Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:07

Евробиримдик Кыргызстандагы лабораторияларга канааттанбай жатат


Кыргызстанда өндүрүлгөн төө буурчак Европада өтүмдүү азыктардан.
Кыргызстанда өндүрүлгөн төө буурчак Европада өтүмдүү азыктардан.

Евробиримдиктин техникалык жөнгө салуу боюнча миссиясы ВСП+ программасынын алкагында Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп жүрөт.

Үч апта мурун келген миссиянын өкүлү Руггеро Малоссии жергиликтүү маалымат каражаттарына билдиргендей, экспортко чыкчу товарларды текшере турган лабораториялар талапка жооп бербейт.

Евробиримдик былтыр ВСП+ программасынын алкагында Кыргызстанга 6000 түрдүү товарды бажы төлөмсүз Европанын базарына киргизүүгө мүмкүнчүлүк берген. Ал үчүн кыргыз тарап техникалык көзөмөлдү европалык стандартка туура келтирүүгө тийиш эле.

Кыргызстанда учурда ар кандай багыттагы 28 текшерүү лабораториясы бар. Ветеринардык лабораториядагы үч бөлүм гана аккредитациядан өткөн.

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчиси Калысбек Жумаканов учурда эки лабораторияны заманбап жабдыктар менен камсыздоо иши жүрүп жатканын айтты. (SE\KJ)

XS
SM
MD
LG