Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:28

Чет элдик ишкерлердин абалы кыйындап жатабы?


Акыйкатчы соңку кездери укук коргоо органдары тарабынан чет элдик ишкерлерди кысмактап акча өндүрүүгө аракет кылуу фактылары күчөгөнүн айтууда.

Акыйкатчы соңку кездери укук коргоо органдары тарабынан чет элдик ишкерлерди кысмактап акча өндүрүүгө аракет кылуу фактылары күчөгөнүн айтууда.

Түрк ишкери Юсуф Өзел менен анын жубайынын Бишкек шаарында камалышы боюнча Түркиянын Мамлекеттик министри Зафер Чаглаян премьер-министр Алмазбек Атамбаевге жеке кат жолдоп, бул адамдарга өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Адвокаттын айтымында, жергиликтүү ишкерлер Өзелди ур-токмокко алып, зордоп тил кат жаздырып, мойнуна көп акча илип каматып коюшкан. Акыйкатчы да соңку кездери укук коргоо органдары тарабынан ишкерлерге кысымдар көбөйгөнүн белгилөөдө.

Кыргыз Республикасында ишкерлик кылган Түркиянын жараны Юсуф Өзел ушул жылдын 25-майында кармалып, 26-майда Биринчи май райондук соту камоо чечимин чыгарган. Ошондон бери ал Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө абагында жатат. Бүгүнкү күнү Өзел менен кошо анын жубайы, кош бойлуу Наргиза Такырбашева да камакта. Булардын камалышына Талас облусунун тургундары Алманбет Оморов, Марат Сыдыков баштаган бир канча адамдын “алдамчылык кылган” деген негизде милицияга арыз жазышы себепчи болгон.

Өзелдин адвокаты Жандарбек Мамытбеков “Азаттыкка” билдиргендей, Таласта төө буурчак менен алектенген ишкердин айрым жергиликтүү шериктери түрк ишкеринин мойнуна зордоп көп акча илип, коркутуп тил кат жаздырып алышкан. Андан соң кайра эле ошол адамдар укук коргоо органдарына кайрылып, ишкерди аялы менен кошо каматып коюшту.


Түркиянын Мамлекеттик министри түрк ишкерин коргоо боюнча кат жазды


Буга байланыштуу Түркиянын Мамлекеттик министри Зафер Чаглаян да премьер-министр Алмазбек Атамбаевге жеке кат жазып, Кыргызстанда начар мамилеге туш болгон түрк ишкери Юсуф Өзелге жардам берүүсүн суранды. Чаглаян мырзанын белгилешинче, Түркия мамлекети бул маселеге өзгөчө көңүл бурат жана маселенин калыс териштирилишине үмүттөнөт. Ошондой эле ал, жакында эле эки өлкө жетекчилери бардык тармактарда, анын ичинде соода-экономикалык багытта кызматташууну күчөтүүнү сүйлөшүшкөнүн, эки тараптуу байланыш бекемделе берерине ишенерин белгилеп өткөн.

Адвокат Жандарбек Мамытбековдун пикиринде, буга чейин башка бир түрк жараны Гүнеш Йылмаз кыргыз кызын токмоктоп, бирок соттон баш коргоо чарасын өзгөртүп, андан соң качып кеткендиги - Өзелдин абалын оорлоштурууда. Ошол себептүү соттор Өзел менен жубайынын баш коргоо чарасын өзгөртүүдөн коркуп жатышат.

Антпесе, Өзел ушул жылдын март айында Алманбет Оморов, Марат Сыдыковдор опузалап, улам акчасын тартып алып аткандыгы тууралуу укук коргоо органдарына арыз жазып, кылмыш иши козголгон. Бирок бир ай өткөн соң, апрель айында ошол эле Оморов, Сыдыковдор Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө каршы арыз жазып, “Өзел карыз акча алып, бербей койгон” деген жүйө менен сот камоо чечимин чыгарган. Бирок зордук-зомбулук, ишкерди ур-токмокко алып мүлкүн тартып алуу жана күчтөп тил кат жаздыруу деген жүйө боюнча Оморов, Сыдыковдор бир күн да тергөө абагында отурушкан эмес:

- Бул деле эми “Эмне үчүн мени камап коюшту. Камабаса деле мен карыз болсом төлөп бермекмин да”,- деп айтып атат го. Бизнес боюнча карызын деле мойнуна алып айтып атпайбы, “1 миллион 300 миң сомдой карызым бар, калгандарын жанагы Алманбет деген уюштурду” деп айтып атат. Эми анын канчалык деңгээлде чын же төгүнүн тергөө иликтеп, иликтөө иштерин жүргүзүш керек. Бүгүнкү күнү мен да тергөөчү менен кошо күбөлөрдү издеп, мен да далил келтиргенге укугум бар. Мен да ошол күбөлөрдү издеп атам.

Ошондой эле адвокат Мамытбековдун ырасташынча, Өзел үч адамга 30 миң долларга жетпеген акча карыз экенин, бирок Оморов, Сыдыковдор ортодон чыгып чет элдик ишкерден күчтөп акча өндүрүү аракетин кылып атышканын айтууда.

Тергөөнүн купуялыгына байланыштуу Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнөн бул боюнча маалымат алуу азырынча мүмкүн болбой турат. Ал эми абактагылардын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча Бишкек шаардык соттун чечими кандай болору эртең белгилүү болот. Өзелге каршы арыз жазган Оморов, Сыдыковдордон комментарий алуу аракетибиз да азырынча майнапсыз болуп турат.

Турсунбек Акун: Укук коргоо органдары айрым чет элдик ишкерлерди кысмакка алып атканы тууралуу маалыматыбыз бар


Ошентсе да Акыйкатчы Турсунбек Акун “Азаттыкка” билдиргендей, соңку кездери укук коргоо органдары тарабынан чет элдик ишкерлерди кысмакка алуу, акча өндүрүүгө аракет кылуу фактылары күчөдү. Филлипин, Бангладеш, Түркия, Казакстан ж.б өлкөлөрдүн ишкерлерин кысмакка алган маалыматтар бар:

- Ишкерлерге карата жергиликтүү бийлик, укук коргоо органдары тарабынан кысым күчөп атат азайбай эле акыркы убактарда. Мисал катары мына Балажа Нимаял Дакаян деген филлипиндик ишкер кармалганына мына беш айдын жүзү болду. Азыр Коопсуздук комитетинин абагында отурат. Ал ошол 12 миллион сом салык жашырган деп кармалган. Азыр 12 миллиону 2 миллион сомго түштү. Жөн гана бул жерде Коопсуздук комитетинин кызматкерлери акча өндүрүү үчүн аракет көрүшкөн. Ал бир да акча бербей койгондуктан, ага ушинтип жалган күнөө тагышкан. Ушуну азыр биз иликтеп, жалпы мониторинг кылып атабыз. Аны Руслан, Данияр, Куба, Канат ана дагы бир Коопсуздук комитетинин кызматкерлери урган. Башкы прокуратура ал кызматкерлердин үстүнөн кылмыш ишин козгогон. Бирок азыр ал иш козгогон боюнча эч кандай натыйжа чыкпай, бут тосулуп, жыйынтык чыкпай атат.

Анан, ошол Балажа Дакаяндын Финансы директору бар, Мухаммад Асадулла деген. Ал Бангладештин жараны. Бул келсе аны да 1-июль күнү Аламүдүн райондук сотунун чечими менен кайра эле ошол УКМКнын абагына камашты. Азыр УКМКнын эле максаты, кандай жол менен болсо да чет жактан келген ишкерлерден акча өндүрүш керек болуп калды. Эми минтип отурсак жакшы болбойт да. Ким келет анда бизге? Ушинтип эле бизге келген ишкерлерди куугунтуктап, акча өндүрүп, шантаж кылып, жалган иштер менен камап атсак ким келет? Анан калса УКМК кызматлеринин үстүнөн Башкы прокуратура кылмыш ишин козгосо, алардын иши эмгиче ордунан жылбай, эмгиче сотко өтпөсө эмне деген мамлекетпиз?

Филлипин жараны эчтеке эмес. Булардан башка Түркиядан келген ишкерлерге карата, Казакстан, Орусиядан келген ишкерлерге да укук коргоо органдары кысым кылып атканы боюнча маалыматтарыбыз бар. Буларды биз өзүнчө айтабыз, азыр мониторинг жасап атабыз.


Күч органдары Акыйкатчынын мындай айыптоолоруна азырынча жооп кайтара элек. Улуттук кооопсуздук комитетинин маалымат кызматынын өкүлү “Азаттыкка” билдиргендей, аларда азырынча филлипиндик, түркиялык ж.б. мамлекеттердин ишкерлерин кысмакка алуу боюнча эч кандай маалымат жок.

Эскерте кетсек, өкмөт да, президент да ишкерлерге, чет элдик инвесторлорго болушунча жакшы шарттарды түзүп берүү жаатында иштеп атышканын байма-бай айтып, ал тургай жыл башында кылмыштуулукка каршы күрөш жарыялашкан. Мурда айрым ишкерлерди коркутуп-үркүтүп, акча өндүрүп келишкен делген криминалдык топтордун лидерлери качканы айтылган. Бирок ишкерлердин абалы тескерисинче оорлой баштаганы тууралуу маалыматтар көбөйө баштады. Бирок Акыйкатчы белгилегендей, алардын абалынын оорлошуна криминалдык топтордун күчөшү эмес, укук коргоо органдарынын өкүм-зордугу себепчи болууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG