Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:53

Кыргызстан-Орусия: ИИМ башчылары мыйзамсыз миграцияны талкуулады


Кыргызстан менен Орусиянын тышкы иштер министрлери эки тараптуу кызматташтык менен катар мыйзамсыз миграцияга каршы туруу маселелерин да талкуулашты. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлоодо.

Орусия президенти Владимир Путиндин Бишкекке расмий сапарынын алкагында бүгүн өткөн жолугушууда Улан Исраилов менен Владимир Колокольцев экстремизм, терроризм жана мыйзамсыз миграцияга, мыйзамсыз баңгизат жүгүртүүгө каршы туруу, эл аралык кызматташтыкты арттыруу маселелелерин талкуулаганы кабарланды.

Жүз миңдеген кыргыз жараны учурда Орусияда эмгек мигранты болуп жүрөт. Алардын он миңдегени Орусиянын Федералдык миграция кызматынын “кара тизмесинде”. (RK)

XS
SM
MD
LG