Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:31

Гезиттер: Сариев чарчадыбы?


Кыргыз гезиттери
Кыргыз гезиттери

Апта аягындагы кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

“Фабула” гезитине Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Рафик Мамбеталиевдин “Башкы максат - ири өлчөмдөгү маңзаттарды ташып, сатып жүргөндөргө бөгөт коюу” деген маеги жарык көрдү. Мирлан Алымбаевдин “Аягына чыкпаган апрель соту”, Тынчтык Алтымышевдин “Энерго тарифтер көтөрүлсө, эл чыдабайт”, илимдин доктору Абдыкадыр Садыковдун “Эне тил – бул эне” деген макалалары жарыяланды. Улуттук илимдер aкадемиясынын корреспондент мүчөсү Садыков эне тилдин тазалыгы үчүн жазган макаласында баарын кыргызчалайбыз деген оору менен ооругандарды терминолог Четин Жумагулов макаласында абдан туура сындап чыкканын айтты.

“Жаңы агым” гезитиндеги макаласын Жамила Нурмамбетова “Мүрзөлөр көбөйдү, сөөктү өрттөш керекпи?” деп атады. Бул жана башка суроолорго Бишкектеги “Аза” агенттигинин башчысы Болот Карамуратов жооп берди. Абдималик Кудайбердиевдин макаласы “Кыргыз экономикасынын “эшейип” жатканынын айрым себептери” деп аталды. Асан Козуев аттуу автордун макаласы “Темингенден чарчаган Темир Сариев” деген ат менен тартууланды.

“Мезгил пресс” гезитиндеги маегин Кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматова “Бизди жаштар кумир тутпай калды” деп атаса, журналист Жаңыл Жусупжан маегин “Мургаб, Жерге-Талдан элимди таптым. Ат-Башы, Памирдин кызымын” деп атады. Ички иштер министри Мелис Турганбаев бүгүн Сириядагы согушка 500дөн ашуун кыргызстандык катышып жатса, алардын 83ү үй-бүлөлөрү менен кеткенин, 40тай адам кайра кайтып келгенин айтты. Кытайга Ош шаарынан учкан кыргызстандык Светлана Кулбаева деген аял 2010-жылдын 6-ноябрында Үрүмчү шаарында 7,2 килограмм маңзат менен кармалып, 2011-жылдын 19-декабрында кытай соту аны өлүм жазасына тартуу чечимин чыгарганын, Кытай соту кыргыз сотуна окшоп кызыл акчаны көрсөтсө кыйшайып жыгылбай тургандыгын, ошентип маңзат менен колго түшкөн 51 жаштагы шоркелдей Светлана Кулбаева өлүм жазасына тартылганын, эми анын сөөгү Кыргызстанга жеткирилерин жазып чыкты.

“Де-факто” гезити Кайыргүл Молдалиеванын “Дубайда кыргыздар кандай шартта жашайт?” деген, Башкы прокурордун мурдагы 1-орунбасары Нурлан Жээналиевдин “Жолдубаева аша чаппай, мыйзам чегинде гана иш алып барууда” деген, журналист Семетей Талас уулунун “Жолдошбаевдин муштуму мени мокото албайт” деген, Нургазы Айтмырзаевдин “Создуктурулган сот отуруму эмнени каңкуулайт?” деген, экс-депутат Элмира Жумалиеванын “Эл тараза - эл калыс” деген, экс-депутат Жылдыз Жолдошеванын “Нарымбаевдин маселесинде сот көшөрүп тура берүүгө укугу жок” деген макала, маектерди басты.

“Эркин тоо” гезитине таланттуу жазуучу, белгилүү публицист Абдиламит Матисаковдун “Журналисттик калем менен жазуучулукка кыялдангам” деген аталыштагы маеги жарыяланды. Улуттук университеттин проректору, профессор Назаркул Ишекеевдин Москвадагы Эл аралык педагогика жана социалдык илимдер академиясынын академиги Нурбүбү Асипованын мугалимдик жолуна арнаган макаласы “Илимдеги олжолуу тагдыр” деген ат менен жарык көрдү.

“Кыргыз туусу” гезитинен Шабдан Абылгазы уулунун көчмөндөр оюну Кыргызстан эле эмес, Борбор Азиядан тышкаркы далай өлкөлөрдүн башын бириктере турган өтө зор иш болуп каларын бандаган, өкмөт башчы Темир Сариевдин “Тартип, мыйзамды так сактоо менен өнүгөбүз” деген макалаларды, өлүм жазасын киргизүү боюнча ой-пикирлерди окуйсуздар.

“Супер инфо” гезитинде “29-февраль эмнеге төрт жылда бир келет” деген маалымат, “Азия Микс” командасынын оюнчусу Ситора Формонованын маеги, артист Кадырбек Мураталиевдин “Доллар кымбаттагандан бери эл доллар кыстарбай калды” деген, Ислам Сыдыковдун “Нурак Абдрахмановдун акыркы окуучусу болгонума сыймыктанам” деген, “Алкановго кол салуу боюнча иш Жогорку Сотко жетти” деген жана башка материалдар бар.

“Вечерний Бишкек” гезити аркылуу журналисттер Евгений Денисенко “Евразиялык экономикалык союздун энергокалканы” деген, Александр Тузов “Керенский кайрадан Бишкекке келет” деген, Вячеслав Аникин Кыргызстан дүйнөдөгү кышкы спортту өнүктүрүү боюнча жана кышында эс ала тургандардын дүйнөдөгү мыкты деген жайлардын катарынан орун алууга толук мүмкүнчүлүгү бар экенин баяндаган макалалар менен тааныштырды.

XS
SM
MD
LG