Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:30

Конституциялык реформа: социалисттер оппозицияга оодубу?


Башмыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандардын пикети.
Башмыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандардын пикети.

Бейшембидеги кыргыз гезиттерине баяндама.

“Азия нюс” гезити бүгүнкү санын “Сүйүн наркотик менен байыганбы?” деген суроо менен ачты. Жакында эле Кыргызстандын ички иштер министринин орунбасары болуп дайындалган Сүйүн Өмүрзаковдун Ошто иштеп жүргөндө билеги жоон балдарды багып, хансарайларды салдырганы, дегеле милиция баштыгынын ишкердик менен алектенгени, чириген байга айланып кеткени артынан биртоп түкшүмөл суроолорду жаратары Тайлак Назымов деген автордун макаласында козголгон.

Ушул эле гезитте “Ата Мекен” партиясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаевдин “Мен бүгүн деле Атамбаев тарапты тандап алмакмын” деген маеги жарыяланган. Жакында Конституцияны өзгөртүү боюнча сунуш кылынып жаткан долбоорго токтолгон Текебаев эгер ал кабыл алынып калса “диктатурага, адам укуктарынын чектелишине, тебеленишине жол ачарын” белгилейт. Биз 2010-жылдагы кырдаалга барып калышты каалабайбыз,- дейт Текебаев. “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси контрреволюциялык аракеттерге каршы турарын, атамбаевчилердин азыркы аракети контрреволюция экенин ырастаган.

Текебаевдин мындай пикирине ушул эле гезиттеги “Мага Суваналиев менен Мадумаровго караганда, Атамбаев менен Текебаев жакын” деген маегинде Азимбек Бекназаров жооп кылып, бул “Атамбаев менен соодалашуу үчүн айтылган пикир” деп баа берди.

”Мен көзү ачыктык кылбай турайын, эртең сентябрда иш башталса, Текебаев башкача пикир менен чыгышы мүмкүн”, дейт Азимбек Бекназаров. Анын ырасташынча, буга чейинки конституциялык реформалардын баарына Текебаев башчылык кылып же конституциялык кеңешме башчысынын орунбасары болуп катышып келе жатат. Ал үчүн Акаевден “Эмгек сиңирген юрист” наамын алган. “Чындыгында Конституция эмне экенин Өмүрбек Текебаев түшүнбөйт. Азыркы Башмыйзамды да сапаттуу деп айта албайбыз. 1993-жылдан ушул кезге чейинки өзгөртүлгөн Башмыйзамдардын баары сапатсыз”, дейт Бекназаров.

Ушул эле гезитте Каршылык көрсөтүү кыймылынын тең төрагасы Кубатбек Кожоналиевдин “Биз бийликтин узурпациясына каршы чыкканда, Текебаев президенттин бийлигин күчөтүүгө салым кошуп жүргөн” деген маегине да орун берилген. Кожоналиевдин ырасташынча, Конституцияга өзгөртүүлөр процедураларды бузуу менен жасалганы турат. Жаңы өзгөртүүлөрдө адам укуктарын чектөө, сот көз карандысыздыгын жокко чыгаруу аракети бар.

“Саресеп” гезити жакында өткөн акындар айтышына кайрылып, ал тууралуу Мирлан Самыйкожонун “Айтышпайм деген акындар да айтышат”, Аалы Туткучевдин “Эл уу жуткан айтыштын чыныгы саясатына күбө болушту” деген пикирлерине орун берген. Ушуга улай гезит “Жаттамага жан тарткан калыстар” деген аталыштагы көлөмдүү макаласын жарыялаган. Басылмадагы аты коюлбаган автордун жазганы боюнча, калыстар арасынан жалгыз Анатай акын гана туура сөздү айтып, калгандары “өзүнчө топ болуп, кайсыл акынды тандап алуу тууралуу сүйлөшүп алышкан”. А бирок фонддун жетекчиси Садык Шер-Нияз айтыштагы тартышты укканын, калыстарга сын айтуу “Айтыш” фондунун салтында жок экенин белгилеп, ар ким өзүнүн уяты, ар-намысы менен жооп берет, деп Фейсбуктагы баракчасы аркылуу жооп берген.

“Республика” гезити жаңы санында Көчмөндөр оюндары тек кожо көрсүнгө гана өтөрүнө токтолгон. Талаш менен башталган Балыкчы-Корумду жолун жаңыртуу аракети азырынча чаңдан башка эч нерсени алып келе электигин Алина Караева жазды.

Конституциялык реформа тууралуу Текебаев маалымат жыйынын чакырып, анда ал Башмыйзам Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн кызыкчылыгын эске алуу менен жазылганын ырастаганын Махинур Ниязованын “Конституция кайда баратабыз. Текебаев менен Атамбаевби?” деген макаласында кабарлайт.

Маалымат жыйынында башкы социалист Атамбаев ырдаган ырлары менен эмес, Башмыйзамды өзгөртүүсү аркылуу каларын, эл келип добуш берерин, бирок кандай жаңылыштык кетиргенин кийин эстерин, бирок кеч болуп каларын отургандардын эсине салганы жазылат.

Ушул эле гезитте конституциялык реформа тууралуу Алмамбет Шыкмаматовдун “Коомдун сергек күчтөрү бул демилгени өткөрбөйт”, Турсунбек Акундун “Эгер бийлик Конституцияны кайра жаза баштаса дагы революция болот”, Адахан Мадумаровдун “Конституциянын айланасындагы оюндар – Кыргызстанды жарып ийчү негизги мина ушул”, Камила Шаршекееванын “Эмнеге? Эмне үчүн? Эмнеликтен? Качанга дейре?” деген пикирлер топтомуна да орун берген.

Гезитте “Азамат Алтай Эркиндик менен демократиянын жарчысы” деген китебинин орусча таржымасынан үзүндүлөр жарыяланган.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG