Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:27

Мадумаров Салымбековду кантип “саады"?


Апта ортосундагы кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

Камакта жаткан Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов адвокат болуп бер деп суранышса, сылык гана баш тартып койгон Бекназаров эгер булар Келдибеков сыяктуу бай болгондо уйдай саап, күнү-түнү коргоп бермегин, илгери жаз чыкканда бригадир элди талаага үрөн себүүгө алып чыкса, Бекназаров жаз чыгары менен элди пикетке, митингге алып чыгарын, айырмасы үрөн сепкендер күзүндө буудайын алса, Бекназаров көздөгөнүн алып, көчөгө чыккандар көчөдө каларын бүгүн жарык көргөн “Жаңылыктар” гезити жазды.

Жазуучу Музапар Үсөндүн “Өрүктүү өрөөндө” деген жаңы чыгармасын, Шах Жума аттуу автордун “Кагылайын калайык, шайлоодо кимди шайладык” деген, укук коргоочу Качкын Булатовдун “Кылмыштуу топтун “өкүл атасы” Канат Турганбековбу?” деген макалаларын жаңы чыккан “Майдан” гезитинен окуйсуздар. Маегинде коомдук активист Эркин Асаналиев “Кадыровдор бийликти гана сындаганы болбосо ачык кылмыш кылган жок. Болгону камакка алынган оппозиционерлер тоталитардык системанын курмандыгы болду” десе, саясатчы Равшан Жээнбеков маегинде: “Бекназаров жана мен катышкан аудио жазуу монтаждалган. Бийликти басып алуу боюнча сөз да, аракет да, ой да болгон эмес. Эртеби-кечпи уят болуп, камакка алган оппозиционерлердин баарын коё беришке аргасыз болушат. Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбековду же болбосо Бекназаров менен мени камаганда эле маселенин баары чечилип, турмуш оңолуп кетпейт” деп айтты. Мамбетжунус Абылов “Бизди элдин алдында жаманатты кылыш үчүн бийлик болбогон жалааларды жаап жатат” деп маек курса, Азимбек Бекназаров “Атамбаев жаздан аман-эсен чыгып алса, күзгө кыйналбай жетет” деген маеги да ушул “Майдан” гезитинде.

Сөз болуп аткан гезитке Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун илимий кызматкери Р. К. Эшматовдун “Бугуну марал кылган Шайлообек” деген бир бет макаласы басылып, анда “Азаттыкка” келип, мага маек курган көлдүк киши Эсенбай Абдышев атасы ага “Бугу Эне деп ургаачы кылып салдыңар. Кыргызда Бугу-Эне деген сөз жок эле. Силер айтып жаткан Ала Мышык тоосунан кармап келген кызды Мүйүздүү Эне дечүбүз. Ал Мүйүздүү Эне-Орозбакты бугунун небере келини болгон” деп кеп салып берип, ал радио аркылуу уктурулган болчу. Анда Жакыпбековдун котормочулугуна акаарат келтирген дегеле сөз болгон эмес, болгону Айтматовдо “Мать-Олениха” деп турган сөздү котормочу “Бугу-Эне” деп которуп, балким жаңылышты бекен, анткени Бугу деген эркеги, Марал деген ургаачысы эмеспи, Бугу кайдан жүрүп Эне болуп калган деген түкшүмөл суроо коюлуп, эгер андай болсо “Айгыр Эне, Бука Эне дейбизби?” деген сөздөр айтылган. Эми бул боюнча жөн эле адеп-сый менен сөз кылуунун ордуна айтылуу Ашым Жакыпбековду ревизиялап жаткансып мени жемелеген илимпоз Эшматов “Ашым Жакыпбековдун котормосуна сөз айткыдай же оңдогудай Шайлообек Дүйшеев өзү деги ким? Алчы-таасын жеген илимпозбу? Же Ашыкемдей котормого эмгеги сиңген адамбы? Ашыкемдей таланттарды сыйлай билели, Шакеме эскертүү менен макалабызга чекит коелу” деп жазды. Тилчи Аалы Молдокановдун “Гитлер” “Манасты” китеп кылып 1943-жылы чыгарган” деген кызыктуу баяны да “Майдандын" бүгүнкү санында.

“Асаба” гезити кезинде Сарыгуловдон өткөн таза адам жок деп жазып турду. Ал ал болду. “Республика” гезити Сарыгуловдун “Кыргызалтындан” жегендерин жазып чыкты. Өзүн “таза” сезген Сарыгулов гезитти сотко берип, акыры анын тайманбаган башкы редактору Замира Сыдыкованы балдарын чыркыратып туруп түрмөгө кестиртип жиберди. Бүгүн ошол Замира Сарыгуловдун “короосунда” жүрөт. Айтор азыр Дастан Сарыгуловдо бир гана жол бар–ыймандуу карыш керек!” деп жазганын, мындан тышкары “Шайлоо мыйзам бузуу кампаниясыбы?” деген, “Жумгалда бир айыл гана эмес бир районду кууратып жүргөн, миллиондогон салыкты төлөбөй жүргөн, кылмыш иши козголгон аял депутат болуп шайланды” деген, Улуттук Коопсуздук комитети кечээ күнү Кыргызстандын аймагында диверсиялык-террористик акцияларды даярдап жаткан террордук уюмдун жети мүчөсүн колго түшүрдү, Мамлекеттин коопсуздугун сактоодо Абдил Сегизбаев мактоого татырлык иштерди жасап, кутумчулардын купуя сырын ачыкка чыгарып салды” деген, Айбек Шамшикеевдин “Криматалык Рыспек Акматбаев” деген жана “Саанчы жеңе ”Мадумаров Салымбековду кантип “саады"?" деген кабарлар менен макалаларды бүгүнкү “Багыт” гезитинен окуйсуздар. Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө Башкы башкармалыгынын башчысы Адил Ботбаевдин “Акыркы алты жылда болуп көрбөгөн көрсөткүчкө жетиштик” деген, белгилүү кинорежиссер Эрнест Абдыжапаровдун чыгармачылык жолу тууралуу маектери да ушул “Багытта”.

“Кыргыз маданиятынын өзөгү” деген, “Маданият мурасталган тартиптердин мыйзамы” деген, “Салттуу маданият элдин күчү” деген, “Билген жолуңду атаңа бербе” деген, “Ажар жана Кырк Шейит” деген, жаш манасчы Азиз Биймырза уулунун “Манасымды эл тааныбаса - анда мен, мен эмесмин” деген, Алымбек Момбековдун “Курал - кубикти дүйнөгө сатууга даярдап жатабыз” деген макалалары менен “Көк асаба” гезити жарык көрдү.

“Вечерний Бишкек” гезити кечээ Бишкектин Эски аянтында мыйзамдуу жер алып, ага үй салып алып жашап жаткан үйлөрүн тиешелүү мекемелер эмгиче мыйзамдаштырып бербей жаткандыгына нааразы болгон тургундардын сүрмөтоп жыйыны болуп өткөнүн, 1-апрелден тартып Бишкек троллейбус башкармалыгынын шоопурларынын айлыгы жогоруламай болгонун жана башка материалдарды окуйсуздар.

XS
SM
MD
LG