Линктер

Шаршембидеги кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

“Майдан” гезити журналист Эмилбек Момуновдун “Ыйман кризисине кантип кабылдык?” деген макаласын, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акундун “Азиза Абдрасулова менен Төлөйкан Исмаилова райондук деңгээлдеги шовинист укук коргоочуну грант үчүн эл аралык деңгээлге чыгарышты” деген маегин тартуулады. Ушул эле санга аңгеме курган “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Өмүрбек Текебаев борбор шаарды чыныгы борборго айландыруу үчүн эмне иштерди жасаш керектигине кенен токтолуп, мисалы Бишкектин бардык жолдоруна видеокөзөмөл орнотулса, 24 саат бою кылт эткен кыймыл көзөмөлдөнүп турса, бир жылда 50 миңден 100 миңге чейин камера илинсе накта тартип орномогун, ким кандай кылмыш кылбасын көзөмөлдөн качып кутула албасын, “Ата Мекен” партиясы мына ушул жана башка көптөгөн сунуштар менен чыгып атканын айтты. Кабарчынын анын байлыгы, мүлкү, рестораны тууралуу сураган суроосуна Өмүрбек мырза, Тыныстанов-Баетов көчөлөрүндөгү 3 бөлмө квартирада турарын, жазгандар “Текебаевдин үйү жок экен” деп жазышканын, жогоруда айткан үйү барын, бирок ал үй-бүлөнү сыйлаган кыргыздардай эле аялына, балдарына, өзүнө таандык болгон соң үй-бүлө мүчөсүнүн бири болгон аялына катталганын, жазгычтар жазган “Дубовый парк” ресторанына таптакыр тиешеси жоктугун айтып жообун берди.

Саясат, бийлик тууралуу сөз кылган Текебаев, биздеги жакшы жагы–коңшу өлкөлөр сыяктуу бийлик атадан балага өтүп, жарым кылым бир үй-бүлөнү айлана турган түшпөс хан деген болбостугун, Атамбаев бийликтен кеткенге даярданып жатканын, Атамбаевдин тарыхта кала турганы өз убагында бийликтен кеткени болорун, Атамбаев эми да бийлик таза шайлоо жолу менен алмаша турганын далилдеп берерин, Атамбаев өз убагында бийликтен кетүү менен бүткүл Борбор Азияга таасири тийе турган чоң фигурага айланарын кеп кылды. Маектин уландысы гезиттин кийинки санына жарыяланарын журналист Гүлмайрам Турусбекова кабарлады.

Эмилбек Момуновдун дагы бир макаласы “Байыйм десең балык бак” деп аталып Түп районундагы балыкчылык тууралуу баяндады. “Ыйман” коомдук фонддун төрагасы Нуржигит Кадырбеков маегин “Экстремизмге каршы бирдиктүү идеологиялык фронт түзүү–бүгүнкү кыргыз интеллигенциясынын милдети жана иши” деп айтып, жаман-жаман дей бергенден жакшы болуп кетпей тургандыгын жана жаман иштер менен күрөшүүнүн жолдоруна токтолду. Жазуучу Музапар Үсөндүн “Сейит” повести жарык көрүүдө.

“Көк асаба” гезити экономика илимдеринин доктору, өзү жана өзүндөй окумуштуу окутуучулар менен жоюлган окуу жайын кайрадан түзүп чыккан, ошол “Экономика жана финансы институту” деп аталган окуу жайдын ректору Айылчы Сарыбаев менен маекти басты. Айылчы Сарыбаев өз сөзүндө “оптимизация” деген аты бар коррупциялык схема менен жасалган программаны ишке ашырабыз деген шылтоо менен Улуттук университеттин карамагындагы 7 мыкты институтту бир заматта жоюп салышканын, ал 7 институт дүйнөлүк дэңгээлдеги башка окуу жайлары менен байланыш түзүп, дүйнөлүк техника, технология, дүйнөлүк методиканы пайдаланып билим берип жатканда талкалап жок кылышканын, “оптимизация” деген бул Кыргызстандын илим-билимин өз колубуз аркылуу жок кылуу деген нерсе экенин белгилеп, эми мындан ары Улуттук университет бул жүрүшү менен кыргыз-орус (славян), кыргыз-түрк "Манас" университеттери менен атаандаш боло албастыгын, себеби институттардын жоюлушу менен андагы күчтүү мугалимдер менен кошо күчтүү материалдык база да кошо жоюлуп жок болорун билдирди. Андан ары Айылчы Сарыбаев өзү түптөгөн институтта абитуриенттерди кабыл алуу жүрүп жатканын, кабыл алуу сентябрга чейин уланарын кошумчалады.

“Вечерний Бишкек” гезити Бишкектеги “Жаш кыял” бий ансамблинин 8 жаштан 10 жашка чейинки он үч бийчи кызы Арменияда өткөн Эл аралык фестивалга барып катышып, фестивалдын эң башкы сыйлыгы-Гран прини жеңип кайтканын сүйүнчүлөдү. 20 жылдан бери талаада иштеп, күрүч менен пияздан башканын баарын өстүрүп, дыйканчылыктын үзүрүн көрүп келаткан Сокулуктун Жерүй айылындагы фермер Аскарбек Бердигуловдун иши тууралуу журналист Вячеслав Аникиндин макаласынан окусаңыздар болот.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG