Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:30

Атамбаев: "Ансыз деле мага элден бийликте калуумду суранган каттар келүүдө"


Атамбаев Чолпон-Атадагы маалымат жыйынында.
Атамбаев Чолпон-Атадагы маалымат жыйынында.

Шейшембидеги кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

Кыргыз тилдүү басылмалардан бүгүн “Эркин Тоо” менен “Кыргыз туусу” гезиттери жарык көрдү. Кечээ, 1-августа президент Алмазбек Атамбаев Чолпон-Ата шаарындагы “Рух Ордо” маданий борборунда журналисттер, саясат таануучулар жана медиаэксперттер үчүн үч саатка созулган жолугушуу өткөрүп, көптөгөн суроолорго жооп бергенин аталган гезиттер жазып чыкты. Маселен, Конституция эмне үчүн өзгөртүүгө муктаж болуп жатканын сурагандарга президент Баш мыйзамга айрым бир өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн өткөрүлгөнү жаткан референдумду кээ бир адамдар Атамбаев бийликти өз колуна топтоо үчүн, бара-бара премьер-министр болуш үчүн жасап жатат деп жазып жатышканын белгилеп:

-Эгер мен бийликте калуунун кааласам башкача референдум өткөрмөкмүн. Ал үчүн 300 миң добуш топтоо эле жетиштүү болмок. Ансыз деле мага элден бийликте калуумду суранган каттар келүүдө,-деп айтты.

Атамбаев андан ары өзгөртүүлөр Кыргызстанды мурдагыдай жагдайларга эч ким кайрылып баралбасы үчүн керектигин, мунун мисалы, Жогорку Соттун чечимин Бириккен Улуттар уюмунун бир эле комитетинин өзгөртүп салуусу дүйнөнүн эч бир өлкөсүндө жоктугун, ал эми учурдагы Конституциянын 41-беренесин Баш мыйзамдын авторлору Бириккен Улуттар уюмунун комитеттерине белекке берип коюшканын, ошондуктан биздин Конституцияга башка бирөөлөр ажыдаар болбош үчүн, кайсыл бир күнү жарылып кете турган “миналардан” тазалап салуу үчүн өзгөртүлүп жаткандыгын белгиледи.

“Кыргыз туусу” гезити II дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун гимни даяр болгонун, сөзүн журналист Уланбек Абдрахманов, обонун Эмил Кенжекулов жазганын кабарласа, “Эркин Тоо” гезити Соң-Көл жайлоосунда Тайлак баатырдын эрдиги даңкталганын кабарлады. Ушул эле гезит президенттин алдындагы дин иштери боюнча Мамлекеттик комиссиянын директорунун орун басары Бакытбек Осмоновдун “Биринчи кыргыз улуту болуп, андан кийин мусулман болуш керек” деп аталган маегин тартуулады. Таланттуу акын кыздарбыздын бири Айша Алиеванын “Наз дүйнө” аттуу ырлар жыйнагына калемдештеринин ой-пикирлери жарыяланды.

Болотбек Таштаналиев “Кыргыз туусу” гезитиндеги “Алтайдагы Аюу-Таш... Эң байыркы адамдын теги кыргыз болгонбу?” деген макаласында тарыхый эмгектерде Денисов үңкүрү деп аталып жазылып келаткан Аюу-Таш үңкүрү тууралуу кызыктуу далилдерди келтирүү менен кеп кылды. Окумуштуу Дүйшөн Султанкуловдун “Илим менен диндеги айкалыштар жана каршылыктар” атуу макаласы жарык көрдү. Болотбек Таштаналиевдин “Арзымат менен Токтогулдун айтышы: канчасы жалган, канчасы чын?” аттуу макаласынын корутунду бөлүгү басылды. Техника илимдеринин доктору Зарлык Маймековдун макаласы “Үркүн алдындагы элдик болуш, Сакенин уулу Маймек” деп аталды.

70-жылдары кыргыз поэзиясына Сагын Акматбеков, Роза Карагулова, Роза Мукашева, Шербет Келдибекова, Калбүбү Сариева, Касиет Бекназарова, Айгүл Узакова, Үриниса Маматова сыяктуу таланттуу акын кыздардын тобу келип кошулуп, кыргыз адабиятын жаңы ырлар менен байытканы белгилүү. Ошол таланттуу кыздарыбыздын бири Касиет Бекназарова учурда Талас университетинде окутуучу болуп иштеп жатат. Касиеттин “Дүңгүрөгөн оркестрдин ичинде, согот жүрөк: “мен тирүүмүн, тирүүмүн” деген баш теманын алдында жаңы ырларын жарыялады. Журналист Алтымыш Ашыракманов тайгандын сырын мыкты билген замандашыбыз Чоро Насырбеков менен маектешти. Маектин аты “Алгыр тайган–аңчылыктын көркү” деген ат менен жарык көрдү.

“Вечерний Бишкек” гезити бүгүнкү санын президент Алмазбек Атамбаевдин “Кыргызстан суверендүү өлкө–анын ички ишине кийлигишүүгө эч кимдин акысы жок”, деген сөзүн баш тема кылуу менен ачты.

Шаардык гезит Кочкор районунун эки тургуну эшек уурдап жүргөндүгү аныкталып колго түшкөнүн, алар эшектерди уурдап барып союп, этин жолбун иттерге таштап, терисин сыйрып алып кытай ишкерлерине сатып жүргөнүн, эми эшектин терисин сыйрып келген экөөнүн “териси сыйрылып”, алты жылга соттолгонун, уюшкан кылмыш менен күрөшүү кызматкерлери Бишкектен чөнтөгүнө граната салып келаткан 58 жаштагы мурдагы кылмышкердин агасын кармашканын, Жалал-Абад облмилийсанын опер кызматкерлери төрт жылдан бери дайнын таптырбай качып жүргөн экстремисттик уюмдун мүчөсүн “Манас” аэропортунан түшүп келаткан жеринен колго түшүргөнүн жазып чыкты.

XS
SM
MD
LG