Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:46

Апта башындагы кыргыз гезиттерде эгемендикке арналган материалдар арбын жарыяланды.

16-августта жарыкка чыккан кыргыз басылмаларында Кыргызстан көз карандысыздыгынын чейрек кылымга баш койгону, бул аралыкта басып өткөн жолубузга кылчайып, эмнеге жеткенибизди, эмнеден өксүгөнүбүздү эске салган материалдар арбын жарыяланды.

“Кыргызстан секириктен жана жемкорлуктан аксады” деген аталышта “Эркин тоо” гезити Кыргыз улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Абдыганы Эркебаевдин маегин жарыялады. Академиктин ырасташынча, 25 жыл тарых мерчеминен алганда андай деле көп убакыт болбогону менен узак эле убакыт аралыгы. Сингапур, Малайзия, Финляндия, Израиль сындуу өлкөлөр 5 – 10 жыл аралыгында бутуна бат туруп кетишкен. Кыргызстанда реформалар өтө тездик менен жүрдү. “Ал эми биз дал ушул жагына басым жасап туруп алдык. Өнүгүүдө кадамдарды акырындык менен жасабай, мурда феодализмден капитализмди аттап социализмге өткөндөй, эми Американы, Батышты туурап, дароо эле жасалма түрдө социализмден либералдуу экономикага, демократияга секирик жасадык. Мына ушул биздин стратегиялык катабыз болгон”, дейт академик Абдыганы Эркебаев.

Ушул эле басылмада Баш мыйзамга киргизилчү өзгөртүүлөр тууралуу тарыхчы, публицист Кыяс Молдокасымовдун пикири жарыяланган. 2010-жылкы Конституция өтө шашылыш түрдө кабыл алынганын белгилей келип автор “ошондон улам өтө шашылыштык менен кыргыз жыттанбаган, батыш жыттанган, кыргызды бир эле чечим менен Батышка же болбосо эл аралык уюмдарга моюн сундура турган Баш мыйзам кабыл алынган”, дейт.

“Кыргыз туусу” гезитинде Болотбек Таштаналиевдин “Асыл апа, Момун чал, жолдош генерал... пенсия” деген макаласы чыкты. Согушка катышкан, оорукта бел чечпей иш кылган мээнеткечтер жарыбаган пенсия аларын белгилеген автор, минтип жазат: “Эсептеп көрсөм, бир генерал бир айда 10 – 12 кемпир алган пенсияны алат экен”. Азырынча арбын пенсия алган генералдардын арасынан бирди-жарымынын колунда жок, социалдык колдоого муктаж карыларга жардам бергенин уга элекпиз, дейт макала автору. Улуу Атамекендик согуш ардагерлери менен оорукта иштегендерге берилчү жеңилдиктерди аткаминерлер кантип будамайлашканы “Слово Кыргызстана” гезитиндеги “Депутаттар кантип коррупция менен “күрөшөт?” деген катта көрсөтүлгөн.

Ушул эле гезитте Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиевдин тандалма чыгармаларынын томдугу Түркиядан басылып чыкканы тууралуу куш тилиндей кабар да жарыяланган.

Гезитте Мамбет Койгелдиевдин “Элинин ийгилиги үчүн күрөшкөн инсан” аттуу макаласына да орун берилген. Анда “Алаш ордо” идеясын жактагандыгы үчүн саясий жалаага кириптер болгон Касымбай Телтаевдин эмгеги эскерилген. Телтаевдин өмүр жолундагы маанилүү учур 1916 – 1917-жылдарга туура келет. Үркүндөн арып-азган элди сактап калуу, кырылгандан калган калкка жардам берүүнү уюштурууга Телтаев чоң салым кошкон.

Басылмада Алмаз Токтогулов, Акак Жаркынбаева, Замира Калыбек кызынын “Кыргыз парламентинин улуттук өзгөчөлүктөрү” деген аталыштагы макаласына да орун берилген. Мурдагы советтик парламенттик тажрыйбадан аз-аздап кутула баштаган жаңы парламентаризмдин, 2010-жылы толугу менен пропорционалдык система негизинде түзүлгөн мыйзам чыгаруу бийлигинин кемчиликтери катары авторлор мына буларды белгилешкен: эркин мандат фракциялардын ишине тоскоол болуп, партиялардын ыдырашына алып келди. Анан да бул Баш мыйзамга ылайык парламенттик көпчүлүккө ээ боло албаган партиясы жок президент мыйзам чыгаруучуларга толук көз каранды.

Дүйнөлүк көчмөндөрдүн экинчи оюнун утурлап Көл кылаасындагы кооз жайлоо Кырчында 300 ак боз үй тигилип, салтанаттын кам-чому кызуу жүрүп жатканын “Вечерний Бишкек” гезити кабарлады. Ортодо “Кан-Ордо”, ага улай ардактуу меймандарга делген, оюнга келгендерге арналган өзүнчө боз үй шаарчасы курулган. Ушул эле гезит Кыргызстан эгемендигинин 25 жылдыгы менен көчмөндор оюнуна карата почта маркасы жана күмүш тыйындар чыгарылганын маалымдады. Гезитте СССРдин эл артисти Болот Миңжылкиев тууралуу Айсулу Токомбаеванын “Ал биздин жан дүйнөбүздү жалындатып турчу” деген эскерүүсү жарыяланды. Жараткан бардык эле адамга чоң талантты ыраа көрө бербейт. Бизде бирин-бири көкөлөтүп мактоо жөрөлгөсү жок эле, деп эскерет айтылуу бийчи. Концерт алдында ал башкаларчылап ырдабай, тескерисинче тамаша кептерди айтканды жакшы көрчү.

Бир жолу Ошто гастролдо жүргөндө Болот Миңжылкиевди Москвага СССР Жогорку Советинин сессиясына чакырып калышат. Кетип атканда ал жаздыгына фломастер менен колтамгасын жазып кетет. Мейманкана тазалагыч аял мамлекеттик буюмдун булганганына абдан ыза болду. Эгер ал буюм азыр болгондо кунсуз буюм болмок, дейт Айсулу Токомбаева. Учурунда ушундай “тентектикти” Федор Шаляпин жасап, Париждеги кафелердин биринде дасторконго кол тамгасын калтырып кеткен экен.

Бир жылдан бери Кыргызстан мүчө болуп келаткан Евразия экономикалык биримдигинин бул аралыкта жасаган иштери Сочидеги өкмөт башчылардын жыйынында талкууланганын “Слово Кыргызстан” гезити жазып чыкты.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" интернет-редактору, журналист, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG