Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:41

Депутаттардын сүрсөөлөтү


“Башканы коюп, Манасты айт!” Мына ушул баштема менен жаңы санын ачкан “Кыргыз туусу” гезити ушул жылдын 27-ноябрынан баштап Бишкектин “Дасмия” эс алуу жайында жети күн, жети түн “Манас” айтылып, ага өлкөбүздөгү “мен манасчы” дегендин баары катышканын кабарлады.

Ушул эле "Кыргыз туусу" гезити президент Алмазбек Атамбаев 5-декабрда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Орозбек Молдалиевди кабыл алып, дүйнөдөгү кырдаалды эске алуу менен коркунучтарды болтурбоо, анын алдын алуу боюнча өз маалында чара көрүүнү камсыз кылуу, диний кырдаалга карата мониторинг жүргүзүүнү күчөтүү зарылдыгын белгилегенин жазып чыкты.

4-декабрда Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында “Манас” эпосунун күнүнө арналган жыйын өткөнүн, ага катышкан өкмөт башчы Темир Сариев эмдиги жылдан баштап манасчыларга 10 штат бөлүнүп бериле тургандыгын айтканын, мындан тышкары манасчыларга мамлекеттик деңгээлдеги түрдүү сыйлыктарды ыйгаруу жана акчалай стипендия берүү маселеси козголгонун, акырында “Манас айылы” этнографиялык комплексинде улуу манасчы Саякбай Каралаевдин айкелинин ачылышы болгонун, айкелдин жасалышына Бишкек Эркин экономикалык аймактын мурдагы жетекчиси Орозбек Нусубалиевдин эмгеги зор экендигин белгиледи.

Угармандарыбыздын эсине сала кетели, бүгүн кыргыздын чоң таланты, мыкты акын, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жолон Мамытовдун 75 жылдык мааракеси жана “Отту сүйөм” аттуу –лирикалык-музыкалык кечеси Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын чоң залында кечки саат 5 жарымда башталат.

“Кыргыз туусу” гезитинин бүгүнкү санынан Назарбек Байжигитовдун “Нурсултан Назарбаев Казакстанда кризисти болтурбоонун жолун көрсөттү” деген макаласын, Сокулуктун акими Кенжебаев Аманкандын “Сокулукта токчулук” деген, Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын университетинин ректору Замира Өмүралиеванын “Нарын университети - терең билимдин очогу” деген, Талас облустук телерадиокомпаниянын башкы директору Эрмек Үмөтовдун “Санариптик агымга биринчи болуп кошулдук” деген маектерин окуйсуздар.

Гезитте журналист Төлөнбай Абдыразаковдун “Алайкуу алкоого арзыйт” аттуу баяны да бар.

“Фабула” гезити журналист Үсөн Касыбековдун “Келберсиген кеңеш” аттуу макаласын окурмандарга тартуулады. Автор коом бай-кедей болуп жиктелгенин, чиновниктик кызмат мамлекеттин байлыгын бөлүштүрүүчүгө айланганын, алар - депутаттар, министрлер, мамлекеттик администрация башчылары, чоң ишканалардын директорлору жана алардын алдындагы аппараттык бюрократия болуп саналарын, ал эми элдин акыл-эси, ар-намысы жана абийири деп аталган интеллектуалдык катмар четинен упурап жок болуп, анын ордун аты бар саясий маргиналдар ээлегенин айтты. Үсөн Касыбеков депутаттар артыкчылыктан эч качан баш тартпай турганын, артыкчылык деген аларды кара тамандардын катмарынан айырмалап турган аристократиялык атрибут же кыргызча сүрсөөлөт болуп саналарын, ошентип социалдык жиктелүү процесси күн сайын тездик менен алгалап баратканын, байлык менен бийлик адамдын сезим, туюм органдарын бат эле жылчыксыз кылып бүтөп саларын эстерине салды. Депутат Камчыбек Жолдошбаевдин “Иштин көзүн билген жерде ийгилик болот” деген маеги басылды.

“Фабула” гезити өткөн жумада атактуу обончу Асанкалый Керимбаевдин 65 жылдыгына арналган ыр кече болуп, анда эл акыны Анатай Өмүрканов эт-жүрөктү элжирете эскерип бергенин, баарынан мыктысы айтылуу акын Бактыгүл Чотурованын “Ак булуттар алып кеткен Асанкалый Керимбаев” деген эскерүү китеби жарыкка чыкканы жакшы болгонун жазды. Ушул эле жумада Кыргыздын дагы бир чыгаан уулу, залкар композитор Муратбек Бегалиевдин 60 жылдык мааракеси абдан жакшы өткөнүн, Бегалиевдин 60 жылдык кечеси беш саатка созулганын, Темир Сариев, экс-президент Роза Отунбаева куттукташканын, композиторду куттуктоо үчүн Германия, Түркия, Орусия, Израиль, Казакстан баштаган 17 мамлекеттен меймандар келгенин, “Түрксой” уюму алтын орден менен, Вьетнам мамлекети алтын орден менен Орусия “Ата Мекен алдындагы кызматы үчүн” ордени менен сыйлаганын, той андан ары уланып, дүңгүрөгөн даңаза менен өткөнүн баяндады. Ал эми бүгүн да той болорун, кыргыздын булбулу, Эл артисти Мыскал Өмүрканованын 100 жылдыгы саат үчтө Токтогул атындагы Улуттук филармонияда белгиленерин, кинорежиссер Темир Бирназаровдун “Мыскал эже” аттуу документалдуу фильми да ушул кечеде 1-жолу көрсөтүлөрүн, концертинде Мыскалдын ырын ырдап келаткан айтылуу ырчылар Нуржамал Табалдиева, Саламат Садыкова, Кенже Кубатова, Нурзат Садыкова жана башкалар ырдай тургандыгын кабарлады.

“Вечерний Бишкек” гезити “Дин, укук жана саясат” аналитикалык-иликтөө борборунун директору Кадыр Маликовдун мамлекет Кыргызстанда террорчулукка каршы күрөшүп келаткан диний аалымдарды, имамдарды жана диний эксперттерди коргоо боюнча тиешелүү чараларды көралбай жатканын билдирип, коомчулукка жана мусулмандар жамаатына кайрылганын жазып чыкты. Ушунун эле катарына 55 жаштагы аял үч кызы жана төрт жаштагы небересин ээрчитип, Сирияга бараткан кезде Түркия менен Сириянын чек арасынан түрк полицейлери кармаганын, аял жасалма документ менен колго түшкөнүн, ал Кыргызстандын Жалал-Абад облусунан экендигин кабарлады.

XS
SM
MD
LG