Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:11

Бир машинанын номуру - бир үйдүн пулу, мына акча


Кымбатбаа номур.
Кымбатбаа номур.

Апта соңундагы кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

“Эркин тоо” гезити президент Атамбаевдин карыларды Эл аралык күнү менен куттуктоосун басты. “Кыргыз туусу” гезити Москвада дарыланып жаткан президенттин саламаттыгы жакшыргандыгын, Алмазбек Атамбаев ушул жуманын аягында ооруканадан чыгарын, ал арада Кытай эл республикасынын президенти Си-Цзиньпин кыргыз президентинин тезинен сакайып кетишин каалаган тилегин жөнөткөнүн кабарлады. Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулунун “Атанын керээзи” аттуу фильми Оскар сыйлыгынын “Мыкты чет элдик тасма” номинациясына кошулуп, алгачкы тизмеге илингенин, тандап алуу үч күндө аяктарын маалымдады. Гезиттен Конституцияны өзгөртүүнү жактыргандардын ойлорун, “Манас” менен “Маш ботой” Вашингтондо жаңырганын, журналисттер Болотбек Таштаналиевдин “Кан жана тер менен келген 637 млн. доллар” деген, Мырзакат Тыналиевдин “Далдалчыларбы же алдамчыларбы?” деген, Жыпар Исабаеванын “1-сентябрь менен 20-сентябрь: кандай айырма бар?” деген макалаларын окуйсуздар.

“Супер инфо” гезити бул санын балдарды интернет зыян кылчу көрсөтүүлөрдөн кантип коргоонун жолдорун сунуш кылган кеп-кеңештери менен ачты. Сиздер интернеттин баасы өзгөрбөгөнүн, акчасы батпаган бир бай машинанын номурун бир үйдүн пулуна сатып алганын, ыр талашкан ырчылардын ой-пикирлерин, саясатчы Эмил Каптагаевдин “Референдум өтсө мамлекет утулат, эл утулат, ошол эле Атамбаев утулат” деген маегин жана башкаларды окуйсуздар

“Фабула” гезити жаңы санын “Учурда Башмыйзам эмес, мародерлук башкы темага айланды” деген макала менен ачты. “Камактагыларды коргойбуз дешет” аттуу чакан макалада айтылган жүйөлүү ой мындай, көп учурда, “Бийлик деген коррупция менен күрөшпөй жатат, жеп-ичкендерди жазалабай жатат, жазалоодон коркуп атат” деп сүйлөгөндөр барын, анан ошондой чектен чыккандарды, жеп-ичкендерди, өлкөнүн тынчтыгын бузгандарды жазалай баштаса, “бийлик ак жерден куугунтуктап жатат” деп, каяктагы бир коргоо комитет дегендерин түзүп ызы-чуу сала баштарын белгилеп, мунун мисалы катары бийликти күч менен басып алууга шектелип камалган Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Дастан Сарыгулов, Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Марат Султанов, Александр Гусев, Тойгонбек Калматовдорду коргоо комитети түзүлүп, өзүнчө эле шоу башталганын, албетте бул өңдүү коргоо комитет дегендер камалгандардын үй-бүлөлөрү менен куда-сөөк, жакындарынан башка эчкимдер болбой тургандыгын мисалга алуу менен, “деги ушул “Менин тууганым кылмышкер болсо болсун, бирок камалбасын” деген бет тырмаар адатыбыз качан калар экен?” “ак карасын сот аныктасын” деген түшүнүк качан мээбизге жетээр экен?” деп жазды.

Аталган гезитке Жаркынбек Касымбеков “Турдукуловдун тыңчы экенин укук коргоо органдарына далилдеп берүүгө даярмын” деп маек берсе, Адил Турдукулов: “Карандай калпты айтканы үчүн Жаркынбекти 2 млн. сом доого жыгам” деп маек берди. Саясат талдоочу Токтогул Какчекеев “Атамбаев менен Текебаевдин талаш-тартышынын себеби эмнеде?” деп ойлойсуз деген суроого, негизги себеп мародерчулук, анан бийликке көз артуулар болсо керек деп ойлорун, эми президент келген соң экөөнү жараштырууга аракет кылгандар болорун, бирок президент маселени күч органдары мыйзам чегинде чечсин деп элдешүүгө барбай тургандыгын айтты. “Кылмышкер Кадыржан Батыровду жандаган Төлөйкан Исмаилова менен Азиза Абдрасуловага кандай чара көрүү керек?” деген суроого: “НПОлорду ооздукташ үчүн “чет өлкөлүк агенттер” деген мыйзамды тез арада кабыл алып, НПОлордун мамлекеттин ишине “тыккан баштарын” экинчи тыкпагыдай кылып сууруп салыш керек” деп жооп берди.

“Де-факто” гезити депутат Шыкмаматовдун “Атамбаев менен Текебаевди президенттин тегерегиндегилер кайраштырууда” деген маеги менен ачып, Чыныбай Турсунбеков бүгүн төрагалык милдетин камчы салдырбай так аткарып, парламентти сабырдуулук менен башкарып жатканын белгиледи. Президенттин аппарат башчысы Фарид Ниязовдун макаласы "Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумдар ортосундагы аралык биринчи ирет 6 жылга созулду” деген ат менен жарык көрдү. “Де-факто” ошону менен бирге эле “Саякбай” деген ат менен кино тартылып жатканын кабарлап, фильм жөнүндө эки беттен турган сүрөттүү баянды тартуулады. “Сезим” кризистик борборунан Гүлмира Үмөталиеванын “Аялды кор тутсаң үйүңдөн кут качат” аттуу макаласы басылды.

“Вечерний Бишкек” гезити жаңыра турган октябрь айы деле жылуу болорун кабарлады. Гезиттен Александра Василькованын “Теке ата өрдөктөрүн кантип учурду, а Каптагаев кантип жардам берди” деген макаласы да бар.

XS
SM
MD
LG