Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:02

Жаман дей бергендин арты жаман


Шаршембидеги кыргыз гезиттеринде бир топ кызыктуу материалдар жарыяланды.

“Искра” гезити “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулаймановдун “Эч кандай өзгөрүү, алгылыктуу реформалар жок” деген аталыштагы маегин жарыялады. Депутат Сулайманов Акматбек Келдибековдун акталышына байланыштуу суроого райондук соттун өкүмүн эми шаардык сот жокко чыгарып коюшу мүмкүндүгүн, баарын жасайбыз деген ураан менен келген өкмөттү азыр сындаш эртерээк экендигин, дүйнөлүк кризис, кымбатчылык, доллардын өсүшү бул убадалардын аткарылышына кыйынчылык жаратарын белгиледи.

Сулайманов андан ары Коргоо министрлигин жоюп, Комитет кылып койгону туура болбогонун, Кыргызстанда сөз эркиндиги барын, бирок калп жазган журналисттер деп айтылганы туура эместигин, Жогорку Кеңешке киргизбей койгондо маалымат алалбай каларын, шайлоодо анын партиясы күткөндөй добушка жетпей калганын, көбүрөөк добуш алабыз деп ойлогон менен элдин ишеними ушул болгонун, андыктан 12 мандат менен парламентте чоң өзгөрүү жасай албастыгын, бирок колдон келген иштерди жасай тургандыгын айтты.

КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековдун билдирүүсү “Камчыбек Жолдошбаев менен соттошконго убактыбыз жок” деп аталып, ал орус тилинде жарык көрдү.

Адаттагыдай эле Акматбек Келдибековдун сотундагы стенограмманын уландысы басылды. Жаш саясатчы Адилет Калыгуловдун макаласы “Кыргызстанды сактайлычы!” деп аталып, акыркы кездери, айрыкча жаштар арасында мекенчилдик, мамлекеттин кадыр-баркы, мамлекеттүүлүк деген баалуулуктар жоголуп баратканын, бейиштин төрүнөн артык Кыргызстаныбыздын жер үстүнөн жок болуп кетишин каалаган ички жана тышкы күчтөр толтура экендигин айтты.

Калыгулов өлкөнү жок кылгысы келген күчтөр андан кийин Украинанын майданын Бишкекте жасоону көздөшкөнүн, ага кошул-ташыл Саруудагы чыр, ошондогу депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов жан-жөкөрлөрү менен жоого аттангансып барып темир тосмодон секирген ызы-чууларын, калкты өз өлкөбүздүн бийлигине каршы көтөрүүнү көксөгөндөр болгонун жазды.

Жаш саясатчы Адилет Калыгулов: “Алмазбек Атамбаев тарыхта калат. Кыргызстандын, деги эле КМШнын тарыхында 1-жолу президенттин укуктарын кескин түрдө азайтуу демилгеси менен чыкты. Негизи эле тарыхта өз бийлигин кескин кыскартууга барган падышалар жокко эсе” деп жазды жана терс көрүнүштөр, кайгылуу окуялар ар бир өлкөдө боло жүргөн нерсе экендигин, ошондуктан Кыргызстан тууралуу жалаң гана жакшы кабарларды, жагымдуу жаңылыктарды таратууга, айрыкча интернет аркылуу ансыз да бейиштей болгон эли-жерибизди даңктап, даңазалап, коргоп алууга чакырык таштады.

“Вечерний Бишкек” гезити “Өспүрүмдөрдүн арасында рэкетчилик гүлдөп жатат” деген макалага окурман көңүлүн буруп, “Кыргызстан” фракциясынан депутат Тынычбек Конушбаев шаардагы Садыков атындагы музыкалык жана искусство мектебинде жогорку класста окуган окуучулар өзүнөн төмөнкү класстын окуучуларына салык салып, арак жана тамеки сатып келүүгө мажбурлап турарын, аталган мектепте жашоо-турмушу начар үй-бүлөлөрдүн балдары окурун, анан алар акчаны кайдан табат деген суроо тууларын, депутат Тынычбек Конушбаевдин айтуусунда, мектеп рэкетчилигин мектеп директору эң сонун билерин, бирок балдар хулиганчылыгын болтурбай койгонго эч кандай аракет кылбай жаткандыгын, буга байланыштуу Билим берүү жана Ички иштер министрликтерине ушул жагдай боюнча кайрылуу жөнөткөнүн жазып чыкты.

Мурдагы чакырылыштын депутаттары балдар арасындагы мындай көрүнүштөргө маани бербей келсе, жаңы шайланып келген депутаттардын буга маани бере баштаганы жакшы жышаан экендигин, анткени балдар арасындагы майда кылмыштарды жоюу менен чоң кылмышка бара турган жол тазаланарын белгиледи.

XS
SM
MD
LG