Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:36

Ак батаны Ат-Башы баштады


Бейшембидеги кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

Эгемендиктин алгачкы жылдарында мал киндиктүү Ат-Башыда бир койду кытайдын бир бөтөлкөсүнө алмашып калган күндөр болгон. Чынында эл агезде кантип жашарын билбей алдастап турган кез эле. Эми андан бери 25 жыл өтүп, эл оңолуп, жашоо-турмуш кадимки калыбына келгенин ушундан билиңиз, “Ассалам” деп аталган кайрымдуулук фондунун жетекчиси Нурмухаммед Миңбаев деген атбашылык жигит Кара-Булуң айлында Курман айтты өзгөчө өткөргөнүн, курмандыкка чалынган 200 койдун этин элге тараттырып, ат оюндарын өткөрүп, улак тарттырып, жеңгендерге 5 жеңил автомашина байге тартуу кылганын, айтка сыйлуу конок катары барган Чубак ажы Жалилов суктанып, мындай Курман айтты керек болсо бүтүндөй Орто Азияга жайылтса боло тургандыгын айтканын, Ат-Башыда эзелтен салттуу дин менен эриш-аркак жашап келген ата-бабаларыбыздын каада-салтын жаштарга жайылтуу максатында жүргүзүлгөнүн бүгүн жарык көргөн “ПолитКлиника” гезити жазып чыкты.

Ошол айт майрамынын алдында эле атбашылык дагы бир Курманбек Жакыпов аттуу жигит бир бээсин союп, кыргыздын жолдорунда мындан ары бөөдө кырсык болбосун, кыргыздын жолдору аркылуу жалаң гана жакшылыктар өтүп турсун деп, Бишкек-Торугарт жолуна атап түлөө өткөрүп, жолчуларга акчасы менен эт тараткан болчу. Дүйнөнү дүңгүрөткөн көчмөндөр оюнунан кийин элибиздин пейили оңоло баштады, Кудайдан жалаң жакшылыкты, тынчтыкты тилеген элибиз оңолуу жолуна чыкты деп карыларыбыз ыраазы.

“ПолитКлиника” гезити андан ары “Коррупция тууралуу билдирсең, ошол акчанын 30 пайызы сеники болот” деген жана “Көп аял алууну мыйзамдаштыруу муктаждыкпы же жеке кызыкчылыкпы?” деген ой-пикирлер топтомдорун жарыялады.

“Азия ньюс” гезити жаңы санын саясый серепчи Сабыр Муканбетовдун “Чынында “Теке” болбосо, “Кабылан” мындай даражага жетмек эмес” деген Сурат Жылкычиевге берген маеги менен баштады. КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун маеги “Коалиция тараган сайын туруктуулукка доо кетет” деген ат менен жарык көрдү. Калыгул Бейшекеевге берген маегин Кеңешбек Дүйшөбаев “Атамбаевдин колунан келсе, мени эчак эле камамак” деп атап, убагында Бакиевден коркпогон генерал өзүлөрү бийликке алып келген Атамбаевден коркпой тургандыгын, аны каралаган кептердин баары жалгандыгын, ал өзү Атамбаевден да, башкалардан да бир тыйын акча албаганын айтты.

“Азия ньюстун” бул санынан “Акылбек Бекчороевдин “Текебаевди кимдер сары улактай садагага чапканы турушат?” деген, Адахан Мадумаровдун “Тойго барбай койсоң болот, а батага сөзсүз бар” деген, Оштун мэри Айтмамат Кадырбаевдин “Сүйүн Өмүрзаков экөөбүз саясый дос эмес, акыреттик достордонбуз” деген, Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси Жаныш Рустенбековдун “Келерки президенттикке Сапар Исаков татыктуу” деген, Сурат Жылкычиевдин “Мелис Эшимкановдун арабыздан кеткенине 5 жыл болду” деген, Дайырбек Орунбековдун “Мени ОБСЕ колдойт” деген, Эрик Жунусовдун “Роза Отунбаевага экс-президенттик наамды бердик, а неге Ишенбай Кадырбековдон кызганабыз?” деген, журналист Зулпукар Сапановдун “Кыдыр Кудай! Дүйнөнү кул кылган шайтан!” деген макала-маектерин окуйсуздар.

“Асман плюс” гезити да жарык көрө баштады. Бүгүнкү санын “Ажобузга 60” деген куттуктоо менен ачты. Жылуу сөзүн арнаган басылма: “Президентибиз Алмазбек Атамбаев 5 жылдан бери карай кандай кызмат аткарганын санап олтурбай эле мамлекетибизге тынчтык орнотуу менен Бүткүл дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын аалам суктангыдай даражада өткөрүп бергендиги үчүн, кыргыз элинин кандай эл экендигин дүйнөгө тааныткандыгы үчүн эле чексиз ыраазылыгыбызды билдиребиз!” деп жазылган. Белгилүү журналист Бөкөнбай Боркеев “Койчу көп болсо” деген макаласы аркылуу Башмыйзамды өзгөртпөө керек деп жаткан Өмүрбек Текебаевдин түпкү ою кандай экендигин сынга алды. Тележурналист Нарынбек Күрөңбаев өзүнүн тажырыйбасы менен ой бөлүштү. Жазуучу Чолпон Субакожоева 40 китебин жарыкка чыгаргандыгы үчүн жазуучулар союзунун “Алтын калем” сыйлыгы менен сыйланды деп белгилеген гезит, автордун “Манас таануу” китебиннен үзүндү жарыялаганга өттү. Улан Орозбаевдин “Дин таркалган жерде түпкүлүктүү элдин маданияты, салты, тили, дили жоголууда” деген макаласы жарык көрө баштады.

XS
SM
MD
LG