Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:05

“Атамбаев менен Текебаевдин тиреши парламентти таркатууга алып келбейби?”


20-августтагы кыргыз гезиттерине Шайлообек сереп.

Бүгүн жарык көргөн “Эркин Тоо” менен “Кыргыз туусу” гезиттери юбилейлик саммит жогорку деңгээлде өткөнүн жана өлкөдөгү буга чейин болуп өткөн окуяларды жазып чыгышты. Конституцияга байланыштуу маектер басылды.

Депутат Төрөбай Зулпукаров маегинде эл өкмөттүн туруктуу иштөөсүн көбүрөөк колдоп жатканын, ошондойле 36-берененин 5-пунктундагы жубайлардын никеге катталуусу мыйзам менен бекемделиши керектигин, анткени элет жерлеринде айрым жарандар молдонун никеси менен гана жашап жүрө берип, кокустан ажырашып кеткенден кийин ар кандай көйгөйлөргө туш болушарын, Баш мыйзамдагы бул жагдайлар өзгөртүлүүгө тийиш экендигин белгилесе, коомдук ишмер Дамира Ниязалиева чындыгында Конституцияны өзгөртүү демилгесин 2012-13-жылдары Өмүрбек Текебаев менен Феликс Кулов көтөрүп чыгышканын, эгер ошол кезде Атамбаевдин жаман ою болсо муну дароо колдоп, өзүнө ылайыктап туруп эбак өзгөртүп алмагын, бирок антпегенин, ошол 2009-жылы президенттик шайлоодон кийин КСДПнын активисттерин Балыкчы шаарында камап коюшканда Атамбаев абакта олтургандардын үй-бүлөлөрүнө колунан келген жардамдарын берип турганын, аларды абактан сот аркылуу бошотуп алалбасына көзү жеткенден кийин партиялаштарын чакырып: “Бирөөңөр барып Бакиевге айткыла, эгерде абактагыларды боштондукка чыгарса, мен такыр саясаттан кетем” дегенин, президенттикке бир кадам калганда анын ушундай чечимге барганына агезде таң калышканын, бирок Данияр Үсөнов ар кайсыл шылтоолорду айтып, Роза Отунбаеваны Бакиевге киргизбей койгонун эстеп, эми кандай болгон күндө дагы өлкөгө, элге ызы-чуунун кереги жоктугун айтты.

“Эркин Тоо” гезити республиканын эмгек сиңирген куруучусу Бейшенбек Иманалиевдин, ал жетектеген “Имарат Строй” курулуш компаниясынын ишмердигине кенен токтолуп, Абдимухтар Абиловдун “Ардактуу атуул” деген макаласын жарыялады. Канча жылдардан бери өтпөй калган жаш жазуучулардын фестивалы ушул жылдын 21-23-сентябрында Бишкекте өтө тургандыгын Кыргыз эл акыны, Кыргызстан жазуучулар союзунун төрагасы Акбар Рыскулов акын Карбалас Бакиров менен маегинде билдирди.

“Фабула” гезити Илим жана техника боюнча Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, белгилүү түрколог Четин Жумагуловдун “Конституция бардык жагынан оңдолсун!” деген макаласын тартуулады. Белгилүүү окумуштуу Конституция баш-аягына чейин андагы сөздөрдүн маанисин оңдоп чыгууга муктаждыгын, мындагы көптөгөн терминдер, аталыштар кыргыз тилинин нормасынан чыгып кеткен фактыларды мисалдар менен көрсөтүп, жазып чыкты. “Фабула” гезити “Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаевдин тиреши парламентти таркатууга алып келбейби?” деген баштеманын алдында ой-пикирлердин топтомуна орун берди.

Укук коргоочу Мавлян Аскарбеков:- Жер, аэропорт, мародерчулук жана башка оор кылмыштын бетин ачып, күнөөлүүлөр жазаланышы керек,-деп, журналист Шайырбек Абдрахманов:- Парламенттин күчү жок, таркатам десе таркатып деле коет,-деп, депутат Бактыбек Жетигенов:- Саясый абал курчуп турганда парламентти таратууга болбойт, бирок бизде баары болуп кетиши мүмкүн,-деп, саясатчы Төрөхан Жунусбеков:- Азыр Текебаевдин башына оппозициянын башын бириктирип төңкөрүш жасасам дегенден башка ой келбей калса керек, экөөнүн чатагына президент чекит коет деген ишеничтемин,-деп, депутат Алмамбет Шыкмаматов:- Президентке парламент жакпай калса таркатат деген норма Конституцияда жок,-деп, депутат Таабалды Тиллаев:- Чатак парламенттин тарашына алып келбейт. Ага негиз жок,-деп жооп беришти.

Ушул эле гезитке белгилүү коомдук ишмер Топчубек Тургуналиевдин “Бийликти тазалоо–заман зарылчылыгы” деген ат менен маек куруп, бийликти алдым-жуттумдардан, эл ырыскысын жеген шылуундардан, коррупционерлерден тазалоо же люстрация боюнча мыйзам долбоорун 2010-жылы эле жазып, агездеги Убактылуу өкмөткө сунуш кылганын, бирок люстрация мыйзамын кабыл албай койгонун, бийлик тазаланмайын, бийликке элдин салт-санаасын мыкты билген жаштар келмейин адилетсиздик өкүм сүрө берерин, дагы көп нерселерди ачык айтып чыкты.

Бүгүн ошондой эле “Вечерний Бишкек” гезити да жарык көрдү.

XS
SM
MD
LG