Академик Асылбек Айдаралиев маегин “Билимин экспорттой албаган өлкө миллиндорду жоготот” деп атаса, Ольга Дядюченконун макаласы жер талаш маселесине арналды.

XS
SM
MD
LG