Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:43

Бейшембидеги кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

“ПолитКлиника” гезити “Президентке кат” аттуу рубриканын алдында президент Алмазбек Атамбаевге Ат-Башы айлынын тургуну Улан Кадыркуловдун “Мыйзамсыз чечим чыгарган сотторду ким тыят?” деген кайрылуу катын жарыялады. Кат ээси аны Ат-Башы айыл аймагынын башчысы К. Чоробеков мыйзамсыз куугунтуктап кызматтан бошоттурганын, райондук сотко кайрылса кызматка кайра орношсун деген чечим чыгарганын, чечимге макул болбогон айыл башчы кайра облсотко кайрылганын, акыйкатсыздык дал ушул облсотко келгенде башталганын белгилеп, облсоттун Д. Амиракунова, У. Сарымсаков, Г. Арзыкулова аттуу кызматкерлеринин мыйзамсыз иштерин кеп кылып: “Бул боюнча урматтуу президент Сизге, Жогорку Сотко, Жогорку Кеңешке кайрылып жооп алалган жокмун. Ат-Башыдан Бишкекке келиш үчүн эле 700 километр жолду бир нече жолу басууга туура келди”, деп жазды.

Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаевдин “Топтошуп бөлүнө бербей, диалогго кадам шилтөө өзүбүздүн эле колубузда” деп маек курду. Депутат Жанар Акаевдин маеги “Көп вектордуу саясат жүргүзүшү керек” деп аталды. Айгүл Бакеева макаласын “Айтматовдун үйүндө” деп атап, улуу жазуучунун үй-музейин аралап чыккандагы ойлору менен бөлүштү. Журналист Меңдибек Асылбековдун “Көктөн келген падыша” аттуу уламышы жарыяланды. Дилбар Алимованын “Майамидеги кыргыздар” аттуу баянынын 4-бөлүгү тартууланды. Жазуучу Айгүл Көкөеванын “Аялдын күндөлүгү” аттуу чыгармасы да сандан санга жарык көрүүдө.

“Азия ньюс” гезити жаңы санын журналист Кенжебек Арыкбаевдин “Оюнбу” же чоюнбу?” деген макаласы менен ачты. Макалада "Кумтөрдүн" экологияга келтирген зыяны, кен байлыгы, кыргыз бийлигинин ишмердиги сынга алынган. Кылыч Бердибаев “Жыла баскан жылманын кеби кооз, ичи алабы?” деген макаласы аркылуу “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаевди, Алмамбет Шыкмаматовду, Аида Салянованы сындады. Экс-губернатор Мамасадык Бакиров “Элдик парламент” боюнча суроолорго жообун берип, ага жеке өзү эле эмес Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев, депутат Кубанычбек Жумалиев башында турган аттуу-баштуу адамдар чогулганын, анан Талгарбеков камалгандан кийин “Элдик парламенттин” катарынан чыгып кеткенин айтып берди. Бишкектеги дарактарга жашыл курттар кайрадан чабуул койгонун Бишкектеги “Жашылдандыруу” ишканасынын 1-Май району боюнча агроному Жаныбек Жумалиев сөз кылды. Коомдук ишмер, КТРКнын байкоочулар кеңешинин мүчөсү Сабыр Муканбетов маегин “Илим Карыпбековго сөгүш берүү сунушун киргизем” деп атап, Коомдук телерадиокорпорациянын айланасындагы акыркы ызы-чуулар тууралуу кенен кеп козгоду. “Аалам” саясый партиясынын “Селден жабыр тарткандарга жалпы жардам берели” аттуу чакырыгы жарык көрдү. “Жашообуздун өчкөн менен чырагы, Алыкулдун жашайсыз сиз ырында!” деген акын Өзүбек Абдыкалыковдун саптарын баштема кылган Калыгул Бейшеевдин Алыкулга байланыштуу макаласы жарыяланды. Жазуучу Мелис Арып-Бектин “Унаис” деген жаңы китебинен үзүндү бүгүндөн тартып жарыялана баштаганын эскертти. Ушул эле санга Аскар Медетовдун “Агындыларды” оюна келгендей шыбаган эки бет макаласын да калтырбай окуп коюңуздар.

“Майдан” гезити “Апрель сотунда адилет сөзүн айткан Элмурза Сатыбалдиев” аттуу макаласын басып, анын “Айткылачы, мен эмне күнөө кылдым? Бакиев менен достошконумду эч качан жашырган эмесмин. Бирок, мага “жакын мамиле үчүн соттосо болот” деген мыйзамды көргөзгүлөчү? Туура, 7-кабатта олтурдум, ал менин жумуш ордум. Туура, мен баарын көрдүм. Бирок ал жерден кете албадым. Анткени кеткенге акым жок эле. Бирок бул үчүн соттобойт,” деген сөзүн басып чыкты.

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиеванын “Бийликтин төө бастыга алган саясаты мамлекеттин ынтымагына чоң коркунуч жаратышы мүмкүн” деген маегине орун берди. Токтайым убагында Акаевдин да, Бакиевдин да айланасындагылар аларга туура маалыматтарды жеткирбегенин, ошон үчүн бүгүн алар башка жакта жүрүшкөнүн, бүгүн Атамбаевге да чындык жетпей жатканын, Атамбаевге каршы иштеп аткан адамдар бийликтин куралдуу күчтөрүндө, күч органдарында жана парламенттин ичинде олтурганын, ошон үчүн Атамбаев 300 жыл жашаган Цин империясынан сабак алып, чындыкты айткан адамдарды душман деп жерибей, кайра бооруна тартып, өзү менен үзөңгүлөш кылышы керектигин айтты. Белгилүү укук коргоочу андан ары Башмыйзам тууралуу, "Кумтөр" тууралуу, мураскорлук тууралуу кеп кылып, мурда кыргыздар орусташып келсе, бүгүн арабдашып, түрктөшүп, кыргыздын чыныгы касиети качып баратканын, ошон үчүн ата-энелер балдарын башка мамлекеттерге окутуудан мурда “Балам кыргыз бойдон калабы?” деген суроону 1-орунга коюу зарылдыгына токтолуп, ар бир адам ойлоно турган маселени койду.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG