Линктер

Шейшембидеги кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

“Кыргыз жараны” деген концепция мамлекеттүүлүгүбүздүн биримдигин данакерлеген кубаттуу күч болоруна ишенем”. “Кыргыз туусу” гезити Кыргыз Республикасынын Баатыры, Эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин ушул макаласы менен бүгүнкү санын ачты. Макаланын автору “Кыргыз жараны” деген концепция тууралуу ой калчайлек жатып эле адатыбызча жамандап жатып алгандан мурда жакшы жагын ойлонуп көрбөйлүбү, кандай гана сунуш, кандай гана демилге айтылса эле жакшы жагын издегендин ордуна жаман жагын аңдыган салтта жок кокуйгүн адатты үйрөнүп алганыбызды, бирок муну сын дегендер болорун, бирок кыйды, кежир, арамза, куру намыска малынган сын сөрөй жүрө-жүрө элди адептүүлүктөн ажыратып, ырксыз, ынтымаксыз, ыймансыз жактарга буруп кетерин, түбү барып ниетти, элдин элдигин бузарын ташка тамга баскандай айтты. Бексултан Жакиев андан ары сунушталган паспорттун долбоорун көргөнүн, анда “Кыргыз Республикасынын жараны” деп атышканын, бирок бул туура эместигин, “Кыргызстандын жараны” деген да туура болбой каларын, туурасы “Кыргыз жараны” болорун, бул бир чети кыргыз экенибизди эстетип, улутту унуттурбай турарын, бир чети бизде жашаган 100дөн ашуун этностун да беделин түшүрбөстүгүн, бул мамлекетибиздин символу болгон “Кыргыз туусу”, “Кыргыз гимни”, “Кыргыз герби” дегендейле сыймыктуу угуларын, Тайырбек Сарпашев мырза “жараны” деген сөздүн алдына “Кыргызстандын” дегенди кошконубуз туура деп, кайра-кайра какшап атканы менен, элди ары-бери дүргүтпөй, “Кыргызстандын” дегенди алып салып эле жөн гана “Кыргыз жараны” деп жазуу биздин өлкөдө жашагандардын, жашагысы келгендердин биримдигин чыңдай турган концепция экендигин аталган макаласында жазып чыкты.

“Эркин Тоо” гезити да улут, “жарандуулук” жана “кыргыз жараны” жөнүндө ой-пикирлерди улантып, тарых илимдеринин доктору Ташманбет Кененсариевдин макаласын сунуш кылды, тарыхчы кыргыз кылымдарды баскан жолунда кокту-колотко, уруу-урууга бөлүнүп, сен сартсың, чыныгы кыргыз менмин деп, түндүк-түштүккө, ичкилик-аркалыкка бөлүнгөн кезинде сырткы душмандарга жем болгонун, кырылганын, ал эми сен казак, сен кыпчак, сен өзбек дебей, кыргыздын бир туусуна бириккенде күчтүү болгонун, Манас өзү да чачылган элди жыйнап, үзүлгөн элди бириктиргенин далилдер, фактылар менен айтып келип, “кыргыз жараны” деген кең түшүнүк экенин, муну менен биз өзүбүздө жашаган бардык улуттарды боорго теппей, кайра боорго тартарыбызды, анын натыйжасында Кыргызстан мурдагыдан да алда канча күчтүү, ынтымактуу, ырыстуу болорун айтты. Бул ойду коомдук ишмер Алмаз Акматалиев, тарых илимдеринин докторлору Аблабек Асанканов, Тынчтыкбек Чоротегин да колдоого алышып, ойлорун жарыялашты.

“Фабула” гезити Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин “Мага убакыт бергиле, анан көрөсүңөр менин кандай иштегенимди”, деген аталыш менен маек берип жүз күндүк программа иштеп чыгып, азыр ошонун негизинде иштеп жатканын айтып, бир катар суроолорго жообун берди. Коомдук активист Тимур Саралаев маегин “Абдрахманов - профсоюздук кыймылдын трагедиясы” деп атап Кыргызстандын профсоюздар федерациясын катуу сынга алды. Асан Акматов макаласын “Парламенттин “футболисттери” деген аталыш менен жарыялап, парламентти сатиранын тили менен тамашага алды. Грек-рим күрөшү боюнча балбан Жанарбек Кенжеев маегинде анын канынан тыюу салынган препарат табылды дегенге таянып Бразилияда өтө турган Олимп оюндарына катышпай калуу коркунучу келип чыкканын, спорттогу айрым бир жооптуу кызматкерлердин кайдыгер мамилесинен улам 20 жылдык эмгеги текке кеткени жатканын, ушул маселени президент Атамбаев көзөмөлүнө алса деген тилек менен кат жолдогонун кеп кылды. дизайнер Аида Шаменованын маеги "Кыргыз кийимдеринин жөнөкөй жана көрктүү болгонуна таң калып келем” деген ат менен тартууланды. Академик Абдылдажан Акматалиевдин “Көркөм адабиятта тарыхый инсандардын образдарынын берилиши” деген макаласынын уландысы басылып, илимпоз бул ирет акын Кубанычбек Маликовдун “Балбай” поэмасы тууралуу кеп кылды. Белгилүү кыл кыякчы Айнур Бердигулова мына ушул “Фабула” гезити аркылуу апасынын арты менен кыл кыякчы болуп калганын, дүйнөнүн көп жерин кыдырганын, кыл кыякты угуп туруп кытайдын Тандун аттуу дүйнөгө белгилүү композитору: “Кыл кыяк магиясы бар аспап экен, тарыхты айтып берип турат экен” деп айтканын, азыр жолдошу экөө үч баланы тарбиялап жатканын, арасында ыр-күүгө шыктуулары бар экенин сөз кылды.

“Вечерний Бишкек” гезити Орусиянын Санкт-Петербург шаарынын мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Борис Вишневский шаардын бир паркын Кыргыз жараны Токтогон Алтыбасарова апанын атынан атоо сунушун киргизгенин, анткени Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Токтогон апа Ленинград блокадасынан жер оодарып келген 150 баланы ажалдан алып, асырап багып чоңойтконун, керек болсо мындан өткөн баатырдык жок экендигин белгиледи.

XS
SM
MD
LG