Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:42

Күйүүчү май – Кремлдин негизги куралы


Кыргызстан күйүүчү майды негизинен Орусидан алат.

Кыргызстан күйүүчү майды негизинен Орусидан алат.

Орус күйүүчү майынан кошумча төлөмдөрдү алып салуу – Бишкек менен Москванын ортосундагы негизги соода болууда.

Кыргызстан стратегиялык мааниге ээ айрым товарлар боюнча Орусияга, тагыраак айтканда Кремль төбөлдөрүнө көз каранды. Алардын эң эле негизгиси – күйүүчү май. Ушул тапта Москвада иш сапары менен жүргөн кыргыз премьери Алмазбек Атамбаев - дал ушул күйүүчү майдан кошумча бажы төлөмдөрүн алып салуу маселесин чечүү аракетин көрүүдө.

Күйүүчү май маселеси кайра калкып чыкты

Орусиячыл маалымат каражаттары менен путинчил серепчилердин божомолунда, орустар күйүүчү майга кошумча бажы төлөмүн киргизе турган болсо, Кыргызстанда эгини айдалбай, жол киреге акча таба албай калгандардын нааразылыгы күчөп, кырдаал курчуп кетиши толук ыктымал. Ошентип Орусия президенти Дмитрий Медведев айткандай, Кыргызстанда парламенттик башкаруу системасы талкаланып, үчүнчү ыңкылап орун алышы ыктымал.

Ырасмий Москва болсо, Кремльдин бир канча талаптарын кыргыз бийлиги аткарган соң гана күйүүчү майдан кошумча төлөмдөрдү алмакчы болууда. Орусиянын “Коммерсант” басылмасы жазып чыккандай, Кремль эң оболу Бишкектеги суу алдында атыла турчу торпедолорду чыгарган “Дастан” заводунун мамлекетке караштуу акциясын алууга, “Альфа Телекомдун” айланасындагы чырдын орустардын пайдасына чечилүүсүнө, Ошто орус базасын ачууга кызыкдар болууда. Андан тышкары орус төбөлдөрү кыргыз президенти Роза Отунбаеванын АКШга иш сапарына, Баткенде АКШ катышкан машыгуу борборун курууга ниеттенип калганына ичи чыкпай калган.

Албетте күйүүчү май Кыргызстанга аба менен суудай керек. Бирок “күйүүчү майды кошумча бажы төлөмүсүз саткыла, акысына муну алгыла” деген саясат канчалык туура? Күйүүчү май жагынан бир гана өлкөнүн көзүн карабай, башка жолдорду табууга эмнеге болбосун?

Орусиядан башка жол жокпу?

Ишкер Азис Иса “Азаттыкка” билдиргендей, күйүүчү май ташуунун жолдорун диверсификациялаштырууга же көп булактардан ташууга болот. Бирок совет доорунан бери Москвага жүгүнүп көнүп калган бийлик өкүлдөрү, башка булактардан май ташыгандан бир чети корксо, бир чети бул жактагы коррупциялык механизмдерден көп акча түшкөндүктөн жасагысы келбей атат:

- Эң биринчи кадам – күйүүчү май бизнесин эркин кылыш керек. Мисалы ошол эле “Газпромнефть Азия” монополист болуп алган. Кыргызстанга 70 пайыз күйүүчү майды ошолор алып келет Орусиядан. Бизде 50 литрден ашык алып келсең болбойт. Апкелсең бажы төлөмдөрүн төлөшүң керек. Ал эми бажыдан өткөрүү өзүнчө эле азап. “Бул жакта "Газпром" турса сен эмнеге алып келесиң” деп мамлекет тоскоол кылып атат. Эгер мамлекет бажы тоскоолдугун алып, эркиндик берсе, анда орточо ишкерлер май ташуу менен алектенип, рынок монополиядан чыгат эле. Ошондо орустар кошумча төлөм кошконуна карабай май арзандамак.

Ишкерлердин айтымында, ушул тапта күйүүчү майды Түркмөнстан, Беларус, Иран, Азербайжандан ташууга олуттуу киришчү мезгил келди. Антпесе Кремль ыңгайы келе калганда эле күйүүчү майды курал катары пайдаланып, кысым көрсөтчү болду.

“Farmoni Company” ишканасынын башкы мүдүрү Манас Саматов көп жылдан бери дыйкандарды техникалар менен камсыздоо тармагында иштейт. Анын пикиринде, базар экономикасынын шартында жашап аткандан кийин, Орусиядан күйүүчү майдан кошумча бажы төлөмдөрдү алуусун тиленгенди токтотуп, рыноктук баа менен сатып алганга көнүп, өнүгүүнүн заманбап жолуна түшкөн оң:

- Орусия тарап бизге күйүүчү май маселесин "саясий союл" катары пайдаланып келет. Муну ачык айта турган мезгил келип жетти. Мынчалык болгондон кийин, эгер биз эл катары, Кыргыз мамлекети катары өз алдынчалыгыбызды сактап калалы десек, адамдык мартабабызды сактап калабыз десек, макул, сатсын ошол кошумча төлөмү менен. Ошол шартта жашаганга өтүшүбүз керек.

“Газпромнефть Азия” ишканасынын маалымат катчысы Өмүрбек Сатаев “Азаттыкка” билдиргендей, күйүүчү майдын баасы канча болору кыргыз премьери Алмазбек Атамбаев менен орус премьери Владимир Путиндин бүгүнкү сүйлөшүүсүнөн кийин анык болот. Бул ишкана жетекчилиги да сүйлөшүүлөрүн жыйынтыгын күтүп атышканын, ага чейин комментарий бере алышпасын айтышууда. Атамбаев менен Путиндин жолугушуусу болсо бүгүн (18-март) кечкиге пландалган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG