Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:16

"“Крысалардан" Кашкар Жунушалиев тазалай албаса, мен өзүм тазалайм"


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Ноябрдын биринде “Фабула”, "Эркин тоо", "Кыргыз туусу", "Вечерний Бишкек" гезиттери жарыкка чыкты.

Бүгүн “Фабула” гезити “Оңтойсуз суроолор” деген тема менен Саламаттык сактоо министри Талант Батыралиевге, Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге, Айлана-чөйрөнү коргоо департаментинин директору Абдыкалык Рустамовго даярдаган суроолорун узатты.

Батырaлиевге багыштап, аны бул кызматка коёрдо кыздын баласындай мактап, “тажрыйбалуу менежер, чет өлкөлөрдө иштеген иш билги адис, уюштургуч жетекчи” деп көкөлөтүп жатып коюшканын, ансыз да оңолбой келаткан медицина тармагы кыйын күнгө кептелгенин, жер-жерлерде төрөттөн каза болгондор, туура эмес дарылагандыктын айынан ден соолугунан ажырагандар катталып, айрыкча бөйрөктүн өтүшкөн оорусунан улам гемодиализ аппаратына жетпей зар какшап жатып өмүрү менен коштошкондор арбып жатканын, эми айыл-кыштактагы ооруканалардын абалын сөз кылбаганда да, диагнозду коё албаган врачтар барын, оорулуулар врачка жардам сурап кайрылбай эле кайра врачтан качып калган абалга жеткенибизди кеп кылып, “айтыңызчы, медицина тармагында качан жылыш болот?” деп суроо салды.

Президент кечээ милиция кызматкерлерине үй берип жатып сүйлөгөн сөзүндө “Ички иштер министрлигиндеги “крысалардан” Кашкар Жунушалиев тазалай албаса, мен өзүм тазалайм, ИИМге реформаны ал кылалбаса мен өзүм кылам” деген ачуу пикирин айтканына шилтеме кылган “Фабула” басылмасы министр милийсага кайрылып: “Дегеле сиз министр болгондон бери ишмердигиңизди карап олтурсак, мурдагы министрлердей күжүлдөгөн иш, өзгөрүү жок болуп жаткандай. Чынында эле милиция бүгүн президенттин кийлигишүүсүз өнүгүүгө жол таппай калдыбы? Буга ким күнөөлүү?” деген суроону койду

Ушул эле гезитке генерал Курсан Асановдун “Реформанын башкы максаты– элдин ишенимине ээ болуу” деген аталыш менен журналист Тилек Рыскуловдун суроолоруна жооп берген маеги жарыяланды.

Бакай Чилтегиндин көрүнүктүү саясый ишмер Топчубек Тургуналиевдин 75 жылдыгына карата алган маеги “Мурдатан каканактап келгендер эми жарылууда, өлкө тазаланууга муктаж” деген ат менен жарык көрдү. Топчуке маегинде бүгүн бийликтин бардык тепкичтеринде колу, пейли таза эмес адамдардын 80и олтурганын, ушулар тазаланышы керектигин, өзү мындан аркы өмүрүн Манаска арнап салганын айтты.

“Милициянын милдети–коомдук коопсуздукту камсыздоо” деген баштема менен “Эркин тоо” гезити жаңы санын ачты. Ушул эле гезит Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз филармониясынын директору, Кыргыз эл артисти Кыргызбай Осмоновдун “80 жылдыгыбыз өнөр сыйлаган адамдар үчүн өзгөчө майрам” деген аталыштагы маегин басты.

“Кыргыз туусу” гезити президенттин жогорку окуу жайынын эң алдыңкы студенттерине президенттик стипендия тапшырганын чагылдырган репортажды “Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат” деп атаса, журналист Бермет Маткеримованын макаласы “Кусеин Карасаев менен Айша Карасаеванын узак жашоо сырлары” деп аталды. Журналист Болотбек Таштаналиевдин “Күч структуралары кандай иштеп жатат? Же курал-жарак уурдаган прапорщик, пара алган прокурор, чини ылдыйлаган 116 полковник” деген макаласы жарык көрдү. Жети-Өгүз районунун 30 аксакалы кол койгон кат жарыяланып, анда кыргыздын чыгаан уулдарынын бири, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Болот Мамбетовдун Москвадагы сөөгүн кыргыз жерине алып келүүнү кыргыз бийлигинен суранды.

“Вечерний Бишкек” гезити кечээ күнү президент Алмазбек Атамбаев үйү жок 200дөн ашуун милиция кызматкерлерине жаңы бүткөрүлгөн квартиранын ачкычын жана балдар ойноочу аянтты куруп алуу үчүн 300 миң сомдун сертификатын тапшырганын журналист Александр Тузовдун макаласынан окуйсуздар. Журналист Азамат Касыбеков макаласын “10 миң сом менен бааланган өлүм” деп атап, 10 миң сом уурдап алды деген жалаа менен өз жанын өзү кыйган 9-класстын окуучусу Шерзат Алымбековду ушундай абалга алып келген себепти талдоого алды.

XS
SM
MD
LG