Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:40

Кыргызстандын түштүгүндө жүздөгөн, а балким, миңдеген адамдын өлүмүнө алып келген этникалык кагылышуу быйыл апрелдеги ыңкылаптан кийин бийликке келген жаңы өкмөттү оор абалда калтырды.

Жаңы лидерлер ушул жекшембиге белгиленген референдумду өздөрүнүн легитимдүүлүгүн бекемдей турган жалгыз мыйзамдык жол катары кантип болбосун өткөрүүнүн аракетин көрүшүүдө. Бирок өкмөттүн өзүндөгү бөлүнүп-жарылуу, көмүскө пландар жөнүндө сөз көбөйгөн сайын мамлекеттеги окуялар кандай өнүгөөрүн алдын ала айтуу кыйын болуп баратат.

Бишкектин борборундагы ооруканалардын бири. Эски шейшеп төшөлгөн кыйчылдаган керебетте 20 жаштагы Ибрагим Нургазы көзүн араң эле ачып жаткансыйт. Анын апасы Гүлнара айым баласынын жанынан чыкпайт...

Оштун тургуну Ибрагим акыркы куралдуу кагылышууда жаракат алып кулаган аскерге жардам берем деп жолго чыга калган экен. “Уулумду төрт жолу атышты, - дейт Гүлнара айым. – Анын жанындагы эки адам ошол эле жерде жан беришкен”. Эмне үчүн анын уулун атышканы тууралуу суроого Гүлнара айым ийинин куушуруп: “Зомбулукту ким эмне үчүн баштаганын билбейбиз”, - дейт.

Беймаалым бузукулар

Кыргыз менен өзбектин ортосуна ким от жакканы дале беймаалым. Эл ичинде сырткы күчтөрдүн көмүскө оюнунан баштап каршылык күчөп баратканы жөнүндө толгон-токой ушак кеп айтылып жатат. Бирөөлөр тажик согушкерлери жалданган дешет. Орустардын атайын күчтөрүн да айтышат. Жергиликтүү нарко аткезчилерден тарта бул зомбулукту аймактагы айрым саясий күчтөр уюштурган деген да ойлор бар.

Бирок эч ким азыр толук ишеним менен бир версияны айта элек. Кыргызстандын убактылуу өкмөтү түштүктөгү тополоңду бийликтен кулатылган мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим даярдаган деп билдирди.

Тополоңду ким баштабасын, өкмөт бир нече күнгө түштүктөгү абалды көзөмөлдөн чыгарып жибергени айкын. Аймактагы эки региондо тең өзгөчө кырдаал абалы киргизилгенине карабай, өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева жекшембиге белгиленген референдум баары бир өтө турганына ишендирди.

Жалгыз жол

Финансы министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев: “Ушул айдагы зордук-зобунду референдумдун өтүшүн каалабагандар жасады, - дейт. – Бирок алар максатына жеткен жок”.

“Референдумдан баш тартуу “бузукулар максатына жетти” дегенди билдирет, - дейт Темир Сариев. - Ошондуктан, бизге канчалык оор болбосун, калктын басымдуу бөлүгү референдумду белгиленген учурда өткөрүүнү талап кылып жатат. Албетте, азыр адамдар өлүп жатса, референдум өткөрүүнүн моралдык жагы кандай болот деген суроо бар, бирок азыр мамлекеттин, элдин тагдыры чечилип жаткан учур”.

Ошентсе да, трагедиялуу окуяларга көп өтпөй рефедендумду тезирээк өткөрүүгө шашыла бергендин кереги барбы деген суроо баары бир көп жаңырууда. Саясий аналитик Марс Сариев: “Референдумду өзүн легитимдештирүүнүн жападан жалгыз жолу деп билген азыркы өкмөт үчүн акыркы тополоң катуу сокку болду”, - дейт.

“Референдум – азыркы өкмөт үчүн өз жүзүн, бийлигин сактап калууга жасалып жаткан аракет. Анткени эл ичинде утурумдук өкмөткө ишеним тездик менен жоголуп баратат”, - дейт ал. Аналитиктин ишениминде, референдумдун жыйынтыгы кандай болбосун, бул өкмөт парламенттик шайлоого чейин эле ыдырап кетет.

Жаңы оппозиция

Марс Сариевдин айтымында, азыр Роза Отунбаева өтө чукул жана ыкчам аракеттерди көрүп жатат, анткени Оштогу тополоңдон кийин мамлекетте мурда Бакиевдин тушунда жогорку кызматтарды ээлеген күч органдарынын башчылары тарабынан өзүнчө оппозиция курала баштаган.

Анын лидерлеринин бири – “Ата Журт” партиясынын лидери, мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев. Оппозициянын башчыларынын дагы бири – Мирослав Ниязов, “Эл арманы” партиясынын башчысы, коопсуздук кеңешинин мурдагы жетекчиси.

Ниязовдун айтымында, Кыргызстан азырынча парламенттик системага даяр эмес. Ал ушундай кырдаалда референдумду өткөрүү планын да сынга алып, анын жыйынтыгы бурмаланат, деди.

“Массалык бурмалоо бизде негизи салтка айланып калган. Бирок азыр кырдаал башка, - дейт Ниязов. - Ошондуктан добуштар массалык бурмалана турган болсо, ал аягы эмнеге алып келээри белгисиз социалдык жарылууга алып келет”.

Анын ишениминде, азыркы утурумдук өкмөт түштүктөгү тополоңдо өлкөнүн коопсуздугун коргой албады, демек, мамлекетти башкаруу үчүн моралдык укугунан айрылды.

“Өкмөт өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн толугу менен жокко чыгарды, - деп ишенет Мирослав Ниязов. - Кан төгүлдү, толтура адам өлдү, миңдеген киши жарадар болду. Бийликте ким болбосун, жоопкерчиликти өзүнө ала билиши керек. Жоопкерчиликти билбеген бийлик кулатылат. Бирок булар эч кандай жоопкерчиликти өздөрүнө алгылары жок”.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG