Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:38

"Эртең кеткенден кийин мен өзүм сүйлөшөм”


Текебаев менен Атамбаев.
Текебаев менен Атамбаев.

Шаршембидеги кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

Бүгүн жарык көргөн “Майдан” гезити өмүрдөн эрте кеткен журналист Айзада Абазованын “Кичинекей үйдөгү чоң бакыт” аттуу аңгемесин, таланттуу акын Тургунбай Эргешовдун жана жакында дүйнө салган өзбек президенти Ислам Каримовдун “Өлсөм жаназамды булбул окусун” деп ыр менен калтырган керээз катын жарыялады. Каримовдун ырын кыргызчага Айнагүл Базарбаева которгон. Гезиттин өз кабарчысы Алишер Токсонбаев макаласын “Алайда кооптуу жайларда жашагандар дагыле көчпөй жатышат” деп атаса, Шамил Карабала уулу макаласын "Башмыйзам тартышы: элди алдоонун гана жолу болуп калдыбы?” деп атады. Баткендин алгачкы губернатору Мамат Айбалаев “Жеке амбицияны токтотуп, Өзбекстандын жаңы бийлиги менен мамилени түздөш керек” деп маектешти. Аталган гезит “”Ата Мекен” фракциясынын депутат Өмүрбек Текебаевдин “Батукаев боюнча изилдөөнү токтотпосок, мародерчулук боюнча ишти козгошорун эскертип, коркутушкан” деп маек берип, Атамбаев президент болуп шайланганда “Ата Журттан” арылып, революциячыл партиялар менен коалиция түзгүсү келгенин, бирок Келдибековго эч ким каршы чыгалбагандыктан, аны кызматтан “Ата Мекен” партиясы кетиргенин, ошол убакта түрмөдө олтурган Юсупов дегендин катын Келдибеков 1-жолу парламентке жана массалык маалымат каражаттарына таратканын эске салып, мародерчулукка байланыштуу деп иликтенип, буга чейин белгилүү болгон окуяларга кеңири токтолуп, кечээ жакында теледен чыгып: “Атамбаев 5 жыл издедиң, дагы бир жылың калды, тап, таппасаң эл алдында уят болосуң, эртең кеткенден кийин мен өзүм сүйлөшөм” дедим. “Өзүм сүйлөшөм” дегеним, баягы “жасалма далилдерди жасайбыз” деген Качкынбаеви, Рысалиевдеринин кылган иштеринин баарын козготом” деп айтканын жарыялады.

“Багыт” гезити бүгүнкү санын “Конституцияны казасыңар, калдырай баштады го, калбырыңарды кайда катасыңар?” деген коллаж менен ачты. Баратбай Аракеев “Бу бийлик мөөнөтүндө кетет” аттуу макаласында “Кандай айтсак да Атамбаев Акаев менен Бакиев алып келген наалатты алып келген жок, байлыкты талабады, дүкөндөрдү талкалатып, элдин ырыскысын тонободу, туугандарына бийлик бөлүштүрбөдү, жигиттиктен тайбай, айтчусун айтып жатат. Ооба Атамбаевде да жаза басуулар аз эмес. Мисалы, кадр тандоо маселесинде бир топ жаңылыштыктарды кетирди. Сөз кыскасы, азыркы бийлик мурунку бийликтерге караганда элге алда канча жакын болду. Демек бу бийликти көңтөрөбүз деген тилек элдики эмес, кызмат тийбей, качан болсо бийликке жетсем деп жүргөндөрдүкү” деп жазды.

Журналист Үсөн Касыбеков макаласын “Мыкчыгер чиновниктер жана алардын “көр казуучулары” деп атады. “Багыт” басылмасы “Коомчулуктун пикири: улуттук кызыкчылыкка каршы келген Конституцияны өзгөртүү керек!” деген баштеманын алдында илим докторлору Бекбосун Бөрүбашевдин, Кайрат Осмоналиевдин, саясатчылар Бакыт Бакетаев, Феликс Кулов, Топчубек Тургуналиев, Рыскелди Момбеков, Бейшенбек Абдыразаков, Алмазбек Батырбековдун ойлоруна орун берди. "Легендарлуу парламенттин" төрагасы Медеткан Шеримкулов Башмыйзам боюнча пикирин: -41-берененин 2-пункту, өзгөчө акыркы абзацы чындыгында биздин эгемендигибизге белгилүү бир коркунучту туудурат. Эгерде биздин Жогорку Соттук органдар ишти карап, тиешелүү чечимди кабыл алган болсо, эл аралык уюмдар тарабынан айтылган сунуштар жана пикирлер биз үчүн буйрук болбошу керек. Биз деген суверендүү мамлекет болуп саналабыз,-деп айтты.

Мурат Мусакеев макаласын “Кылмыш мөөнөтүн эскиртүүдөн корккондор жана Кыргызстандын эркин болушун каалабагандардын биримдиги–Кониституцияны өзгөртүүгө каршылар” деген ат менен сунуш кылды. Макала “Мародерлордун корккону эмне?, “Равшан Жээнбековдун коркок-билиши белгилүү”, “Кыргызстандын эркин болушун каалабагандар кимдер?” деген кошумча темалардан турат. Экс-депутат Нарынбек Молдалиев “Мындай аракеттер бийликке да, оппозицияга да аброй алып келбейт” деген ат менен кыйла жүйөлүү маек курду. “Министр Эльвира Сариева мамлекеттик тилге каршыбы?” деген ат менен Билим берүү Академиясынын кызматкерлеринин кайрылуусу басылды.

Жаңы чыккан “Көк асаба” гезити саясат таануучу Жыргалбек Касаболотовдун макаласын тартуулады. Автор анысын “Улутка зыян келтире турган вирустар” деп, 1-вирус-адам укуктары, 2-вирус-орус тилинин расмий статусу, 3-вирус, кош жарандуулук нормалары, 4-вирус-жерге карата жеке менчик, 5-вирус-өлүм жазасынын жоктугу, 6-вирус-Курултай институтунун жоктугу деген бөлүкчөлөргө бөлүп түшүндүрдү. Чыныбек Капарбек уулу Көчмөндөр оюндарындагы керемет көрүнүштөрдүн далдасындагы кетирген кемчиликтерибизди санап чыкты.

“Вечерний Бишкек” гезити жаңы санын “Экс-премьердин уулунун шпиондук иши” деген макала менен ачты. Анда кезинде өкмөттү башкарган Амангелди Муралиевдин уулу Алтынбек Муралиевдин иши тууралуу баяндалат.

XS
SM
MD
LG