Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:38

“Атамбаев кандай китептерди басып чыгарган?”


Гезиттеги макала.
Гезиттеги макала.

Бүгүн “Фабула”, Мантыш”, “Вечерний Бишкек” гезиттери жарык көрдү.

“Фабула” гезити бүгүнкү санын “Мадумаров Кремлге кире албай жүрөбү?” деген баштема менен ачты.

“Атамекенчи” депутаттарга кылмыш ишинин козголушун саясый куугунтук деп атоого болобу?” деген ат менен бир топ адамдардын ойлоруна орун берилди.

Генерал Ашырбек Бакаев:- Саясый куугунтук дегенди ар ким өзүнүн деңгээлине жараша баа бериши мүмкүн,-деп, депутат Анвар Артыков:- Мен саясый куугунтук деп эсептебейм,-деп, укук коргоочу Динара Ошуракунова:- Мен муну саясый куугунтук деп эсептейм,- деп, Ош шаарынын тургуну Абдишарип Бекилов:- Бизде бир бүдөмүк ой жаратып, шек пайда болуп, аны күч органдары териштире баштаса эле “саясый куугунтук” деп баштайбыз. Карапайым адамдардын укугу жөнүндө кеп да болбойт,- деп, “Замандаш” саясый партиясынын теңтөрагасы Жеңиш Молдокматов:- Азыркы учурда бийлик менен кармашып келаткан парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары болгондуктан, аларга карата козголгон кылмыш иштер коомчулукта саясый куугунтук катары кабыл алынууда. Калыстык үчүн айтсак, 120 депутаттын көбүнө кылмыш иштерин ачса болот деген сөздөр да эл ичинде бар. “Калк айтса калп айтпайт” дейт, ошондуктан ар бир адам чоң-кичинесине карабай мыйзам алдында бирдей болсо жакшы болмок,- деп жооп беришти.

“Фабуланын” бүгүнкү санына “Атамекенчилерди” 6 жылда 2 млн. долларга байыткан жер баяны” деген макала жарык көрдү. Макалада талап-тоноочулуктан басып алууга чейинки жол тууралуу кеп болот. Рысбек Качкеевдин эл артисти Улукмырза Полотов тууралуу баяны “Улуу устат” деген ат менен жарык көрдү.

“Мантыш” аттуу гезит бул санын “Самаковго карата жасалып жаткан мамиле–бүтүндөй кыргыз элин тизеге чабуу менен барабар” деген макала менен ачып, Карганбектин “Манас” эпосун ЮНЕСКОго каттатуудагы эмгеги тууралуу жазып чыкты.

Нургазы Атймырзаев макаласын “1990-жылдары Алмазбек Атамбаев кандай китептерди басып чыгарган?” деп атаса, Канат Алимбаев макаласын “Өмүрбек Текебаевдин Кипрде Курманбек Бакиев менен жолугушуусу боюнча аудио жана видеожазуулар барбы?” деп атады. Ал эми Руслан Замирбек уулунун макаласы “Жубайынынын бизнесин “гүлдөткөнү” ашкереленген Шыкмаматовго кылмыш иши ачылды?” деген ат менен жарык көрдү.

Катаган Саяков аттуу автордун “Иттин өлүгү “Ата Мекендин” короосуна көмүлгөнбү?” деген, Каныбек Кадыралиевдин “Исландыктардын кыргыздарга жакындыгы” деген, Элмира Султанмурат кызынын “Инфарктка кабылуу– майып болду деген өкүм эмес” деген макалалары бар.

“Вечерний Бишкек” гезити Александр Тузовдун президент Алмазбек Атамбаевдин Европадагы иш сапары тууралуу макаласын окурмандарга тартуулады. Евгений Денисенконун Москвадан жазган макаласы “Өкмөттүн атынан” деген тема менен жарык көрдү. Бермет Маликованын баяндамасы “Жогорку Кеңеш кандай болуш керек?” деген ат менен жарыяланды. Нина Ничипорова ушул эле гезитте наристелердин коопсуздугу тууралуу сөз кылды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG