Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:02

Классташтар жакшы иштерди жасашууда


Мектеп бүтүрүүчүлөрү.
Мектеп бүтүрүүчүлөрү.

Апта аягында чыккан кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

“Жаңы агым” гезити Евразиялык биримдикке кошулсак эле экономикалык абалыбыз жакшырат деген билдирүүлөрдүн баары куру сөзгө айлана баштаганын талдоого алган Келдибек Назировдун макаласын басты. Эгер кыргыз чиновниктери абийирлерин таза кармап, келген инвесторлордон “шапке алуу” адаттарын таштаса жылыш болорун, айрыкча Кытай инвестициясын жакшылап пайдаланып калуу керектигин кеп кылса, Темирбек Алымбеков кайра иштетүү тармагындагы ордунан жылбай жаткан маселелерге токтолду. Евробиримдик жөнүндө айыл чарбачылыгын жатка билген академик Жамин Акималиев жакшы айтты. “Жаңы агым” гезити 10 жылдык, 20 жылдык жолугушуулар башталганын кабарлап, классташтар жакшы иштерди жасай баштаганын, мисалы, Нарындын Учкун айылындагы мектептин бүтүрүүчүлөрү мектептин спорт залын оңдоп бермекчи болушса, Жумгалдын Беш-Терек мектебин бүтүргөндөр 10 жылдыкка байланыштуу айылдын 4 көчөсүн оңдоп салганын, Ак-Талаанын Жаңы-Талап айылынын мектепти 20 жыл мурда бүтүргөндөр ата-энесиз жетим балдарга үй куруп беришкенин, Баткендин Манас орто мектебин 96-жылы бүтүргөндөр борбордук мечиттин жолун түздөп беришкенин, мындай жакшы жөрөлгө өлкөнүн бардык аймагында салтка айланып баратканы жакшы болгонун жазып чыкты.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев суроолорго жооп берип, маегин “Кыргызстандын паспортун коендой окшош кылып жасоого мүмкүн эмес” деп атады. Нурлан Жукеев макаласын “Соттордун колу менен чабылган союл... Укуруктагы укуктук талаа... “Наркоздогу” Нарынбаевдин иши” деп атаса, анын жанына “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин “Данияр Нарынбаев күнөөсүз күнөөлүү болуп соттолуп жатат” деген маеги жарык көрдү.

“Жаңы ордо” гезити бул санын депутат Алтынбек Сулаймановдун “Муляж тартабыз деп жүздөгөн жылдар улут катары сакталып келген салтыбыздан айрылып калбайлы?” деген сөзү менен ачты. Делегат Турдукожоев жазуучу Дүйшөн Султанкуловдун аңгемелери тууралуу жакшы пикирин билдирсе, жазуучу Нуржан Иманбаеванын “Кеч келген махабат” аттуу аңгемеси окурмандарга тартууланды. Коомдук ишмер Жусупжан Жээнбеков “Элге кандай кызмат кылганымды замандаштарым, эли-журтум, тарых менен бала-чакам баалайт” деген ат менен маек курду. Акын Үрүниса Маматова тил маселесине арналган макаласын “Айкөл кыргыздын көңүлүнө бир тамга батпай” деп атады.

“Фабула” гезити жаңы санын “Малабаев эми Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан жолун майкандайбы?” деген баштема менен ачты. Ырчы Айчүрөк Султанова алдыда боло турган концерти тууралуу кеп кылды. “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Бакыт Төрөбаев маегин “Энергохолдингдин түзүлгөнү талапка ылайык туура кадам” деп атады. Гүлнара Шаршеева макаласын “Кайда баратабыз?” деп атап, аял менен аялдын, эркек менен эркектин үйлөнүүсүн Кыргызстанга кийирүү аракеттери кантип жүрүп жатканы тууралуу жазды. Чортек Алчынбаевдин макаласы “Америкалык гранттын кезектеги дозасы” деген ат менен жарык көрүп анда сөз эркиндигин талдоого алды.

“Кыргыз туусу” гезити журналист Эрнис Балбаковдун “Качкындарга түркүк болгон Түркия” деген аталыштагы сапар баянын сунуш кылды. Анда Түркия бийлиги менен жергиликтүү түрк калкынын сириялык качкындарга түзүп берген шарты жана аларга жасаган мамилелери мыкты экендигин, качкын аялдар үчүн тигүү цехтери уюшулуп, эркектери дыйканчылык менен жалданып иштеп акча таап жатышканын кубанып жазды. Журналист Бермет Маткеримованын эки беттен турган баяны “Эл жүгүн аркалаган элеттик аялдар” деп аталып, ишмер аялдарды сүрөттөрү менен гезитке чыгарды.

“Эркин Тоо” гезити эртең белгилене турган Чек арачылардын кесиптик күнүнө байланыштуу президент Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосун жарыялады. Акын Атакул Жакыповдун макаласы “Лейлектин Дүйшөнү” деп аталып, агартуу тармагына барандуу салым кошкон мугалим Калбото Тыныбеков тууралуу баяндады. Эртең 28-майда Улуттук филармониянын базасында Балдар филармониясынын ачылышы болорун ушул филармонияны негиздеп жаткан “Роза Отунбаеванын демилгеси” деп аталган фонд билдиргенин жазып чыкты.

“Вечерний Бишкек” гезитиндеги Бермет Маликованын макаласы “Паспорт эпопеясы” деген ат менен тартууланды. “Бишкекархитектура” мекеме жетекчисинин орунбасары Асхат Түлебердиевдин маеги “Элиталык курулуштун сыры” деген ат менен жарык көрдү.

XS
SM
MD
LG