Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:33

Гезиттердин жалгыз суроосу менен темасы


Бишкек, "Ала-Тоо" аянты.
Бишкек, "Ала-Тоо" аянты.

Бүгүн “Майдан”, “Фабула”, “Мантыш”, “Вечерний Бишкек” гезиттери жарык көрдү.

“Майдан” гезити “Текебаевдин камалышы–3-революцияга алып келиши мүмкүнбү?” деп суроо салды.

Журналист Ырысбек Өмүрзаков: - Текебаевдин камакка алынышын ойлонуп көрсөм, балким, Атамбаев Путинге күчүн көрсөтүүнү максат кылгандыр,- деп, активист Айбек Бусурманкулов: - Эгер бул акмакчылыкты токтотпосок, эркиндик жана адилеттүүлүк деген ыйык түшүнүктөргө чоң коркунуч туулат, - деп, “Кырк чоро” кыймылынын мүчөсү Замир Көчөрбаев: - Өлкөбүздө саясый-олку-солкулуктар күчөйт, - деп, журналист Бейшенбек Бекешов: - Текебаевдин камалышы Атамбаевдин бийлигинин аякташын тездетет, - деп, жарандык активист Рита Карасартова: - Бул Орусиянын шайлоо алдындагы биздин саясый аренаны өзүнө ылайыктап тазалоо деп айтсак болот, - деп, жазуучу Чолпонбек Абыкеев: - Эл Текебаевди күч менен сууруп алат,- деп, адвокат Райымкул Касымбек уулу: - “Ата Мекен” партиясы азыр 2005-2010-жылдардагыдай күчтүү эмес. Эгерде “Ата Мекен” мурдагыдай болгондо Таласта миңдеген эл обладминистрациянын жанында митинг өткөрүп турмак, - деп, журналист Замира Сыдыкова: - “Ата Мекендин” жактоочулары Отунбаеваны “Эл баатырына” көрсөтүштү. Ал алардын штабын башкарат экен. Бирок мен алар “эл күткөндөй иш алып барат” деп ишенбейм. Анткени алар 2010-жылы элди алдашкан, колдорунан эчтеке келбегенинен мамлекет ушундай абалга кептелди, - деп, жазуучу, журналист Олжобай Шакир: - Бул чоң олку-солкулуктарга апкелиши мүмкүн,- деп, эксперт Максатбек Казакпаев:- Бийлик адилеттүүлүктү, тынчтыкты кааласа, элге артын салбай, талаптарды угуусу керек,- деп жооп беришти.

“Фабула” гезити Алмазбек Темирбек уулунун “Акыры чындык жеңет, чагымга алдырбайлы” деген макаласы менен бүгүнкү санын ачты. “Фабула” дагы “Текебаевдин камалышы өлкөдөгү саясый абалды курчутушу мүмкүнбү?” деп суроо салды. Коомдук ишмер Алмазбек Акматалиев: - Маевскийдин үстүнөн кылмыш иши ачылышы керек. Ал түздөн түз пара бергемин деп жатат. Кыскасы, мындай учурда Текебаевдин жактоочулары эмес, саясый реваншисттер эң опурталдуу. Алар жагдайды курчутуу үчүн эч нерседен аянбайт, - деп, депутат Уларбек Жылкыбаев: - Мен Текебаевдин камалышын саясый куугунтук деп эсептебейм,- деп, активист Асейин Саралаев: - Мен саясатчы сөрөйлөрдөн эки жылдан бери сотто сүйрөлгөн Карганбек Самаков агабызга мыйыгынан карап күлүп турганда эле түңүлгөм. Буларга бийлик гана керек! Булардан пайда жок! Алданбагыла! - деп, саясый серепчи Алга Кылычев: - Өмүрбек мырза Башмыйзамдын атасы катары мыйзамды сыйлап, коррупционер же мародер эместигин сотто далилдеши керек,- деп, коомдук ишмер Орозбек Молдалиев:- Абалды курчутууга умтулгандар аз эмес,- деп, Мээрбек Мискенбаев: - Мискенбаев кыргыз элин экиге бөлүп жатат деп айтып келишкен. Эми Текебаевди колдоп митингге чыгып жаткандар элди бөлбөй жатабы? Элге тынчтык керек. Текебаев камалсын. Ал саясатчы эмес, мародер,- деп, экс-депутат Акматбек Келдибеков: - Мен элди колдойм. Мыйзамсыздыкты колдой албайм. Бирок мындай мыйзамсыздыкты ким баштады эле? Эмне үчүн “Ата Журттун” он депутатын камап, мыйзамсыз иш алпарды эле? Салянова кылмыш 5-6 жыл мурда жасалды дегенге да карабай камай баштаган. Мына эми жыйынтыгын көрүп жатышат, - деп жооп берди.

Республиканын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бөкөнбай Боркеев “Манасты сактап калган Самаков” деген макаласын жарыялап, автор Карганбектин “Манас” эпосу үчүн жасаган албан иштерин санап келип: “Самаков менен саламдашып да көргөн эмесмин, 70 таяган улуу башымды кичик кылып Самаковдун сотуна өзүм келдим. Келдим да, таластык каралагыч прокурор инилерим, силердин буйуртма менен иштеген кара ниет ишиңерди, Медет Садыркуловдун, Геннадий Павлюктун, Ширин Айтматова айткандай, Акмат Бакиевди кантип качырганыңарды жана башка да толуп жаткан “иттигиңерди” угуп, прокурорлорду да темир тордун аркасына алып барчу күн да келер деп топук кылдым. Бир балээ болуп кетелекте Карганбек Самаковго Манас үчүн баатырлыкты, Алмазбек иним, берип койсоң, биз Манастын урпактары аны кылымда бир келчү окуя катары тарых барагына каттап коймокпуз. Карганбек Самаков “Манасты” Атамбаевдин тушунда сактап калган деп кеп калмак”, деп жазды.

“Мантыш” гезити бул санын “Депутат Динара Исаева качан үн катат?” деген, “Мегакомго” Байболовдун дагы тийешеси бар беле?” деген, Өмүрбек Абдрахмановдун “Мен бул боюнча 4 жыл мурун айтып чыккам” деген, акыйкатчы Кубат Оторбаевдин “Кыргызстандын өнүгүшү үчүн туруктуулук зарыл” деген жана “Текебаевдин ишинде саясый боек барбы?” деген баштемалар менен ачты. Ушул эле санга “Өмүрбек Текебаевдин ишине кийлигишүү–тергөө жана сот иштерине кысым көрсөтүү” деген теманын алдында бир катар саясатчылардын ойлоруна орун берилди.

Бүгүн “Вечерний Бишкек” гезити да жарык көрдү.

XS
SM
MD
LG