Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:57

Бейшембидеги кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

“Азия ньюс” гезитинин кабарчысы Сурат Жылкычиев окумуштуу Ишенгүл Болжурова менен “Дааватчы сакалчандарды, хижап кийгендерди жана өспүрүмдөргө намаз окуганды токтотолу” деп маек курду. Ашкере диндешүүнү бүгүн токтотуп калбасак, эртең бейиштей болгон кыргыз жери согуш талаасына айланып каларын, жараты акырындап айыгып бараткан Тажикстандын бир эли кечээ жакында эле диний фанаттыктын айынан экиге бөлүнүп кырылышып, бир журт бир журттун канын төгүп, энелердин көз жашы көл болгонун эскерткен кыргыздын кызы Ишенгүл Болжурова эгемендик дегендин келиши менен Кыргызстан Улуу державалардын пешкасына айланып, бир жагынан америкалыктар, экинчи жагынан түрктөр, орустар, үчүнчү жагынан ислам өз идеяларын кийирип, жаштар үч-төрт, керек болсо андан да көп багытка бөлүнүп калганын, арабдар араб тилин үйрөтмөйүн өз үстөмдүгүн жүргүзө албастыгына көзү жеткенден кийин эми бакчадагы балдардан бери куранды күч менен үйрөтүп жатканын, Акаевдин тушунда мектептен мечит көп салынганын, динчилдер акыры Орто Азияга байыркы “ислам халифатын тургузабыз” деген саясатын күчкө салуу менен таңуулап жатканын, Өзбекстан Кыргызстандан айырмаланып, маркум Ислам Каримов мечит курууга, кыз кишиге хижап кийгизүүгө, өз элинин кийимин самсаалаган пакистан дамбалына алмаштырууга, чубалган сакал коюуга катуу тыюу салуу менен өлкөсүн өз наркы, өз салты менен кармап келгенин, а биз болсок демократия деген ураан менен уугуп, “башы жок бака, көзү жок көгөнгө” айланып, дүйнөгө өз тилибиз, өз кийимибиз, өз каада-салтыбыз бар улут катары көрүнүп, башка өлкөлөр менен тең ата сүйлөшө алабызбы дегендин ордуна ким акча берсе ошонун идеологиясын жүргүзгөн кулга айланып баратканыбызды каңырыгы түтөп туруп айтты. Ишенгүл Болжурова ошону менен бирге эле ушинтип өчүп бараткан кыргызды бир силкинтип, эсине келтирген, рухту ойготкон өтө мыкты окуя “Көчмөндөр оюну” болгонун, кыргыздын анык жолу ушул өзөктө жатканын белгиледи. Ал ошондойле эки ирет Бириккен Араб өлкөлөрүндө болгонун, эл аралап, базар аралап, шейхтери менен сүйлөшкөнүн, алардын эч бири ээгин биздикиндей самсаалаган сакалга бастырбайле, татынакай кийинип жүрүшкөнүн, ал эми алакандай кыргыз алты-жети идеологияга ажырап, бөлүнүп баратканын, минтип олтуруп “ливандашып” кептегейлек деп коркуп турганын, бүгүн мамлекет ушул жагын ойлонуп, туура багытка бурулбаса, бир аз жылдан кийин өтө кейиштүү кесепетке кез болорубузду билдирди. Ишенгүл айымдын карандай чындыкты жазып, аял катары, эне катары зар кагып айткан сөзү ар бир кыргызмын деген адамдын жүрөгүн сыздатып, мээсин ойлонтуш керек деп ойлойбуз.

“ПолитКлиника” гезити белгилүү журналист Султан Жумагуловдун “Кыргыз-өзбек: түбөлүгү түзбү?” деген макаласын басты. Автор адегенде көп ишенбей, “Чын эле ушундай болдубу, Өзбекстан чегарасын ачтыбы?” деп Оштогу кесиптеши, журналист Эрнис Нурматовдон сураганын: “Чын ниетинен экен агай, мен аябай таасирлендим, акими да, акыны да, карапайым калкы да, бүт баары жыргап, кубанып жатышат. Өзбекстан Кыргызстандагы чегарасын ачыптыр дегенди укканда өзбек туугандарым ыйлап жибериптир” дегенин мисалдап, өзбек элинин колунан көөрү төгүлгөн дыйканчылыгын, “таш менен урганды аш менен ур” деп кыргыздар бекер айтпаганын, “аялың менен ажырашсаң дагы Кудай кошкон коңшуң менен ажыраша албасыңды” кеп кылып, эзелтен бир туугандык ымаласы бар Борбор Азия эли, бүгүнкүдөй ыймансыз катаал заманда ынтымагын күчөтүп, ыйманын ынтымагына жууруп, жаман нерселерин биргелешип жоюп, жакшылыктарын биргелешип даңазалап, карым-катышты күчөткөн жолго түшсө ар кандай азыткы агымдар, бузуку кара ниеттер өтө алгыс чепке, өнүккөн, гүлдөгөн Борбор Азияга айланарын, келечеги кең болорун кубануу менен жазды.

“Де-факто” гезитине ушул жылдын 4-октябрында үч кылымдык тоюн белгилеген Ош шаарынын бай тарыхына арналган эки беттен турган сүрөттүү баян “Сактасын суук көздөрдөн, садагам Оштой жеримди” деген ат менен жарык көрдү.

“Ачык сөз” гезити акын Токуш Чолпонбаевдин “Москва таасирлери” деген ыр түрмөгүн, белгилүү жазуучу Тойчубай Субанбековдун “Мамык кандын ажайып түшү же чөккөн көңүл чалкыганда” аттуу сандан-санга жарыяланып келаткан романынан үзүндүнү, журналист Алымжан Молорбаевдин “Тагай абанын турмуш жолу туурасында” деген, белгилүү жазуучу жана адабиятчы Самсак Станалиевдин улуу Токтогул тууралуу баяндарын, Улукшердин Азиза Абдрасулова менен Төлөйкан Исмаилова тууралуу “Кыргыздын далысына бычак сайгандар” деген макаласын басты.

“Ачык сөз” гезитинин бүгүнкү санында айтылуу адабиятчы, филология илимдеринин доктору, профессор Садык Алахандын “Жайсаңчылар–ички душмандар” аттуу үч жарым беттен турган көлөмдүү макаласы жарык көрдү. Анда Бүбү Мариям деген атты алып жүргөн Майрамбүбү Саргалдакова жана ал таратып келаткан “Айкөл Манас” аттуу китеп жөнүндө кенен кеп болот.

Гезитте “Капаров Кадыржан Батыровдун актоочусубу?” деген макала да бар.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG