Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:13

Жаңы жылдан акча аяган мекемелер көбөйдү


Кыргызстандагы Жаы жыл майрамы. Бишкек, 2013-жыл
Кыргызстандагы Жаы жыл майрамы. Бишкек, 2013-жыл

Апта соңундагы кыргыз басылмаларында саясий-экономикалык, маданий-социалдык темадагы материалдар арбын жарыяланды.

“Кыргыз туусу” гезити президент Алмазбек Атамбаевдин Катар мамлекетинде болуп, мамлекет башчысы менен жолукканын, “Билим шаарчасы” комплекси менен таанышканын, эки өлкөнүн ортосунда кызматташууну өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргөндүгүн маалымдады. Ушул эле бетте президент Совет доорундагы көрүнүктүү мамлекеттик жана партиялык ишмер Акматбек Сүйүмбаевдин 95 жылдыгына байланыштуу куттуктоо жолдогонун, ошондой эле президент катуу ооруга чалдыккан эки жаштагы Рахманбердинин атасы Алмазбек Рысбаевге 100 миң сом жардам бергенин маалымдады.

“Кыргыз туусу” гезитинен сиздер Шанхай кызматташтык уюмунун эмдиги саммити Бишкекте өтмөй болгонун жана өкмөт башчы Темир Сариевдин саммит сапарын, журналист Жаркын Темирбаеванын “Кыргызстанда 1 млн. гектар шор баскан жерлер бар” деген, Алыбаеванын “Кара-Кече жана инвестор” деген, Баткендин мэри Жаныбек Жалаловдун “Баткен баралына келүүдө” деген макалаларын, экономика министри Арзыбек Кожошевдин маегин жана Кыргыз-Түрк ”Манас” университети тууралуу окуу жайдын ректору Себатхан Балжы менен биринчи проректору Асылбек Кулмурзаевдин маектерин окуйсуздар.

“Жаңы ордо” гезитинен “Ата Мекендин тагдыры Орусияда чечилген тура” деген, “Министр папканын ордуна планшет көтөрсөм деген экен” деген, “Жыргалбекти жүдөткөн БШК” деген, “Сайдулла өзүнө добуш берген чор тамандарды ойлойбу” деген, “Кредитти төлөмөйүн кыргыздар тынч уктабайт окшойбуз” деген чакан кабарлар менен таанышасыздар. “Жаңы ордо” булардан сырткары генерал Марат Иманкуловдун өзү иштеп тургандагы эскерүүлөрүн жана “Ислам мамлекети” дегенди курмакчы болуп жаткан жанкечтилер тууралуу айткандарын, Чаткалдын акими Канжарбек Эшалиевдин “Элдин акчасына Бишкекке үй салсам, 1-кабатын балдар бакчасына, 2-кабатын карылар үйүнө бергенге даярмын” деген маегин басты.

“Де-факто” гезити коомдук ишмерлер Улугбек Ормоновдун шайлоо, парламенттик башкаруу, энергетика, коррупция маселеси боюнча ойлорун, Амангелди Муралиевдин “Өкмөт кризиске каршы ачык-айкын программасын айта элек” деген маегин, Эл акыны Анатай Өмүркановдун таланттуу акын, маркум Тургунбек Бекболотов тууралуу эскерүү баянынын соңку бөлүгүн окурмандарга тартуулады.

“Фабула” гезитинен Бишкек шаарындагы “Оптима Банк”, “Чанг-Ан Банк”, “Бай түшүм” банкы, “Кыргыз темир жол ишканасы”, “”Манас” аэропорту, “Алтын” ювелирдик холдинг, “Газпром Нефть Азия” жана “Кыргыз концепт” компаниялары жаңы жылдык кече өткөрбөй турган болушканын, майрамдын шылтоосу менен акчаларын чачкысы келбеген мекемелер жыл аягына чейин дагы көбөйөрүн кабарлаган. Ошондой эле планшет жана олтургуч сатып алмакчы болуп, ызы-чуунун тепкисинде калган Каржы, Унаа жана байланыш министрликтери тууралуу маалыматтарды таратты.

Коомдук ишмер жана журналист Тилектеш Ишемкуловдун чоң окумуштуу, "Манас" эпосу үчүн өтө чоң иштерди жасап кеткен, изилдөөчү Самар Мусаевди, акын Жаныбек Өмүралиевдин кыргыздын таланттуу акындары Жолон менен Турарды, Тилек Рыскуловдун айтылуу жазуучу Ашым Жакыпбековду эскерүүлөрү да ушул “Фабула” гезитинин бүгүнкү санына басылып чыкты.

“Жаңы агым” гезити журналист Келдибек Назировдун “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу кимге пайдалуу?” деген, “Кыргызстандагы жашоо аялдар үчүн керемет” деген, “Биримдиктин бакубаты билинбейт” деген, “Эл өкүлдөрү көтөргөн эки маселе” деген, “Бөтөн тамак аш болбойт” деген, Күмүш Жамбынын “Диний экстремизимди кантип көзөмөлдөйбүз” деген макалаларын тартуулады.

“Вечерний Бишкек” гезити Германиянын Кыргызстандагы элчилиги Ата Мекендик Улуу согушта немистердин колуна туткунга түшүп чыккан советтик жоокерлердин ар бирине бир ирет бериле турган 2500 евродон жөлөк пул төлөп бермей болгон жарыясын жар салды. Бул боюнча толук маалыматты, кимге, кайсыл даректерге кайрылуу керектигин бүгүн жарык көргөн мына ушул “Вечерний Бишкек” гезитинен окуп, тактап алсаңыздар болот.

“Вечерний Бишкек” муну менен бирге эле борбордо “Фарс” деп аталган кубаттуу Ирандык маалымат агенттиги ачылганын, эртең кечки саат алтыда Ала-Тоо аянтында Жаңы жылдык балатынын оту жанарын, жаңы балатынын бийиктиги 25 метр, диаметри 12 метр болгонун, 64 миң шам күйүп турарын, Жаңы жылдык балатылар мындан тышкары Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын, Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын жанына, шаардын Курманжан Датка менен Чүй көчөлөрүнүн кесилишине, ошондой эле башка жерлерге да орнотуларын кабарлады.

XS
SM
MD
LG