Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:41

Кыргыз кызын карага чүмкөгөн эмес


"Жаз" бий тобунун кыздары.
"Жаз" бий тобунун кыздары.

Журналисттер биримдиги, мамлекет башчысы дин аалымы менен аңгемелешкени, буудай айдалчу жер көп экендиги, жеңилдиктер керектиги, кыш-күрөөдө күчөп кетчү ылаңдар, улуттук каада-салт, өткөндү эскере жүрүү сындуу темалар бүгүнкү гезиттерде козголду.

“Вечерний Бишкек” гезити Кыргызстанда журналисттер Союзун түзүү аракети башталганын, демилге журналисттердин өздөрүнөн чыкканын, бирок бул аракет айрым аткаминерлерди сестентип жатканын кабарлады. Аталган чыгармачылык уюм 1959-жылы, агездеги СССР журналисттер Союзунун бир бутагы катары түзүлгөн. Акыркы 20 жылдан бери аны Абдыкадыр Султанбаев жетектеп келет. Журналисттер Союзун түзүү демилгесин көтөргөндөр жай айына жакын журналисттердин курултайын чакырып, бардык маселелерди ошондо чечмей болуп тарашты.

Гезит ошондой эле президент Алмазбек Атамбаев мурдагүнү белгилүү дин аалымы Кадыр Маликовду кабыл алганын, анда өлкөдөгү диний кырдаал талкууга алынып, террорчулук менен диний экстремизмге каршы мамлекет кандай чараларды ишке ашырып жаткандыгы тууралуу сөз болгонун, Маликов президент менен жолугушуусунда мусулман коомчулугун биримдикке, бири-бирине жардам берүүгө чакыруу менен, ушу кезде Кыргызстандын коопсуздугун жана тынчтыгын сактоодон өткөн кымбат нерсе жок экендигине, андыктан Кудайдан жакшылыкты гана тилөө керектигине чакырык таштаганын кабарлады.

Аткаминерлер өлкөдө буудай айдаганга жер жоктугун айтышарын бирок мунун баары карандай калп экендигин журналист Вячеслав Аникиндин “Талаадагы туман” деген макаласынан окусаңыздар болот.

“Жаңылыктар” аттуу гезит бүгүнкү санын “Өкмөт жаратылыш шарты катаал аймактарда жашап аткандар үчүн мамлекеттик кепилдик жана компенсациялар долбоорун артка кайтарып алгандыгы тууралуу макала менен ачты.

Аталган гезит “Чочко тумоосунан айыкса болот” деген макала тартуулады. Биз “тумоо” деген сөздүн бул макалага туура эмес колдонулгандыгы тууралуу айталы дедик. Айбандарды тумоолоп калды деп кыргыз эч качан айткан эмес. Тумоолоп калды деп адамды гана айтат. “Птичий грипп” дегенди убагында “куш тумоосу” деп туура эмес которуп, элге ошол бойдон тарап кеткен. Ал “канаттуулардын ылаңы” деп айтылса туура болмок. Андыктан биздин “Азаттыктын” жана башка бардык журналисттердин эсине сала кетели, мындан ары “чочко тумоосу” дебей, “чочко ылаңы”, “канаттуулардын ылаңы” деп айтып, жазып жүрүүгө чакырар элек. Туура эмес сүйлөө эне тилибизди гана кордогондукка жатат.

“Көк асабанын” жаңы санына жазуучу Абдымамбет Сариев “Кыргыз салты–кыргыздын мыйзамы” аттуу макаласын окурмандарга тартуулады. Автор президент Алмазбек Атамбаевдин: “Биздин аялдар улуттук кийимди кийүү ордуна арабга таандык паранжа, хижаб жана башка кийимдерди чүмкөнүп кие башташты” деген сөзүн комментарийлеп, акыйкатынан алганда Мухаммед пайгамбар ошол өз заманындагы араб аялдарын кордуктан, зордук-зомбулуктан, жоголуп кетүүдөн сактап калганын, “Үч кызды аман-эсен тарбиялап чоңойтуп жайына узатсаң, мен сени менен бейиште бирге боломун” деп насаат айтканын, арабдар ошондон кийин Мухаммед пайгамбардын насаатын аткарып калганын жазды.

Жазуучу андан ары кыргыздын аялдары жаш курагына жараша жарашыктуу кийинип, денесин ачык койбой, азыркыдай тар шым кийбей, ошол эле учурда арабдардын аялдарына окшоп капкара кийинип чүмкөнбөй, тумчуланбай, эркектерден бекинбей эле жашап келгенин, кыргыз эртең башка бүлөгө кетип каларын билип, кыздарын кымбат көрүп сыйлаганын, керек болсо эркектен артык урматтап, эркин өстүргөнүн, кыргызда аялзатын сыйлоо маданияты аябай өнүккөнүн, кыргыз эркеги көчөдөн көрүнгөн эле аялга кордук кылбаганын, акылман Энелер керек кезде эркектер менен бир олтуруп эл тагдырын чогуу чечкенин баяндады. Жазуучунун макаласын бүгүн жарык көргөн “Көк асаба” гезитинен окуп алсаңыздар болот.

“Көк асаба” гезити Эмил Каниметовдун “Мамлекетти акелер сыяктуу инсандар гана көтөрүп чыга алат” деген макаласын тартуулап, макаланын алдына атактуу жети аке тууралуу кыскача маалыматтарды жарыялады. Кеңеш Бакир уулунун макаласы “Алгачкы кыргыз дипломаты Исан Момунбеков” деген ат менен жарык көрдү.

Скульптор Базарбек Сыдыков маеги аркылуу “Үркүн” эстелигин "Ата-Бейитке" орнотуу туура болбой тургандыгын айтты.

XS
SM
MD
LG