Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:34

Аял күлүп турса Аалам тынч болот


Гезитчи бала.
Гезитчи бала.

Апта соңундагы кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

“Жаңы ордо” гезити 24-мартта Ош шаарында өлкөдөгү саясый-маданий абал менен мамлекеттик бийликтин тагдырын талкууга алган элдик курултай өтөрүн, азыр кайда барбагын акчасын бергени менен иши бүтпөй калганын, коррупция деген баарын чырмап алып өстүрбөй тушап жатканын депутат Анвар Артыков айтканын, Нарында губернатор алмашат деген сөз жүрө баштаганын, Азиянын чемпиону Жанарбек Кенжеев Кыргызстандын атын дүйнөгө таанытууну максат кылганын, айтылуу Камбаралы Бобулов бактысыз махабаттын курмандыгы болгонун окумуштуу Осмонакун Ибраимов жазганын маалымдады.

Ушул эле “Жаңы ордодон” сиздер Бишкектин жаңы мэри Албек Ибраимов жана белгилүү саясатчы Камчыбек Ташиев тууралуу ой-пикирлерди, илим доктору, профессор Марат Сагымбаевдин маегин, жазуучу Папан Дүйшөнбаевдин Нүзүп миңбашы тууралуу “Канаты кайрылган шумкар” аттуу баянын, акын Үрүниса Маматованын тил маселесин талдоого алган “Ашууну ачтың” аттуу макаласын жана башкаларды окуйсуздар.

“Супер инфо” аркылуу белгилүү ырчы Гүлнара Кахарова ырдап жүрүп деле жакшы жар болорун далилдегенин айтса, Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров Путин кандай буйрук чыгарса ошону аткарарын айтты.

”Мезгил пресс” гезитинен актриса Шайыр Касымалиева сахнада чачын Жумаш деген курсташы басып алып үзүп салганын, журналист Айжаркын Эргешованын кинорежиссер Болот Шамшиев жөнүндө баянын окуйсуздар.

“Жаңы агым” гезитине айтылуу Өзгөн күрүчүнүн мээнети, Жамила Нурмамбетованын элечек тууралуу жазганы, Кыргызстан композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиевдин “жылдыз” оорусуна чалдыккандар тууралуу жүйөлүү пикири, журналист Келдибек Назировдун “Бишкек мамлекет борбору эмес, соода борборуна айланганбы?” аттуу проблемалуу макаласы жарык көрдү.

“Фабула” гезити бул санын Алмаз Темирбек уулунун “Мите” деген макаласы менен ачты. Макала өкмөт башчысынын кеңешчиси, энергетик Кубанычбек Турдубаев тууралуу. Журналист Үсөн Касыбеков макаласын “Бөрү карысын жектейт” деп атап, пенсионерлерин багалбаган мамлекет мамлекет болуудан каларын айтты. Депутат Рыскелди Момбеков маегин “Мен президенттин тапшырмасын аткарып жатам” деген ат менен жарыкка чыгарса, Гүлмира Шаршеева макаласын элибиздин ак калпагына аранды.

“Де-факто” гезитине профессор, адабий сынчы Кадыркул Даутовдун Эл акыны Анатай Өмүрканов жөнүндө жазган “Кандай акын оригиналдуу болот же Анатайдын ачылышы” деген уландысы бар эмгеги жарыяланууда. Экс-депутат Улукбек Кочкоров “Сасый системаны түп тамырынан бери өзгөртүү зарыл” деп маек курса, эмгек министри Кудайберген Базарбаев министрлик бала сатат деген сөздөн арылганын айтып маек курду.

“Кыргыз туусу” гезити “Кыргызстан-Россия – стратегиялык өнөктөштөр” деген баштеманын алдында президент Атамбаевдин орус президенти Владимир Путин менен жолугушканын кабарлады. Гезит бул санына “Кыргыздын кыраан кыздары” деген ат менен эл-журт сыйлаган, жасаган жакшы иштери менен урмат-сыйга бөлөнүп келаткан кыргыздын 108 кызын тааныштырып, сүрөттөрүн басты.

“Эркин тоо” гезити ушул жылдын июнь айында өзүнүн 25 жылдыгын белгилерин кабарлап, гезиттин 1-редактору Мелис Айдаркуловдун “Эркин тоонун” чыгуу тарыхы, баскан жолу тууралуу маегин тартуулады. Философ Советбек Абдрасулов кыргыз дөөлөттөрү тууралуу кино тартса болорун билдирди.

“Вечерний Бишкек” гезити 8-март күнү аялзатына ким кандай белек берерин сурамжылап айрым эркектерге суроо салды. Врач Муса Матеев эки күн бою телевизор көрбөстүгүн, тарыхчы Александр Камышев, үйүнө жаңы обой чаптарын, Франциянын Кыргызстандагы элчиси Стефан Катта жубайына көп гүл белек кыларын, Европанын рекордсмени Ахмед Анарбаев гүл жана атыр белек кыларын, стилист Тилек Бекболотов апасына гүл даярдап жатканын, ал апасын, эжелери менен карындаштарын 8-марттан башка күндөрү деле белек менен кубантып турганды жакшы көрөрүн айтты. Анда биз дагы Кыргызстандын бардык кыз-келиндерин, апалар менен энелерди келаткан Жаз майрамы менен куттуктап, эч качан оорубашын каалап, баарына Кудайдан ден соолук тилеп, аял күлүп турганда гана Аалам тынч болорун айтуу менен гезит баяныбызга чекит коёлу.

XS
SM
MD
LG