Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:26

Айрым басылмалар төрөлөргө төлгө салууну баштады


Ш. Дүйшеевдин "Агындылар" китеби.
Ш. Дүйшеевдин "Агындылар" китеби.

“Майдан” гезити бул санында президент Алмазбек Атамбаевдин жана азыркы бийликтин ишмердигин сынга алган макалаларга кенен орун берди.

“Майдан" ошондой эле Шайлообек Дүйшеевдин “Агындыларын” “талкалаган” Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун илимий кызматкери Рысбек Эшматовдун “Агындылардын” курамынан жаралган эскерүү” деген бир жарым беттен турган макаласын тартуулады. Аталган гезит андан ары “Элдик парламенттин мүчөсү” Төрөбек Өмүрбековдун, “Ажонун жети керемети же Атамбаевдин алешемдиктери” деген аталыштагы “Саясат KG” сайтынан көчүрүлүп жарыяланган Аэлита Сатындиева аттуу автордун макаласын, тележурналист Нурлан Мотуевдин “Эшегине жараша тушагы, кимди шайлап алдык, өзүбүзгө чала” деген маегин, Түлеевдин түрмөдөн чыккандыгы боюнча ойлорун билдирген Улан Рыскуловдун, Өмүрбек Абдракмановдун, Рита Карасартованын, Төрөхан Жунусбековдун, Адил Турдукуловдун, Садыр Жапаровдун, Шамил Карабала уулунун пикирлерин окуйсуздар.

“Майдан” гезити андан ары бийликти аламаштырууга аракет кылабыз деп президенттин катачылыктарын санап жаткан “элдик парламенттин” айрымдарына Света Тойгонбаева деген төлгөчүгө барып төлгө салдырып келгенин жана төлгөчү аялдын айткандарын “Кыргызстанда чоң өзгөрүү болот” деген теманын алдында жарыялады.

Жазуучу Мурзапар Үсөндүн “Өрүктүү өрөөндө” аттуу сандан-санга жарыяланып келаткан даректүү повестинин уландысы да ушул номурга басылып чыкты.

Ал эми “Агындылар” тууралуу Рысбек Эшматов “Агындыларды” окуп олтуруп, автордун “эмне жөнүндө китеп жазам, кантип жазам?”деген суроолорду өзүнө берип көрбөгөнүнө ынанат экенсиң. Деги ушундай китеп окурманга керек беле, эмне максат менен жазылды? “Ыймандуу, ыймансыз жазылган китеп болбойт, начар китеп болот” деп бир жазуучу айткандай Шайлообек Дүйшеевдин “Агындылар” китеби эч бир концепцияга баш ийбеген, таруудай чачылган, баш-аягы жок, чаргытма деңгээлдеги китеп болуптур” деп жазды. Ыракмат! Эмне демекчибиз, азыркы күндө Эшматтын да, Ташматтын өз пикирин айтууга толук акысы бар. Кандай окуса да “Агындыларды” окуп чыкканы үчүн Эшматов үкөмө ыраазылык билдире кетейин.

“Багыт” гезити аркылуу “Манас” кинотеатрынын директору Нурлан Абдишев кыргыз кинолоруна көрүүчүлөр көп келип атканын айтып маек курду. Жазуучу Аракеевдин “Периштенин жолу” романынан үзүндү жарыяланды. Акын Назгүл Осмонованын сүйүү тууралуу жаңы ырлары жазуучу агасы Баратбай Аракеевдин баш сөзү менен жарык көрдү. Назгүл Осмонова даярдаган дагы бир макала айтылуу куудул Манас Бердибековдун 60 жашка толгондугун эскерүүгө арналды. Журналист Айбек Шамшыкеевдин Рыспек Акматбаев тууралуу жазып келатканы улантылды. Автордун “Маданияттын мафиялары” аттуу макаласынын уландысы басылды. Анын дагы бир макаласы “Түлеевдин түрмөдөн чыгышы–чоң саясат, кезек Нарымбаевде” деп аталды.

Согуш ардагерлерине эки беттен турган сүрөттүү баян, эскерүү арналды. Баратбай Аракеевдин “Кадам ушул” аттуу макаласында биздин өлкө сыртынан дурус көрүнгөн менен, карыш бассаң жаманга мүдүрүлөрүңдү, шайлоо болуп көрбөгөндөй таза өттү деген менен иш жүзүндө андай болбогонун, Акаев менен Бакиев кылгылыкты кылып салып кете бергенин, “Биздин жашырын кызмат Максим, Жаныштарын кошуп бүтүндөй Бакиевдерди, Акаевдерди, Ширшов, Балкыбеков, Сулайманкулов деген коррупционерлерди апкелип түрмөгө тыкканда элдин деми сууйт эле” деп, “Акча деген азыткы жалпы кыргыз журтчулугун тизелетип бүттү” деп чекит койду.

Кечээ чыга турган “Кыргыз туусу” бүгүн чыгып, Жеңиш күнүнө арналган бир топ макалаларды тартуулады. 1-радионун башкы редактору Таалайкүл Сыдыкбекованын “Радиодо кумурскадай, чабалакейдей иштегендер керек” деген маеги бар. Жазуучу Мирзохалим Каримов маегин “Маркум Сооронбай Жусуевдин суранычы Аламзбек Атамбаевге жетпей калды” деп атады. Чынында эле кыргыз-тажик достугун даңазалап, эки элге көпүрө болуп, сөздүк түзүп, жолугушууларды өткөрүп, тынымсыз иштеп келаткан белгилүү жазуучу Мирзохалим Каримовго “Эл жазуучулук” наам берүү жөнүдө Эл баатыры Сооронбай Жусуевдин өтүнүчү президент Алмазбек Атамбаевге жетпей калганын, бирок азыр деле кеч эместигин, кыргыз жазуучуларынын көбү муну колдой тургандыктарын белгиледи.

“Жаңылыктар” гезити Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров 12-июлга чейин камакта калтырылганын маалымдады. Бекназар Айталиевдин маеги “Алтынбек Сулаймановдун “А” деп айтканга эрки жеткенден кийин “Б” деп деле айтпайбы” деп аталды. Аталган гезитте Байдылда Сарногоевдин ырлары жана Качкынбай Осмоналиевдин “Көчмөндөр кагылышы” романынан үзүндү бар.

“Вечерний Бишкек” гезити кечээ жана мурда күнкү нөшөрлөп төккөн жамгыр тууралуу Зинаида Сорокинанын макаласы аркылуу баяндап берди. Улуттук филармониянын генералдык директору, Кыргыз эл артисти Кыргызбай Осмонов бүгүн жарыкка чыккан гезитке филармониянын ишмердиги тууралуу маек курду.

XS
SM
MD
LG