Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:04

"Дасмияда" жети күн “Манас” айтылат


Улуу манасчы Саякбай Каралаев
Улуу манасчы Саякбай Каралаев

Бүгүн Кыргызстанда 6 миллионунчу ымыркай жарык дүйнөгө келди. Эсиңиздерде болсо, 5 миллионунчу ымыркай 2002-жылдын 27-августунда төрөлгөн. Бешик бообуз бек болсун, rыргызстандыктар!

“ПолитКлиника” гезити “Президентке кат” деген рубриканын алдында “Мектеп директорунун мыйзамсыз иштерин ким тыят?” деген ат менен Жумгалдын Байзак айлынын тургуну Тамчыгүл Турусбекованын Жумгалдын мектептериндеги рэкетчиликти, финансылык мыйзамсыздыктарды, кадр маселесиндеги терс көрүнүштөрдү ачыкка чыгарган кайрылуу каты жарык көрдү.

Ушул эле гезит “Бакиевдердин кайтып келиши” деген макала басып, декабрдын башында бардык кинотеатрларда “13-аймак” деп аталган кинотасма көрсөтүлгөнү жатканын, тасма азыркы бийликке каршы тартылганын оңой эле баамдаса болорун, тасманы тартууга Бакиевдердин түздөн-түз байланышы болушу ыктымалдыгын, анткени айрым маалыматтарга караганда, Бакиевдердин реванш алууга катуу аракет көрүп жатканын, парламенттик шайлоого өз кишилерин киргизүүгө аракет кылганын, айрымдары чын эле депутат болуп келгенин, Бакиевдер эми келаткан президенттик шайлоодо өз кишилерин алып чыгууга сөзсзүз аракет кыларын, жашыруун маалыматтар боюнча, Жаныш Бакиев акыркы кездери кыргыз саясатындагы өз кишилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштаганын, андайлардын бири Акматбек Келдибеков болушу мүмкүндүгүн, анткени анын айланасындагы окуя Келдибековду саясbй кысымдын курмандыгы кылып көрсөтсөк эл колдоп кетиши мүмкүн, деген максат менен жасалып жаткан иш экенин жазып чыкты.

Өкмөт башчысы Темир Сариевдин жер титирөөдөн жапа чеккен аймактарды өз көзү менен көрүп, үйсүз калгандарга кандай жардам берип жатканын чагылдырган макалада Темир Сариев кыш кирип келгендиктен азыр үй салганга болбостугун, ошондуктан темир вагондорду жылуулаттырып жатканын, щит үйлөрдү куруп берүү үчүн Орусиянын өкмөтү менен сүйлөшкөнүн, атайын ачылган эсеп аркылуу жабыркандарга жардам бериле баштаганын айтканын кабарлады.

Бул санда “Кумтөр” республиканы кризистен сактап турат” деген макала, “Терроризмдин тамыры кайда жана анын дин менен байланышы барбы?” деген талкуу жана башка материалдар бар.

“Азия ньюс” гезити Түркияда атып түшүрүлгөн учак боюнча орус элитасы менен аскер башчылары өтө чечкиндүү аракеттерге өттү. Эми кандай болсо дагы мындан аркысы Путиндин жообуна жараша болот” десе, “ПолитКлиника” гезитинин суроосуна берген жообунда УКМКнын мурдагы башчысынын орунбасары Марат Иманкулов: - Биз божомолдорго эмес, фактыларга гана таянышыбыз керек. Ошондуктан азырынча бир тарапта болгонубуз жарабайт, - деп, мурдагы вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев: - Өлкө башчысы калыс позицияда турат. Эч кандай билдирүү жасаган жок. Эгер Орусияны же Түркияны колдой турганыбызды билдирсек анда абал татаалдашып кетмек. Эки өлкө менен тең мамилебиз жакшы экенин эске алып, унчукпай турганыбыз туура. Бекеринен элибиз “Сабырдын түбү сары алтын” деп айткан эмес, - деп жооп берди.

“Көк асаба” гезити 27-ноябрдан 4-декабрга чейин Бишкектин "Дасмия" эс алуу борборунда жети манасчы жети күнү тынбай “Манас” айтышарын, мунун бардык чыгымын Самат Ибраев башчылык кылган “Саякбай” коомдук фонду моюнуна алганын, коңшу Кытайдан, Орусиянын бир катар шаарларынан, Түркиядан меймандар келиши мүмкүндүгүн маалымдады. Жазуучу Абдымамбет Сариевдин “Көк жал” аттуу ой толгоосу тартууланды. “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын” уюштуруучусу Максат Чакиевдин маеги “Өзүбүздүн маданиятыбызга ылайык коомдук түзүлүштү калыптандыруу керек” деп аталып, дүйнөлүк деңгээлде биринчи жолу өткөрүлгөн “Көчмөндөр оюнундагыдай” иш-чаралар биз көптөн бери издеп, таппай келаткан идеологиянын калыптанышына сөзсүз пайдасын берерин, кыргыз элинин ким экендигин, анын салт-санаасы мыкты эл экендигин көрсөтүү менен дүйнөлүк кадыр-баркыбызды дагы бийик көтөрөрүбүздү айтты. Максат Чакиев ошондой эле баш-аягы жок эркиндик хаоско алып келерин, ошондуктан ар кандай эркиндиктин өзөгүн биринчи иретте жоопкерчилик түзүшү керектигин, биз кыргыз эли элдигибизди өзүбүздүн салт-санаабыз, өзүбүздүн маданиятыбыз менен түптөө аркылуу гана сактап каларыбызды, чынында эле ошентишибиз керектигин кеп кылды.

XS
SM
MD
LG