Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:31

“Жаңы өкмөт курамы, жан сакчылыктан министрликке кеткен жол”


Кыргыз өкмөтү.
Кыргыз өкмөтү.

Бүгүн “ПолитКлиника”, “Азия ньюс”, “Асман плюс”, “Ачык сөз”, “Де-факто” гезиттери жарык көрдү.

“ПолитКлиника” гезити “Бишкектеги №61 мектепте 2-класстын окуучусун кодулап жатышабы?” деген макала менен жаңы санын ачты. Кымбат Турдукожоеванын “Жаңы өкмөт курамы, жан сакчылыктан министрликке кеткен жол” деген макаланы өкмөт мүчөлөрүнүн сүрөттөрү менен жарыялады. Депутат Рыскелди Момбеков маегин “Энергобарондор энергетика министринин башын жутту” деп атаса, депутат Өмүрбек Текебаев маегин “Бул өкмөт төө кушка окшоп, проблема жаралса башын катып жатат” деп атап, жаңы дайындалган кадрларга, айрыкча Ички иштер министрлигине келген министрге ичи чыкпагандыгын, ал өкмөт деген эмне экенин, анын структурасын, канча министрлик, канча комитет бар экенин билбегенин, бизнес жүргүзүү боюнча 70-орунда турганыбызды, ал эми Бакиевдин маалында дүйнөдө 40-орунда турганыбызды, Атамбаев түзгөн стратегия боюнча 30 өлкөгө киришибиз керек болсо, 67-болуп эки эсе начарлап кеткенибизди мисалга тартты.

Кыргыз улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Абдыганы Эркебаевдин “Американын Конституциясынан үлгү алсак болор эле” деген маеги басылды. Айгүл Бакееванын чыгаан публицист, журналист, акын Алым Токтомушевди эскерүү кечесинен даярдаган бети “Алым менен Шербет” деп аталды.

“Азия ньюс” гезити Сабыр Муканбетовдун “Караланган Темир Сариевдин ак экени тастыкталууда” деген макаласы менен бүгүнкү санын ачты. Арстан Алгырбековдун макаласы “Бабановдун жолу” деген ат менен жарык көрдү. Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Улан Исраиловдун Ички иштер министри болушуна байланыштуу ой-пикирлердин топтому “Жаш кадрды буттан чалбай, ишине жол ачып берели” деп аталды. Экономист Айылчы Сарыбаев “Келе турган инвестицияны орус тилдүү маалымат булактары үркүтүүдө” деп маек курса, Токтайым Үмөталиева “Менин артыман ИИМдеги Азизов заказ кылган” деп маек курду.

“Азия ньюстун” бүгүнкү санынан депутат Каныбек Иманалиевдин “Бийлик менден кылмыш ишин таба албайт” деген, депутат Өмүрбек Бабановдун “Абулгазиевдин убактысы ошончолук эле көп болсо, депутат болуп саясатка аралашсын” деген, саясат таануучу Бакыт Бакетаевдин “Түштүктү түрө кыдырып жатабыз, элдин 90 пайызы референдумду колдоодо” деген маектерин окуйсуздар.

“Ачык сөз” гезити жаңы санын гезиттин башкы редактору Жора Сулаймановдун “Сөз кудурети баарынан бийик” деген макаласы менен ачып, калемгердин касиети калыстыктан тайганда качарына токтолуп, окурман журту азыр баарын билип-көрүп турганын, “Бийликти минтип согосуң!” деп гезиттин кожоюну ныгырып турганда айла жоктон бери карап күлүп, ары карап ыйлап жазгандар да жок эместигин, кээ бир өзүн кыйын сезгендер буйуртма материалдарды башка ат менен жаза калып жүргөнүн, бул эми кара курсактын айынан болуп жаткан амал экенин, андыктан мамлекеттин алган түз багытын жымсалдабай, жамаачылабай чагылдыруу үчүн ал башкарган басылма аракетин жумшап келатканын айтты.

“Ачык сөз" гезити андан ары депутат Жанар Акаев тууралуу “Балашкадан” эми көрүп калбайбы?” деген, “Рысалиевге кезек бербей коюшту” деген, “Тешиги көп Конституция эми жаңыланат” деген, окумуштуу Сыртбай Мусаевдин “Байыркы бабалардын изи менен же Монголия кайрыктары” деген кызыктуу жол баянын басып чыкты.

“Асман плюс” гезити Эмилбек Момуновдун “Сирия менен Ирактагы согуш “Жакынкы Чыгыш” долбоорунун алгачкы кадамы” деген макаласын, депутат Аида Салянованын “Түп нуска дегенди түшүнбөгөндөр бар” деген, академик Лариса Асанбекованын “Ичкилик, баңгизат, кумар оюндарын жин-шайтандар башкарат” деген жана Алмазбек кызы Шарипанын ырчылар менен алып баруучу Элмара Турсуналиевадан алган маектерин жарыялады.

“Де-факто” гезити бул санын “Дональд Трамп–АКШнын 45-президенти” деген макала менен ачты. Андан кийинки макалалардын тобу өкмөткө багышталды. Сиздер ошондойле: “Өкмөт Сариевдин ишин улай алабы?”, “Жарга такалган “жан сакчы”, “Муштуму менен эсте калган Мурашев”, “Башкы прокуратура Исаевдин изине түштү”, “Малабаев элге каршы иш кылганбы?”, “Чырдан арылбаган министрликке Калилов келди”, “Чегара чечилүүдө”, “Жолдон жолу буулган Айдаров” деген майда маалыматтарды, “Баламдын башына 17 жолу целлофан кийгизип кыйнашкан” деген арыз-арманды жана “Төө-Ашуудан 6 адамды сактап калган жигиттер” деген макаланы, “Эркин Европа–Азаттык” радиосунун кыргыз кызматынын директору Венера Сагындык кызынын “Азаттык” Прагадагы элчиликтей эле” деген маегин бүгүн жарык көргөн “Де-факто” гезитин сатып алып окуп алсаңыздар болот. Венера Сагындык кызы маегинде “Азаттык” радиосу, анын чыгармачыл адамдары тууралуу кеп кылды. Ал ошондой эле журналисттин суроосуна жооп кылып: “Мен чех коомуна аралашып, сүңгүп кетериме ишенбейм, антип элестете албайм. Мен ордумду баары бир Кыргызстандан көрөм. Мигрант деген статус негизи эле жакпайт”, деп айтты.

XS
SM
MD
LG