Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:39

Салянова мыйзамынын маңызы бойго жетелек кыздардын укугун коргоо болчу


Кыз ала качууга каршы нааразылык.
Кыз ала качууга каршы нааразылык.

Бейшембидеги кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

“Азия ньюс” гезити бүгүнкү санын “Жолдубаеванын иниси наркотик менен кармалса, өзү коррупционерди калкаласа, анан кайдан Кыргызстанда мыйзамдуулук болсун?” деген чакан макала менен ачып, Индира айым коррупцияга шектелген прокурорду билмексенге салуу менен кызматка койгону, дал ушул жагынан одоно мыйзам бузулганын депутат Руслан Казакбаев билдирүү кылса дагы, бир катар прокурорлордун мыйзам бузганы боюнча депутат Төрөбай Зулпукаров айтса дагы Башкы прокуратура тарабынан да, жогорку бийлик тарабынан да реакция болбогонун билдирүү менен окурмандар жакында кыргыз элине “дүң” боло турган сенсацияга күбө болушарын жазды.

Журналист Кенжебек Арыкбаевдин макаласы депутат Аида Салянова алып чыккан мыйзамды талдоого алып, “Кыз бала жашы жеткенде гана турмушка чыксын. Болбосо бизде 15 жашка чыгалек секелек кыздардын никесин кыйып, күйөөгө узатып койгон молдокелер бар экенин статистикалык маалыматтар көрсөтүп жатат” деп айтканын, негизи эле Аида Салянова алып чыккан мыйзамдын маңызы бойго жетелек кыздардын укуктарын коргоо болгонун, анан калса Кыргызстан 15тен 18 жашка чейинки кыздардын турмушка чыгуусу боюнча Евразиядагы 35 мамлекеттин ичинде алдыңкы 5-орунда турарын, кыргыз парламентинин Салянова тарабынан сунушталып, жалпы эл колдоого ала турган мыйзамынын парламенттен өтпөй калышы азыркы эл өкүлдөрү кыргыз элин 16-кылымга алып баргандыгы, ошондойле кайсыл бир күчтөрдүн Аида Саляновага дагы деле бут тосуп жаткандыгы деп мүнөздөдү. Айыл жана суу чарба министри Турдуназир Бекбоевдин маеги басылды. Экс-депутат Султан Урманаев “Соттордун тескери чабылган союлу” деген макаласында Атамбаев бийликке келгенден бери адилеттик сот системасын түзүүнү айтып келатканы менен соттордун иши мындан оңолуп кетпегенин фактылар менен кеп кылды.

Калыгул Бейшекеевге берген маегинде “Прогресс” фондунун төрагасы Адил Турдукулов “Мегаком” компаниясында Мурзалиев менен Абеков иштеп жатканда өнүгүү болгонун, азыр балким Абековду жок кылуу максатындабы, аны 1-СИЗОго которуу аракети болуп атканын, бирок муну сот гана чечерин, АКШга барып келгендерин, бийлик жана жаңы муун тууралуу баяндады. “Дары-дармек боюнча президентке коңгуроо кагылды” деген ат менен эки кайрылуу кат жарыяланды. Кардиолог врач Абдимиталип Халматов “Бир күн орозо туткан адамдын жүрөк-кан тамыр оорусуна чалдыгуусу 40 пайызга чейин азаят”, деп маек курду.

“Азия ньюстун” бүгүнкү санына үч ирет кайра-кайра басылып, элге тарап кеткен “Агындылар” аттуу чыгармамды ушунчалык жек көрүү менен жокко чыгаргысы келип, окурмандар сурамжылап алып кетип жаткан “Агындыларды” ар бир макаласы сайын кумары канбай шыбап келаткан филология илимдеринин кандидаты, иним Аскар Медетовдун “Азия ньюс” гезитине “Жарымы жалган, жарымы чын “Агындылар” деген макаласы жарык көрдү. Аскар иним энеме топурак салып мүрзөдөн ыйлап келаткан кезимди, артымда топураган атчан, жөөчөн адамдар бар экенине карабай, “Энеси өлгөндө эмне үчүн жалгыз өкүрөт? Туугандары жок беле?” деп, китептеги “Кудай коноктун аты ким болгон, башында малакай беле, түлкү тумак беле? Эмне үчүн аны так жазбайт? “ деп, “1957-жылы эле мектептерге үч маал ысык тамак берилсин деген өкмөттүн токтому турса, эмне үчүн Дүйшеев ысык тамак ичкенин жашырат?” деп илимпоз адабиятчы бербей турган суроосун алдыга жайган.

Махмуд-Кашгари-Барскани атындагы Чыгыш университетинин профессору Назаркул Бопоевдин “Теңирчилик-улуттук идеологиянын ачкычыбы?” деген макаласы да ушул санда

“ПолитКлиника” гезити экс-депутат Жылдызхан Жолдошеванын “Турсунбай Бакир уулу экөөбүздүн турмуш курушубузга апаларыбыз макул болбой койгон” деген маегин жарыялады. Чүйдүн 44 айылында жашаган 27 миң шайлоочунун атынан 47 адам колун коюп Атамбаевге жолдонгон кат “Жергеталдык жана мургабдык кыргыздардын көйгөйүн ким угат?” деп аталды. Венгрияда чакан кийиз өндүрүшүн ишке киргизген кыргыз кызы Камала Абдыкадырова менен Айгүл Бакеева маектешти. Акбалта Чырпыковдун макаласы “Азимжан Аскаров Өзбекстандын атайын кызматынын тыңчысыбы?” деп аталды. Депутат Осмонбек Артыкбаев маегин “Жандүйнөм кыйналганда көп ыйлайм, бирок эчкимге көрсөтпөйм” деп, жандүйнө сырлары менен ой бөлүштү. Президент Алмазбек Атамбаевге багышталган дагы бир кат “18 жыл бою түшүмүбүздү сатып келген жерден бизди кубалап жатат” деген ат менен жарык көрүп, 45 адамдын кол коюлган.

XS
SM
MD
LG