Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:53

Өкмөттүн кымбат кол сааты


30-августтагы кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

“Фабула” гезити өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбековго, депутат Алмаз Баатырбековго, депутат Аида Саляновага оңтойсуз суроолор менен кайрылды. Гезит кайрылуусунда өкмөт майрамга карата билекке тага турган 50 кол саатка казынадан 570 миң 635 сом бөлмөкчү болгонун белгилеп, ар бири 11 миң сомдон турган кол саатка мынча акча коротуунун ордуна балдарын мектепке даярдай албай жаткан жетишсиз үй-бүлөлөрдүн ар бирине 11 миң сомдон жардам катары берип койгондо калк ыраазы болмогун эң туура айтты.

Басылма эл өкүлү Аида Саляновага кайрылып, көпчүлүк аны мекенчил адам катары билишерин, бирок анын Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгын жана 2-көчмөндөр оюндарын Москвадагы кырсыктан шейит кеткен жердештерибиздин кайгылуу өлүмүнө байланыштуу өткөрбөөнү бийликтен талап кыла баштаганын, тагдыр деген ушундай болорун, эзелтен жамандык менен жакшылык жанаша жүрөрүн, бөөдө кырсык деген айттырбай келерин, аны адам баласы аба ырайы сыяктуу болжоп айталбастыгын, албетте кыргыздай аз сандуу эл үчүн 17 кыздын өлүмү оңой жоготуу эместигин, бирок мындан ары бул өңдүү бөөдө кырсыктар келбесин, элибиз эсен, журтубуз аман болсун деп куран окуп, Кудайдан тилеп, алдыдагы эгемендик күнүбүздү жана көчмөндөр оюндарыбызды жакшы тилек, жаркын үмүт менен белгилеп алуунун эмнеси жаман Аида айым, оппозиция болот десе эле ойлонбой сүйлөй бериш керекпи. Андан көрө ойлонуп сүйлөсөңүз болбойбу, деп жазды.

“Фабула” мындан тышкары “Мекендеш мигранттардын коопсуздугуна ким жоопкер?” деген ой-пикирлердин топтомун, коомдук ишмер Жыпар Жекшеевдин “Конституцияны өзгөртүүгө болгон каршылыктар демократиянын анык белгиси” деген маегин, коомдук ишмер Жумагул Сааданбековдун “Кыргыз демократиясына 25 жыл” деген макаласын басты.

“Кыргыз туусу” гезити Токтогулдун Үч-Терек айылындагы айыл чарба өндүрүштүк кооперативдин негиздөөчүсү Гүлжамал Саматованын “Кооперативди ачууга мугалимдик кесибим түрткү болду" деген аталыш менен кооперативди кантип түзгөнүн, кандай ийгиликтерге жеткенин, азыр кандай иштерди жасап жатканын баяндаган маегин тартуулады. Ала-Буканын Көк-Серек айыл өкмөтүнүн башчысы Камчыбек Исраиловдун өз айлындагы жашоо-турмушун айтып берген, Ош шаарынын башкы архитектору Ажимурат Жолдошевдин “Ош шаары асманды көздөй өсүш керек” деген маектери бар. Аталган гезит өлкөбүздүн 25 жылдыгына карата ой-пикирлердин топтомун жана көчмөндөр оюндарына байланыштуу маалыматтарды жарыялады.

“Эркин тоо” гезити элибизди эртеңки майрам күн менен куттуктап, Куралдуу күчтөрдүн аскерлери жаңы квартиралуу болгонун, Башмыйзамды өзгөртүү боюнча талкуу жүрүп жатканын кабарлады. Эгемендиктин 25 жылдыгына карата "легендарлуу парламенттин" спикери, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Медеткан Шеримкуловдун парламенттин тарыхын баяндаган маегине орун берди.

Аталган гезит “Бөөдө кырсык айттырбай келет” деген теманын алдында Москвадагы кайгылуу окуя тууралуу маалыматтарды жарыя кылды. Анда өмүрдөн эрте кеткен кырчындай кыздарыбыздын сүрөттөрү басылды. Гезит ошондой эле Маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруучу Түгөлбай Казаковдун маегин тартуу кылды. Министр маегинде Түркияга барып келген бир айлык сапарындагы таасирлери жөнүндө кеп кылды. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусовдун жасап жаткан иштери мыкты экендигин, түрктөрдүн Нихал деген жазуучусунун китебин Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков которгонун айтты. Түрктөр паспортторуна “түрк жараны” деп жазышарын, мунун маанисин Түркияда жүрүп түшүнгөнүн, көрсө, “түрк жараны” деп жазса Түркияда жашаган башка элдер өзүнчө автономия сурай албай каларын, ошондуктан кыргыздар да паспортуна “кыргыз жараны” деп жазыш керектигине ынанып келгендигин түшүндүрдү.

“Вечерний Бишкек” гезити “Кара ишемби” деген макала басып, 27-августтагы каргашалуу өрт тууралуу эске салды. Бөөдө кырсыктын курмандыгы болушкан кырчындай кыз-келиндерибиздин жаткан жерлери жайлуу, топурактары торко болсун дейли. Аталган гезиттеги журналист Ольга Дядюченконун “Канга сиңген дарттын дабаасы жок” деген макаласы Бишкектин Свердлов райондук соту тарабынан 7 жылга кесилген Нурлан Мотуевге, анын балдар менен күнөөсүз адамдардын башын кесип, атып, өрттөп, жок кылып келаткан башкесерлердин бандасынан куралган ИГИЛдин катарына ачык чакырык салып келаткан ишмердиги кантип аягына чыкканын жазды.

XS
SM
MD
LG