Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:40

Айсулуунун көз жашы


Айсулуу Тыныбекова коло байге үчүн мелдеште индиялык балбан кызга утулгандан кийин.
Айсулуу Тыныбекова коло байге үчүн мелдеште индиялык балбан кызга утулгандан кийин.

Ошентип, Рио Олимпиадасынан кыргызстандык спортчулар олжосуз кайтты. Келгенден кийин кечирим сурашты. Балбан Арсен Эралиев эл-журтумдун ишенимин актабай калдым деп, чын дилинен көз жашын төктү.

Спортчулар элден кечирим сурашты. 24.08. 2016

Спортчулар элден кечирим сурады
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:47 0:00

Биздин спортчулар катышкан мелдештерден эки учур ташка тамга баскандай эсимде калды. Биринчиси - Айсулуу алгачкы кармашта бразилиялык олбурлуу атаандашын тизелеткени. “Болду дедик, эми калгандары кеп эмес”. Ал эми Европа чемпиону финн кызды ары-бери оонаткандан кийин көзүбүзгө... каяктагы коло, күмүш? Бир гана алтын медаль көрүндү. Алакөөдөн кыргыздар көчөгө чыгып, түнү бою дуулдап (карнавал), байгени жуумак болуп камданып калдык.

Экинчи эсте калганы – Айсулуу акыркы ирмемдерде индиялык кызга алдырып жибергени. 5:0 менен, кийин 5:4 менен утуп жатып утулуп калганда өкүнбөгөн, сөгүнбөгөн, түкүрүнбөгөн киши калган жок. Арыда чебелектеп турган машыктыруучу, трибунада сүрөп турган күйөрмандар эмнеге “Айсулуу, адыраӊдабай өзүңдү карма!” деп кыйкырбайт деп жер тепкиледик.

Чынында кыргыз атпай башкалардан эмес, Айсулуудан үмүттөнүшкөн. Ушул кызыбыз бир намыска жарап келсе экен деп тилек кылышкан. Орусиядан келип, Кыргызстандын туусу астында чыгып жаткандарга анча үмүт артышкан эмес.

Эмнеге Айсулуу? Анткени, Айсулуу өзүбүздүн кызыбыз, нукура кыргыз өӊдүү кыз. Кыргыз улутунун спорттук символу. Айткандай эле Айсулуу нукура кыргыз экенин бүт дүйнөгө көргөздү. Арамзалыгы жок, алакөөдөн экенин көргөздү. Митаам, арамза болсо 5:0 менен утуп жатканда каршылашын карматпай, качып туруп алмак. Саналуу секунддарда 5:4 менен утуп жатканда да эки колун коё бербей, ышкырыкты күтүп турмак. Жок, адыраӊдаган бойдон барып, өзү чалынып бериш керек да. Таптаза утуп, кыргызды бир кубантайын десе керек. Кыргыз гана ушинтет. Алакөөдөн кыргызым ай.

Айсулуу эмне болгонун өзү да түшүнбөй, дендароо болуп отуруп калганда ичи ачышпаган кыргыз калбады. Ээрдин кырча тиштебеген, жерди бир муштабаган кыргыз калбады. Жөн-жай адамдар эле эмес, аттуу-баштуулар да боздоп алышканын айтып жүрүшөт.

Айсулуу 25 жашка толуп жаткан Кыргызстанына НАМЫС алып келет, ушундай балбан кыздары бар, аз, бирок саз эл бар экенин дүйнөгө даӊаза кылат деп күттүк. Аттиӊ, болбостур!

Азыр эми спортчуларыбызды жемелегенден, мамлекетибизди сөккөндөн, ары-бери кобурана басып, наалыгандан пайда жок.

Эми эл ичинен жаңы Каныбектерди, Сатымкулдарды, Орзубектерди, Мария Күлчүноваларды, Отто Барчтарды, Беделбай Амиракуловдорду, Раатбек Санатбаевдерди табуу керек. Андайлар толтура. Алар айылда мал кайтарып жүрүшөт. Базарларда отурушат. Саясатчыларды, “авторитеттерди” ким бирөөлөрдөн калкалап жүрүшөт. “Чёрный” болуп, салык салып жүрүшөт. Же болбосо атасынан мурда сакалын коё берип, дилинин баарын динге жумшап, жалган идеялар үчүн өз жанынан кечүүгө, же башканын жанын алууга даяр улан-кыздардын арасында жүрүшөт. Ошондой балдар-кыздар эле Жамайканы, Кенияны, Эфиопияны, Багам жана Фиджи аралдарын (дүйнө картасынан лупа менен издегиле) ааламга таанытпадыбы!

Көпчүлүктүн көӊүлү Риого кадалып турганда Ош шаарында чоӊ муштумдардын төбөлөшкөн окуясы билинбей калды. Угуп алып, дагы эмнеси башталды деп жүрөк бир түштү! Кийин окусак, спорттук клубдардын балдары "бул менин территориям" деп кырды бычак болушкандай. Мына ушулардын арасында чемпиондор жүрбөсүн? Ал клубдарды жумурай журтка таанымал саясатчылар менен ишкерлер кармайт. Балким, олимпиада чемпиондорун чыгарайын деген ниеттери бардыр? Жок, бул күчү ашып-ташыган, бирок алакөөдөн уландарды азырынча кокус бирдеме болсо душманына сүр көрсөтүш үчүн, керек болсо саясий майдан-митингдерде куусүрөөн салдырыш үчүн кармашарын билебиз. Бул урунарга тоо, урушарга жоо таппай, араң турган азаматтарды оӊ жакка бургулачы, бай болгурлар! Миңинен бири кыргыздын намысына жарап келбесе мага кел.

Көпчүлүк менен кошо мен да адегенде аябай наалып, сиркем суу көтөрбөй жүрдүм. Бир олжо албай келет деген эмне тамтык? Бу коӊшулар топуларын көккө ыргытып атса, намыс күйөт экен киши. Ушу арабыздан тажикче алыска балка ыргытып, олжо алчу карылуу жигит чыкпайбы? Эй, Манастын урпактары!

Бардык кыргыздар намыска келди шекилди. Бири-бирибизди тиштегенден, бири-бирибизге сүр-кыр көргөзгөндөн, бири-бирибизди төбөлөгөндөн көрө күчүбүздү сыртта көргөзөлү дедикпи. Күйүп-бышып намыс эле намыс деп жазып жаткандарда окуп, ушул тыянакка келдим. Башты кайра өйдө көтөрүп калдым. Мындайда кыргыз “Намысыңа камчы чап!” дейт.

Колундагы олжосун коё бергенден кийин Айсулуу күнү-түнү тынбай ыйлады деп уктук. Ызасынан. Намысынан. Намыстын жашы дейли. Намыс ойгонсо – жеңиштер болот!

Автордон: Спортту кыргызча ырдата алабызбы – кийинкиде ушул тууралу сөз болот.

Султан Жумагулов, журналист

XS
SM
MD
LG