Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:49

Абак ырлары – тарых күзгүсү


Сибирдеги Тобол шаарындагы музейге айланган абакта 1899-жылы акын Токтогул Сатылган уулу да кармалып турган.
Сибирдеги Тобол шаарындагы музейге айланган абакта 1899-жылы акын Токтогул Сатылган уулу да кармалып турган.

Кыргыз фолклорунда жана жазма адабиятында абактагы жана сүргүндөгү турмуш тууралуу чыгармалар өзгөчө орунда турат. Бул чыгармалар – адам укуктары, инсан бейнеси, бурулуштагы тагдырдын коңгуроо кагуусу чагылдырылган жана анчейин изилдене элек өзгөчө коомдук күзгү.

Орто кылымдардан бери чыгыш коомдорунда эркинен ажыратылгандардын жомоктору, арман ырлары, күүлөрү жана башка чыгармалары аймактан аймакты, элден элди кыдырып, кеңири жайылган.

Оторчулук доорунда

Кыргызстан падышалык Орусияга каратылгандан тартып абак ырлары Орусиянын саясий турмушу менен чийеленишкен.

Советтик тарыхнаамада Кыргызстандын түндүгү 1963-жылга карата Орусияга “ыктыярдуу” кошулган деген жобо үстөмдүк кылган менен, иш жүзүндө атажурттун бул аймагы да аскердик күч менен басып алынган. Бир эле мисал: 1855-жылы бугу уруусунун төбөлдөрү падышалык Орусиянын букаралыгына өтүүгө ант кармаганы менен, ушул эле уруунун таасирдүү төбөлдөрү кийинчерээк бул оюнан кайтканда, аларды четинен жазалашкан.

Балбай Эшкожо уулу (1797, Ысыккөл өрөөнү -1867, Верный, сөөгү Сарыбулак (азыркы Балбай) айылына коюлган) бугу уруусунун белек уругундагы токой бутагынан чыккан беделдүү манап катары таанымал. Ал орус букаралыгын тааныгысы келбей, бугу уруусу жердеген жана Кытай тарабына кийинчерээк гана чегерилип калган Текес аймагына көчүп кеткен.

Балбай баатыр Иле суусунун жогорку агымында жайлап жүрүшкөн жана орус букаралыгына моюн сунбаган казак төбөлдөрү Дурали султан, Саурун жана Сабатар молдолорго кошулат. Балбай баатыр 1864-ж. Чыгыш Түркстандагы кытай бийлигине каршы чыккан дунгандар менен уйгурлардын жана аларга аралашкан кыргыз, казактардын көтөрүлүшүн колдогон. Ал Текестеги ойротторго (батыш монгол урууларына) каршыжортуулдарга да катышкан.

1867-жылдын май айында орус өкмөтүнүн аскердик тыңчылык жана жазалоочу иштерин жетектеген полковник В.А.Полторацкийдин кошууну Текеске жүрүш жасаган. Ал жерден орустардын бийлигине моюн сунбай жүрүшкөн кыргыз-казак айылдарынын айрымдарын курчоого алган. Натыйжада, кыргыз казак урууларынын кээ бир антиорусиячыл башчылары, анын ичинде Балбай баатыр да колго түшүрүлгөн.

Туткундар Верный чебине (азыркы Алматы шаарына) жеткирилип, падышалык оторчулардын Жети-Суудагы алгачкы абагына салынат. Балбай баатыр 1867-жылдын май айынан тартып Верный түрмөсүндө жатып, сентябрь айында көз жумган.

Балбай баатыр өз ырында улутташтарын кайра Кокон хандыгы менен элдешүүгө чакырган жана өз сөөгүн Алматыдан алып кетип, Ысык-Көлгө коюуларын керээз кылып айткан:

“Арага Кокон салалы,

Элчи кылып Коконду,

Төрөкелди баатырды

Бетке кармал баралы,

Башты жыйып алалы,

Алматынын ак мазар

Сөөгүмдү аманат кой башында,

Ачып алгын жазында.

Чаркың келсе жүз келгин,

Сөөгүм ачып ала көр,

Ысык Көл алып бара көр…”

Булак: Белек Солтоноев. Кыргыз тарыхы: Тарыхый очерктер. — Бишкек: Учкун, 1993. - 224 бет. 2-китеп. – 46-бетте.

Балбайдын абактагы керээз камтылган арманы – ала-тоолук кыргыз фолклорундагы Орусиянын абагындагы чыгармалардын бизге дайын болгон алгачкы үлгүсү (бул макалада Түштүк Сибирдеги кыргыздардын 17-кылымдан тартып орус абагына салынышы, Атакенин элчиси Абдыракман Кучак уулунун Омбуда сый туткун болуп жүрүп өлгөндүгү тууралуу сөз кылбайбыз).

1898-жылдагы май (бугу) айындагы Анжыяндагы улуттук боштондук көтөрүлүштүн негизги кыймылдаткыч күчү, теги казак тарыхчы, профессор Анварбек Хасановдун ырастоосунда, кыргыздар болгон.

Бул көтөрүлүшкө “катышкан” деген айып менен жазалангандардын жана Сибирге (Шиберге) сүргүнгө айдалгандардын арасында кыргыздын чыгаан демократ акыны, комузчу, төкмө, композитор. Токтогул Сатылган уулу (1864-1933) болгон. Тарыхчы Кыяс Молдокасымов тастыктагандай, акын Токтогул 1905-жылга чейин сүргүндө болуп, бирок өзү бошотулгандыгы жөнүндө расмий кагазды албастан эле, атажуртуна Алтай, казак талаалары аркылуу качып чыккан.

Сүргүндөн качып келгенден кийин акын Токтогул «Жерди көргөндө», «Кетмен-Төбөнү көргөндө», «Эңсеген элим аманбы?», «Апакем аман барсыңбы?», «Туткундан келгенде» сыяктуу ырлардын түрмөгүн калайык арасында ырдаган.

http://www.aktilek.net/Topic.aspx?BoardID=18&TopicID=1077&Page=2

Анын "Кербезинде" абактагы азабы тууралуу мындайча саптар бар:

"Айыпсыз кармап сот кылып,
Айдаганда кербезим,
Айнектей көзүм чачырап,
Жайнаганда кербезим.
Артыма колум чынжырлап,
Байлаганда кербезим.
"Аман бол кыргыз элим" - деп,
Сайраганда кербезим.

Катын, балам чыркырап,
Калгандагы кербезим.
Кан залим башка капаны
Салгандагы кербезим.
Каптаган селге кайран баш
Баргандагы кербезим.

Алыска айдап элимден
Бөлгөндөгү кербезим.
Алмадай башым азапты
Көргөндөгү кербезим.
Ажалым жок өлбөстөн,
Алты сан кыргыз көп журтка
Келгендеги кербезим..."

Булак: http://erkindik.ru/forum/topic/128-токтогул-сатылганов/

Кеңеш доорунда

Кеңеш доору абактын жана сүргүндүн айырмалуу түрлөрү өнүккөн кезең болгон. “Тап күрөшүнө” чегерилип абакка түшүрүлгөндөрдүн арасында айтылуу акын Казыбек Мамбетимин уулу (1901-1936) да болгон. Ат-Башы жергесинин Торугарт тараптагы акыркы кыштагы – мурдагы “Погранич” кыштагы эгемендик доорунда Казыбек казалчынын ысымын алып калды. Ал эми анын абактагы жана андан кийинки күйүттүү ырлары Борбордук Теңир-Тоодо гана эмес, Кытайдын Улуу-Чат, Ак-Тоо, Ак-Чий, Ак-Суу сыяктуу аймактарында да ырдалып калган.

1929-жылы Казыбек Мамбетимин уулу да "бай-манап менен кулактын тукуму” катары айыпталып, ата-энеси менен кырк төрт манапка кошулуп, алыскы Орунбор (Оренбург) аймагына айдалган.

Ошондо Казыбектин:

“Миң тогуз жүз жыйырма

Тогузунчу жылында,

Бай манап деп айдалып,

Буйрук менен кез болдук,

Бул өңдөнгөн кыйынга.

Кармаган, тапкан буюмдан

Калбады бирөө ырымга” – деп ырдаганы маалым.

Партократиялык режимдин калыптанганын ал мындайча саптарында чагылдырган:

“Бадышаны кулатып,

Бартияны хан кылдык”.

1931-жылы акын Казыбек Орунбордон кайра келип, Кытай тарапка өткөн. Кайра сагынган эл-жерине Ысык-Көлдүн сырты аркылуу өтүп келе жаткан чагында камакка алынып, акын оболу өлүм жазасына, анан соң бул жаза жумшартылып, он жылга кесилген.

Сот өкүмү чыккан күнү Казыбек айткан ыр сакталып жетти:

“Адам уулу дүйнөдө,

Ар нерседен кымбат деп

Эске алса кылар кайырды,

Экинчи кайра туубас деп

Өйдөтөн тилеп турабыз,

Өлүмгө жанды кыйбас деп

Ак жеринен күйгөндү,

Ар ким айтып даттанды.

Текшербеди тирбунал,

Тергөөдө жалган айтканды.

Айыпкер киши жыйырма эле,

Араңдан бирөө акталды.

Жыйырманчы июлда,

Жыйналышын өткөрдү

Тогуз киши атууга,

Токтомунда шартталды.

Жараткандан тилеймин,

Жалындуу октон сактаарды.

Жалгай жүргөн бир өзүң,

Жалпы биздей дартманды.

Артта калган билгенден,

Айбанбыз да караңгы.

Тарбия берээр биринчи

Таанытып жакшы, жаманды

Аның үчүн эске алар,

Алсыз начар чабалды.

Жогортон тилеп турабыз,

Жолу кең төрдү караарды

Айдап барып чаптыраар,

Аральский каналды.

Качанда болсо билебиз,

Кайтпас сапар барарды.

Аның үчүн жолдоштор,

Айтамын сизге саламды.

Жеңдирип кайгы, санаага,

Жеңил адам саналар.

Айыл апа, эл журтун,

Ар ким ойлоп сагынар.

Айланып бир күн барбайбы,

Аман болсо жаныңар...”

Булак: http://www.bizdin.kg/media/kitepter/html/Kalygul._Kazybek._Kazaldar.html#өкүм-чыккандагы-ыр

Казыбек казалчы болжол менен 1936-жылы үчтүн айында (январда) Ташкендин чыгышында “Чыйырчык курулуш” (“Чирчикстрой”) деп аталган ири курулушка айдалып барган абактагылардын арасында жүрүп, дарттын айынан каза болгонун аны менен кошо абакта болгон Төлөмүш Макеев эскерген. Ал кезде Кыргызстан РСФСРдин курамындагы автономиялык жумурият болчу.

Кыргызстан 1936-жылы бештин айында (декабрда) союздук жумурият макамына жетти. Бирок бул кубанычтуу окуялар кыргыз жана башка этностордун айдыңдарын жапатырмак камакка алуу, “үчтүктүн” (“тройка”) шашылыш чечимине ылайык атууга өкүм кылуу, тирүү калгандардын эркин түрмөнүн азап-тозогу аркылуу сындыруу иш-аракеттери менен коштолгон.

Биз, 1960-70-жылдары, бала чагыбызда мектепте окуп жүргөндө эч бир адабияттан 1930-жылдары профессор Касым Тыныстановдун жана башка чыгаан айдыңдардын атылышы, Жоомарт Бөкөнбаевдин куугунтукталышы, ал түгүл Аалы Токомбай уулунун түрмөдө отуруп чыккандыгы жөнүндө кабарсыз элек.

Аалы (адабий ысымы “Балка”) 1937-жылдын ноябрынан 1939-жылдын июнь айына чейин камакта болуп, ага чейин чыккан бардык китептери жок кылынган.

Акын Аалы Токомбай уулунун камакта жүргөндө жазган ырларынан бир нече сап:

"Ышмыян дейт, ышмыяны эмине?

С.Т.П. дейт, с.т.п.сы эмине?

Кыйналганда "ышмыянмын" деп койдум,

Кылкындырып ургандардын бирине.

Жалынганды билбей турган ит экен,

Тилдегенден башка кирбейт тилине".

Бул ырды Аалыке сталиндик абакта жүрүп жазган. Айрым ырларын тамеки чекчүлөрдүн кагазына эптеп карандаш менен чиймелеген. Айрымдарын өзү унутуп калганда, башка абакта чогуу жүргөндөр эркиндикке чыккан соң кайра өзүнө эскертип, жазып же жатка айтып беришкен.

Айрым терминдерге түшүндүрмө бере кетелик. Бул ырдагы "С.Т.П." сөзү - Социал-Туран партиясы дегенди туюнтат. Айрым изилдөөчүлөр мындай партия болгон дешсе, көпчүлүгү кыргыздын чыгаандарын жазалоо үчүн шылтоо катары ойдон чыгарылган уюм болчу деп санашат.

"Ышмыян" деген сөз менен акын Аалы "шпион" ("тыңчы") сөзүн кыргызчалатып, өзүн кыйнаган сабатсыз жазалоочуларды келекелеп айткан. 1930-жылдары абактагы бир далай кыргыздарга жана башка улут өкүлдөрүнө "америкалык же жапондук империализмдин тыңчысысың" деп курулай доо коюшчу. Айрым кишилер Жапония же АКШ деген өлкө бар экенин өз жазалоочуларынан биринчи ирет угушса да, ур-токмокко алынбас үчүн өздөрүн "шпионмун" деп каралаганга аргасыз болушчу.

Акын Аалынын дагы бир саптарын мисал келтирелик:

“Кечээ гана гүл кучактап жыргаган

Булбул элем, эркин элге ырдаган.

Бүгүн мага жолдош болду кайгы-зар,

Бүткөн бойду оору басты жылбаган <...>

Жайым капас, тереземде темир тор,

Кара цемент – жаткан жерим, өзүм кор...

Улуу Совет акыйкаттап караса,

Кубанарбыз, эрип кетээр каткан шор”.

(Булак: Токомбаев Аалы. (Балка). Момия. Ырлар, дастандар, бир шилтемдер (1963-1969). - Фрунзе: Кыргызстан, 1970. - 384 бет. 5000 нуска. - Редактор Т.Кожомбердиев. Терүүгө 29.6.1970-ж. берилди. Басууга 17.9.1970-ж. кол коюлду. Мындагы 239- жана 337-беттерди караңыз).

“Момия” деп аталган бул оригиналдуу китепти Кыргызстандын коммунисттик цензура өкүлдөрү ошол эле 1970-жылдын этегинен тартып кайрадан сатыктан жыйнап кетип, китепканалардагы нускаларын жок кылган. Аалынын “Эл акыны” макамы да анын коммунисттик идеяларга сугарылган чыгармасын цензурадан калкалай алган эмес. Себеби анда абактагы турмуш жана кеңеш доорундагы адилетсиздик чагылдырылган эле.

“Момиянын” сатыкка түшкөндөрүн бир топ кишилер өз өмүрлөрүн жана кызматтык акыбалын тобокелге салып жеке китепканасында катып алууга жетишкен. Ушул китептин бир нускасын атабыз Кадырмамбет катып жүргөн эле, андан соң улуу агабыз Жумамүдүн таберик кылып сактап келди. Эгемендик доорунда гана Аалы Токомбай уулунун бир кезде коммунисттик цензурага "жакпай калган" чыгармалары кайрадан эркин жарык көрдү).

1980-жылдары Кыргызстандын абактарында да кыргыз тилине жана маданиятына астейдил мамиле кылгандар, “манкурт” болбоого үндөгөндөр көп болгон дешет.

Алар “эркин дүйнөдө” тыйуу салынган социалдык ырларды аткарышкан. Маселен, үналгыда бир катар жылдар ырдалып келип, кайра чыгарылбай калган акын Какен К.Алмазбековдун (1934-1991) «Он үч жашар баланын арманы» ыры, Мидин менен Райкандын жоруктарына байланыштуу азилдерди, Байдылданын ырлары сыяктуу чыгармаларды абакта жүргөн “чымыны барлар” сүймөнчүлүк менен аткарышкан дешет.

Бирок ошол 1980-жылдары абактын чегинде жаралган ырлар жана башка чыгармалар жөнүндө изилдөөлөр жокко эсе.

Эгемендик доорунда

Пост-советтик доордогу абак турмушун оригиналдуу романдары менен ырааттуу чагылдырган бирден-бир калемгер – Мелис Макенбаев (15.10.1954 - 21.04.2002) болчу. Анын чыгармачылыгы тууралуу кандидаттык диссертация коргогон илимпоз Мира Сыдыкбаева ыраматылык Мелистин арман толгон ыр саптарын да жарыялаган:

"Келген кезде эшик кагып акыр саат,

Коштошкону келээр бекен таанышым.

Дарманы жок кебетемди табалап,

Кандай ойдо калаар экен душманым.

Кабарымды угаар замат шашылып,

Чогулабы баш жагыма балдарым.

Же болбосо таарынычы күч алып,

Көрсөтүшөөр пендечилик кыялын.

Калган-каткан сезимимди тебелеп,

Өмүр кечи батып барат кантейин.

Күрөш менен өткөн күндөр эсимде,

Эл журтума мээнет кылдым анчейин”.

Филология илимдеринин кандидаты Мира Сыдыкбаеванын жолун жолдоп, жаңы муундагы окумуштуулар Кыргызстанда дээрлик изилдене элек фолклордук жанрды – абак ырларын, ошондой эле абак терминдерин, абакта жүрүп да, адамзаттын асыл нарктарын бийик тутууга умтулгандардын тагдырын иликтөөгө кызыгышаар...

XS
SM
MD
LG