Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:29

“Раим миллион” сырын ачтыбы?


Бүгүн “Азия ньюс”, “ПолитКлиника”, “Ачык сөз” гезиттери жарык көрдү.

“Азия ньюс” гезити “Табышмактуу Райым Матраимов сырын ачты” деген макала менен ачып, эки беттен турган маегин басты. Нариман Түлеевдин “Алмазбек Шаршенович, сиз менин дагы президентимсиз, бизге карата бийликтин ыплас саясатын токтотуңуз!” деген аталыштагы маеги да ушул эле басылмада жарыяланды.

Адвокат Улан Жумаев “Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны эртерээк мыйзам талаасына түшүүгө чакырабыз!” десе, Сурат Жылкычиев макаласын “Жети жылдан берки жер талаштын чуусу” деп атады. Динар Турдугулованын макаласы “Атамбаев Назарбаевге, “Ата Мекенге” болгон ызасын Европадан барып айтып алды” деген ат менен жарык көрдү.

Академик Кулубек Бөкөнбаев маегин “Темир Сариев эстүү, салмактуу саясатчы” деп атап, шайлоодо аны колдой тургандыгын билдирди. Саясатчылар Аликбек Жекшенкуловдун маеги “Шайлоого жакындаган сайын бийликтин таасири жоголот” деп аталса, Аида Салянованын ангеме дүкөнү “Бул жашоодо эң биринчи апама ишенем” деп аталды.

Жазуучулар Дүйшөн Керимов менен Сагын Акматбекованын кара сөз менен жазылган “ырлары”, Жамила Нурмамбетованын эки аңгемеси, илимдин доктору, профессор Жолборс Жоробековдун “Кемелдин “галошу” же дагы бир жолу түндүк-түштүк маселеси” аттуу эки беттен турган көлөмдүү макаласы басылып чыкты. Гезит “Залкарлардын күндөлүктөрүн барактап...” деген аталышта Байдылда Сарногоев менен Ашым Жакыпбековдун күндөлүктөрүн барактады. Гезиттин акыркы бетинде “Миллион долларга сатылбаган баатыр ага баяны” деген макалада Аксынын Дейрес айлындагы Бакыт Узенбаев жөнүндө баяндалат.

“ПолитКлиника” гезити белгилүү ырчы Самара Каримованын “Атам мени “кара жөжө” деп эркелетет“ деген маегине орун берди. Жумагүл Барктабасованын макаласы “Милиционерлер кыйнап, кылмышты мойнуна алдырабыз дешкен” деген ат менен жарыяланды. Гезиттен Орозбек Дүйшеевдин “Жер казынасы боюнча мыйзамды либералдаштыруунун максаты эмнеде?” деген, Жеңиш Айдаровдун “Майыптардын эмгекке болгон укугун ким талашат?” деген, Жазгүл Жекшенованын “Полиглот болуу оңойбу?” деген, Гүлшайыр Сабырбекованын “Чет өлкөдө окугуңуз келеби же чоң компанияга жумушка орношом дейсизби? Анда биз менен мотивациялык кат жазууну үйрөнүңүз” деген макалаларын окуйсуздар.

Ушул эле “ПолитКлиника” гезити белгилүү журналист, таланттуу сатирик жазуучу Султан Ак Торпоктун “Кантип президент болбой калдым?” деген чыгармасын жарыялады. Ошондой эле Мамлекеттик салык кызматы Өмүрбек Текебаевдин, Аида Салянованын, Алмамбет Шыкмаматовдун жакындарынын 2005-жылдан берки төлөгөн салыктарын текшергени жатканын, президенттин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиев жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 15 миң сом айып төлөгөнүн, мыкты иштеп жаткан “Учкун” акционердик коомунун жетекчиси Орозбек Нусубалиевди кызматынан алып салганы таң калыштуу болуп жатканын кабарлаган маалыматтар менен таанышып, Айгүл Бакееванын “Мураскер ким болот?” аттуу макаласын окуйсуздар.

“Ачык сөз” гезити бул санын “Убактылуу өкмөткө убал жок” деген баштема менен ачып, бул тууралуу журналист Жора Сулаймановдун макаласын тартуулады. Гезитке президент Атамбаевге, Жогорку Кеңештин төрагасы Турсунбековго, өкмөт башчысы Жээнбековго 600дөн ашуун адамдын колу коюлган кат жарыяландып, катта Тайырбек Сарпашовго жүйөөсүз күнөөлөр коюлуп жатканы, ал таза, ак иштеген мыкты жетекчи болгону жөнүндө сөз болот.

Ушул эле басылмада Токтогул шаарынын мэри Марат Калмурзаевдин “Элдин талабын аткарууга бүткүл күчүбүздү жумшайбыз” деген маеги, жазуучу Абдиламит Матисаковдун 60 жылдыгына карата акын Алик Акималиевдин ага арналган ыры, “Жетиген” журналынын башкы редактору Абдиламит Жумашевдин Абдиламитке арналган макаласы, манасчы Жаңыбай Кожек уулу тууралуу баян, профессор Садык Алакандын эне тил тууралуу макаласы, акын Бактыгүл Чотурованын Бек Борбиев тууралуу “Эл сүйгөн эрке ырчы” деген макаласы басылды.

Жазуучулар союзунун төрагасы, эл акыны Акбар Рыскуловдун таланттуу сөз чебери, жазуучу Абдымамбет Сариев тууралуу макаласы басылып чыкты. Автор айрым акындар “Мен 2-Байдылдамын, мен, 2-Алыкулмун” деп жүрүшкөнүн, бирок Алыкул менен Байдылдадан кийин 2-болуштун эмне кереги бар, ал эми Абды Сариев өз алдынчалыгын туу кылган жазуучу экенин белгиледи.

Бул санда адаттагыдай эле таланттуу романчы Тойчубай Субанбековдун жаңы жазып бүткөн романынан үзүндү басылууда. Республиканын эмгек сиңирген экономисти Талапбек Сегизековдун Мелис Абдылдаев жөнүндө макаласы да жарык көрдү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG