Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:43

Гезиттер: Буурчакты жей баштайлы


Шаршембидеги гезиттер саясий-экономикалык, маданий темадагы макалаларды арбын жарыялашты.

“Тоолуу жана алыскы аймактардагы жеңилдиктер алынбайт!” Бул кабарды бүгүн жарык көргөн “Кыргыз туусу” гезити маалымдоо менен өкмөт башчысы Темир Сариев Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги тарабынан жаратылышы катаал алыскы аймактардагы айыл-кыштактардын критерийлерин аныктоочу мыйзам долбоору ойлонулбай иштелгенин айтуу менен, аны жакшылап талдоого алып туруп кайрадан иштеп чыгуу үчүн аталган министрликке тапшырганын жазып чыкты. Тоолуктар эми тынчып жашай берсе болот.

Бүгүнкү санга экс-президент Роза Отунбаеванын “Кризис бул туңгуюк эле эмес, жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн да ачылышы” деген аталыштагы маеги жарык көрдү. Маегинде ал “Роза Отунбаеванын демилгеси” деп аталган коомдук фонд өткөн жылы бир топ долбоорлорду ишке ашырганын, жайлоолордогу 87 балдар бакчасынын уюшулуп иштей баштаганы эл-журт үчүн гана эмес чет өлкөлүк ыктыярчылар үчүн да эстен кеткис окуяга айланганын, өткөн жылы фонд Кыргызстандын аялдар кыймылынын 90 жылдыгын белгилегенин, муну менен бирге эле окутуу программасына көп тилдүүлүктү киргизүү, сабырдуулукка, тынчтыкка жана ынтымакка тарбиялоо иштери барын, быйыл буюрса “Көркөм өнөрдөгү аялдар” долбоору ишке ашырыларын, мунун алкагында кыргыз балетинин чолпону болгон Бүбүсара Бейшеналиеванын 90 жылдыгы белгиленерин, Бириккен Улуттар Уюму үстүбүздөгү жылды Буурчак жылы деп жарыялаганын, буга карата чечиле турган көптөгөн иштер барын, Кыргыз өкмөтү буурчакты ички керектөөгө пайдалануу маселелерин чечүүнү ойлонушу керектигин, бир эле мисал буурчакты өз тамактануусуна арбын колдонгон жапондордун орточо жашы 87 жаш болсо, кыргызстандыктардын өмүрүнүн орточо узактыгы 68 гана жаш экендигин, бул багытта ойлоно турган маселе көп экенин айтып берди.

“Кыргыз туусу” гезитинен 60 жашка чыккан акын Кубанычбек Тентиевдин жаңы ырларын, журналист Нарынкүл Назаралиеванын “Үрөнчүлүктүн жаңы технологияларын үйрөндүк”, Марат Исаковдун “Калыгулдун сөзү өлбөйт” аттуу макалаларын окуйсуздар. Журналист Мырзакат Тыналиевдин макаласы “Сындагандан мурда аргументтерди да тыңдасак” деп аталып, Евразия экономикалык биримдикке киргенден кийинки Кыргызстандагы кырдаалдын оош-кыйыштарын талдоого алды.

“Вечерний Бишкек” гезити “Сом азырынча кармалып турат” деген макаланы биринчи бетке жарыялады. Дүйнөлүк кризистин капшабы орус рубли менен теңгени бир топ ылдый тээп түшкөнүн, бул көрүнүш азырынча калыбына келе койбостугун, рублдын долларга болгон катышы бул жылы 87 рублге чейин барарын кабарлады.

Аталган гезит “Коопсуз мектеп” деген рубриканын алдында жарыялаган кабарында республиканын жана борбор шаардын мектептеринин ичинен биринчи болуп Бишкектин 1-Май району райондун аймагындагы бардык 21 мектеп менен 14 бала бакчага видеокөзөмөл орнотуп чыкканын, буга райондун бюджетинен 1 миллиондон ашуун сом кеткенин, мугалимдердин айтуусунда, эми билим жайларына чоочун бирөөлөр кирбей калганын, видеокөзөмөл мектеп менен бала бакчалардын сыртына да, ичине да, бөлмөлөргө да орнотулганын жазып чыкты.

Бүгүн жарык көргөн “Искра” гезити таланттуу акын, прозаик, киносценарист жана драматург Жыпара Исабаеванын “Чыгармачылыгыма дем берген окурмандарым” деген ат менен маегин тартуулады. Жыпара саясатчы Медет Садыркулов тууралуу киносценарий жазганын, ал кинорежиссер Темир Бирназаровдун колунда турганын, Алыкул тууралуу жазган повестин киносценарий кылып кайра иштесем деген ою барын, эл сүйүп окуган бир топ повесттери, “Адашкандар-1”, “Адашкандар-2” деген романдары, 100гө жакын обондуу ырлары бар экенин, драмалары театрларда коюлуп жатканын, ыр жазбай калган күнүн “өлгөн күндөр” катары көрөрүн айтты.

Кыргызстандын күрөш боюнча чемпиону Руслан Түмөнбев милиция тарабынан кармалганына байланыштуу берген түшүндүрмөсүндө ичкилик ичпей тургандыгын жана куралы болбогондугун, милицияга каршылык көрсөтпөгөндүгүн билдирди. Төкмө акын Аалы Туткучев менен белгилүү обончу Сыймык Бейшекеев концерт менен Европа өлкөлөрүнө жөнөп кеткени даярдык көрүп жатышканын да ушул “Искра” гезити маалымдады.

XS
SM
MD
LG