Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:54

“Манас” аэропорту кыйраган учактагы жүк боюнча түшүндүрмө берди


Учак апаатынан кийинки издөө иштери.
Учак апаатынан кийинки издөө иштери.

“Манас” эл аралык аэропорту кыйраган учак боюнча Түркиянын АСТ Airlines авиакомпаниясы тараткан билдирүүнү четке какты. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө “жүк Кыргызстанга багытталбаганы, Гонкондон Стамбулга ташылып баратканы” айтылат. Учак Бишкекке май куюу жана экипажды алмаштыруу үчүн конууга аракет кылганы белгиленет.

Түркиянын АСТ Airlines авиакомпаниясы кыргыз өкмөтүнө каршы келген маалымат берген. Тагыраак айтканда, учак Бишкекке жүк түшүргөнү келгенин “Азаттык” радиосуна 18-январда билдирген эле.

Бүгүн Жогорку Кеңеште “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бул маселени көтөрүп, өкмөт бардык маалыматты жашырбай ачык айтуусу зарылдыгын белгилеген.

"Боинг-747-400" учагы кабылган кырсыкты Эл аралык авиация комитетинин, "Боинг" компаниясынын өкүлдөрүнөн жана орусиялык адистерден куралган комиссия иликтөөдө.

Апаат 38 адамдын өмүрүн кыйды. Алардын төртөө экипаж мүчөлөрү, калгандары Дача-СУ конушундагы жашоочулар. (SE)

XS
SM
MD
LG