Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:27

Жаңы гезит жарык көрдү


Гезит окурмандары.
Гезит окурмандары.

Бүгүн "Айгай", "Жаңы ордо", "Де-факто", "Вечерний Бишкек", "Фабула", "Супер инфо" гезиттери жарык көрдү.

Белгилүү журналист Кенжебек Арыкбаев башкы редакторлук кылган "Айгай" гезитинин 1-саны жарыкка чыгып, басылманын бетачары "Ала- Арчада" айтылган чындык же... уурдалган революция" деген макала менен ачылып, ошол 2010-жылдын 7-апрель түнү 14 адам өзүлөрүн "Убактылуу өкмөт" деп жарыялашканын, депутат Искак Масалиев "Жаңы бийликти мыйзам талаасына түшүрүп берели" деген сунушун билдирсе Өмүрбек Текебаев башында турган "мыйзамчылар" Масалиевдин сунушу туура эмес экендигин айтып болбой коюшканынын эске салган макала менен баштады.

"Айгайдын" бул санынан "Чын эле тарап кетпейсиңерби?" деген, "Кошоматка "өгүз" союлду" деген, журналист Кабыл Макештин "Мураскер тууралуу бир икая" деген макалаларын, Абдылда Капаровдун "Айрымдар күндүзү Атамбаевдин камчысын чаап, түндөсү Белорусияда бугуп жаткан Бакиевдин айтканын кылып жатышат" деген маегин жана башкаларды окуйсуздар.

"Жаңы ордо" гезити журналист Кытайбек Рамановдун "Кыргызстан деген мамлекетти жоготуп албайбызбы?" деген,"Кыргызаэронавигацияга" көз кызартып, сугун арткан кимдер?" деген макалаларды, Нариман Түлеев, Албек Ибраимов, Шаршенбек Абдыкеримов тууралуу ой-пикирлердин топтомун, Темирлан Токтоболотовдун "Атамбаевдин кечээки таасирдүү фигуралары бүгүнкү оппозиционерлер" деген, Наралы Асанбаевдин "Бир жыл эмес, жүз жылдык келечекти болжогон лидер" деген макалаларын, экс-депутат Талант Узакбаевдин "Ата Мекен" партиясы бизди пайдаланып, эртеси таштап койду" деген, экс-депутат Садыр Жапаровдун "Мегакомдун" иши боюнча жыйырмага жакын чиновник камалыш керек" деген, экс-депутат Бегалы Наргозуевдин "Мен Жаныш жана Максим Бакиевдер менен эмес, Атамбаев менен чогуу казы-карта жеп олтургамын" деген, Адил Турдукуловдун "Атамбаев азыр кыйынмын деген саясатчыларга караганда эң мыкты оппозиционер болчу" деген маектерин басты.

"Фабула" гезити Рысбек Качкеевдин "Көп кырдуу талант" деген макаласын тартуулады. Анда Кыргыз эл артисти, көп жылдар бою Кыргыз филармониясынын көркөм жетекчиси, Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин башкы дирижеру, "Камбаркан" этнографиялык ансамблинин көркөм жетекчиси болуп иштеп жүрүп эс алууга чыккан, таланттуу композитор жана художник Эсенгул Жумабаевдин чыгармачылык жолу тууралуу баяндалат. Илимдин доктору, профессор Курманбек Токтоналиевдин "Мамлекеттик тилдин идеологиясы" деген макаласы, Ички иштер министринин орунбасары, генерал Курсан Асановдун маеги, Чынайым Кутманалиеванын "Нариман Түлеевдин жана анын туугандарынын мүлкүн конфискациялоого кимдер кызыкдар?" деген суроого ойлор, Мирлан Алымбаевдин "Көк-Сай эли эмнеге нааразы?" деген макаласы, "Дыйкан" базарынын директору Анарбек Сейитказимовдун маеги жана майда маалыматтар бар.

"Де-факто" гезитинен "Ата Мекен" фракциясы "Саясый куугунтук" аттуу пластинкасын кайталап коюу менен Текебаевди эркиндикке чыгаргысы келеби?" деген, "Алиби" жана көк чөп" деген, Салижан Жигитовдун "Кыргыз микроб сыяктуу, кирген жерин чиритет" деген теманын алдында акын жана жазуучу Олжобай Шакир жыйнаган айтылуу Сакебиздин кыргызга күйүп айткан кептери, акын жана драматург Бурул Калчабаеванын маданият тууралуу маеги, Карганбек Самаковдун уулу Аман Самаковдун "Атам Жаныш Бакиев менен дос болсо анын тоюнда жүрөт эле да" деген маеги, Аман Иманалиев тарабынан даярдалган президент Алмазбек Атамбаевдин "Мекенибизди уурулардын, мародерлордун колуна салып бербейли" деген сөзүн баштема кылган макаласы, депутат Төрөбай Зулпукаровдун маеги бар.

"Супер инфо" гезити адаттагыдай эле өнөрпоз жаштардын кызыктуу маектерин тартуулады.

"Вечерний Бишкек" гезити президенттин кеңешчиси Фарид Ниязовдун "Биз же сөз эркиндигин же жалган жалааны тандап алуунун жолунда турабыз" деген маегин, Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Мариповдун окурмандар менен түз байланыш аркылуу берген жоопторун, Бермет Маликованын "Сөз эркиндиги боюнча талаш" деген, Орус драмтеатрынын актрисасы Александра Марусич жөнүндө Анастасия Карелинанын макаласын жана башка кызыктуу макалаларды жарыялады.

XS
SM
MD
LG