Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:04

“Кыргызтелеком” интернет бааны кантип көтөргөн?


Интернет дүйнө.
Интернет дүйнө.

Бүгүн “Вечерний Бишкек”, “Кыргыз туусу”, “Эркин тоо”, “Фабула” гезиттери жарык көрдү.

“Фабула” гезити маданиятка эмгек сиңирген ишмер Бөкөнбай Боркеевдин “Чыйкан” деген аталыштагы макаласына окурман көңүлүн бурду. Белгилүү журналист макаласында баштан аяк таанымал саясатчы, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди сынга алды.

Буга улай эле журналист Мирлан Алымбаев даярдаган бет “Шибегени капка каталбайсың” деп аталып, Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартуу фактысына байланыштуу кылмыш иши козголгонун маалымдап келип, бул боюнча айрым адамдардын ойлоруна орун берди.

Тарыхчы Кыяс Молдокасымов:- Бул ошол кыйчалыш жагдайдын бир бучкагы гана! Али коомчулукка белгизсиз көп жагдайлар бар. Елисеевдин бул документи эмне болуп калыптыр. “Кумтөргө” байланыштуу миллиарддаган сомдорду садага чаап, эл ырыскысын жегендер эртедир-кечтир жооп бериши керек, - деп,

Токтогул Какчекеев:- Бул ишти жөн калтырбаш керек, - деп,

Турсунбек Акун:- Азыркы бийлик Салянованы жакшы эле көтөрдү. Бирок мени таң калтырганы эмне үчүн ушул кезге дейре кылмыш иши козголгон эмес. Качан гана Салянова менен Текебаев бириккенде иш козголуп жатат, - деп,

Алмаз Базарбаев:- Бул ачык кылмыш, ким болсо да жазасын алыш керек, - деп,

Аскер Сакыбаева:- Эми бул “Белизгейт”, “Мегакомгейттин” эле уландысы,-деп,

Чолпонбек Сыдыкбаев:- Кыясы бул ишке таасирдүү адамдар киришкен же чоң акча ойногон, - деп жооп беришти.

“Фабула” гезити ошондой эле буту баспай калганда жубайы таштап кеткен атбашылык Рахатбек аттуу эрки темирдей бекем жигит териден 15 миң сомго чейинки сумкаларды тигип 3 баласын багып жатканын баяндаган макаланы тартуулады.

“Кыргыз туусу” гезити Аида Надырбекованын “Сөздөн–ишке, убададан–реалдуулукка” деген ат менен эки беттен турган сүрөттүү макаласын басты. Анда Кыргызстандын акыркы беш жылда жараткан жакшылыктары баяндалды. “Кыргыз бренди – "Дордой” деген ат менен “Дордой” бирикмесинин ардактуу президенти Аскар Салымбековдун көлөмдүү маеги жарыяланды

“Эркин тоо” гезити жаңы саны аркылуу Бишкек шаарын өнүктүрүү программасы кантип аткарыларын, аскердик реформа талкууга алынганын, “Кыргызтелекомдун” интернет тарифке бааны көтөрүүсүн башкы прокуратура текшергени калганын, Ташкенде элдик аспаптар боюнча сынак өткөнүн, Назарбаев да Атамбаевди туурап бийлигинин басымдуу бөлүгүн парламентке өткөрүп бермей болуп жатканын кабарлады. Илимпоз Ибрагимовдун окумуштуу Шералы Жапаров тууралуу баяны да ушул санда.

“Вечерний Бишкек” гезити Германиянын элчилигинде “Мезгилге саякат” аттуу кызыктуу концерт болуп өткөнүн, Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде СССРдин эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун живописттик эмгектеринин көргөзмөсүнүн жумалыгы ачылганын, художник жана актер Сүймөнкул талыкпаган эмгеги, таасын таланты менен дүйнөгө таанылганын, кино чеберлери менен сүрөт чеберлеринин ортосунда ушул күнгө чейин “Сүймөнкул Чокморов деген ким болгон? Сүрөтчү болгонбу же киноактер болгонбу?” деген талаш басылбай келатканын, Сүймөнкул алгач Фрунзедеги сүрөт окуу жайын бүтүрүп, анан Ленинграддан Репин атындагы сүрөт окуу жайында окуганын, кийин кинодогу таланты менен СССРдин эл артисти болгон Чокморов художниктик таланты менен Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү да болгонун Анастасия Карелинанын “Легенданы барактаганда” деген макаласынан окуйсуздар. Гезитте интернет-тарифтин тегерегинде да макала бар.

XS
SM
MD
LG