Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:25

Белек Солтоноев (23 февралда 1878-жылы Чоң-Кеминде төрөлгөн -1937 же 1938 өлгөн) акын, тарыхчы, агартуучу жана фольклор жыйноочу.

Ал кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. Караколдогу орус тузем башталгыч мектебин бүтүргөн. Андан кийин Пишпектеги (азыркы Бишкек) айыл чарба окуу жайына (училище) тапшырган. 1916-жылы Атаке болуштугунун башчылыгына шайланган кезде падышалык бийликке каршы көтөрүлгөн эл менен бирге уруштарга катышкан. Көтөрүлүштүн чыгышына 19 жаштан 43 жашка чейинки эркектерди согуш жүрүп жаткан аймактардагы оорук жумуштарга тартуу тууралуу падышалык жарлык шыкак болгон. Көтөрүлүштө жеңилген эл менен кошо Кытайга качкан. Кыргызстандын аймагында Кеңеш өкмөтү орногонун угуп, бир жылдан кийин мекенине кайтып келген жана 217-чек ара полкунда кызмат кылып, басмачылар менен уруштарга катышкан.

1922-жылы Жалпы билим берүү комитетине ишке кирип, эки жыл бою кыргыздардын сабатын жоюп, агартуу иштерин аркалаган. 1924-жылы кайрадан Кытайга жөнөтүлүп, ал жактан качкын кыргыздарды Кыргызстанга кайтаруу ишин жүргүзгөн. 1930-жылы Кыргыз илим-изилдөө институтуна илимий кызматкер болуп кирип, кыргыз тилинин терминологиялык сөздүгүн түзүү менен алектенген. 1936-жылы жумуштан айдалып, камакка алынган. 1937 же 1938-жылы атылып, репрессияланган. Окумуштуунун дээрлик 40 жыл жазган “Кызыл кыргыз тарыхы” жана башка баалуу эмгектери белгилүү. Ошондой эле 1916-жылдагы элдик көтөрүлүш – Үркүн темасы боюнча бир канча изилдөөлөрдү жүргүзүп, макалаларды жазган. Белек Солтонове акын катары да жүздөгөн ырларды калтырган. Тарыхчы, окумуштуу жана кыргыз элинин чыгаан уулу Солтоноевдин “Кыргыздын Кытайга качканы” аттуу макаласын сунуштайбыз. Анда 100 жыл мурдагы саясий кырдаал жана ошол кездеги жалпы аймактагы окуялар боюнча баалуу маалыматтар бар. (Белек Солтоноевдин жазуу стили сакталды)

Кыргыздын Кытайга качканы

1916-жылындагы кыргыздын көтөрүлүш чыгарган себебин текшергенде жеке гана солдат жана рабочу алат деген буйрук болбостон, анын себеби терең болуп, эзели узактан башталып, оруска карагандан бери падыша өкмөтүнө, колонизаторлоруна кара ниетте болуп келе жаткандыгы көрүнөт, ошол себептен падыша өкмөтүнүн кыргызды багынткандан баштап, кыса келгендиктеринин чоркун-чоркун жерлеринен кыскача маалумат беремин:

Биринчиден, бугу кыргызынын (оруска) карап кеткенине башка кыргыздар нааразы болгон. Алматыдан орус аскерин чакырып келип, Байтиктин Бишкектеги өзбек менен солтону караткандыгына оруска карабайт элек деп нааразы болуп калган солто дагы көп болгон. Маселен, Жайылдан Ажынын уулу Маймыл, муну Олуя Атадан улук Биденский чыгын келип кармап барып өлтүргөн. Бугу, саяктын султаны Зарыпбек 25 орусту» аскери менен келип, сарбагышты чаптыргандыгына урук-туугандык байланышын үзүп, алсыздандырып, бир урукту ала кылып, бет алдынан бой сундурууга туткан падышалык саясатына араздыкта жүргөн сарбагыш кыргызынын көпчүлүк кедей чарбалары намыстанып калган. Үмөтаалы Ормон уулунун Кытайга качууга түрткүсүнүн бири ушул болгон.

Үмөтаалынын оруска карабайм деп качкан экинчи бир себеби — Тынай оруска мурун карап, жакын болуп, Эсенкул сарбагышынын эски жери Чоң Кемин, Кичи Кемин, Чүйдөн сыртка айдагандыгы болгон. 1867-жылы биринчи шайлоо башталып, эл-журт эсеп дептерге түшүп, бий, болуш, манаптын күнү туулуп, чыгым көбөйүп, бир жерден экинчи жерге эрки менен көчүп кете албастан манапка баштагыдан бетер кул, күң катарында бекилип байланган. Эгерде бирөө качып көчүп кетсе, аны кайтадан эрксиз айдатып алып, сен качкандагы чыгым деп, мал-мүлкүн талап алган. Колун, мал-мүлкүн айдап алып тентитип жиберген. Мындай зулумдукка падыша өкмөтү биринчи жардамчы болгондугу үчүн көп начар бечаралар, букаралар падыша өкмөтүнө абдан нааразы боло келген.

Токмоктун уезди 1866-жылында күзүндө сарбагыш кыргызынын биринчи баатыры Төрөгелди Абайылда уулун Токмокко чакырып келип, эч күнөөсүз урганда бүткүл арка кыргызы жана манаптын таасиринде жүргөн кедей, кара чарбалар намыстанып катуу кайгырып-кейиген. Орус бизди журт кылбайт экен деп, санаада калган көп болгон. Орустан таяк жедим деп, мындан соң Төрөгелди мурункудай элди көп аралабай калып үйдөн кеп чыкпай жүрүп 1869-жылында өлгөн.

Бугу кыргызынын колонизатордон мизинин кайтканы

Ысык-Көлдө турган “бугу-саяктын биринчи баатыры Балбай болуп, Николай өкмөтү Балбайдын оруска каршы пейилде экенин билип, Балбайга өтө каршы болгон. Муну өлтүргөндөн кийин дагы журт нааразы болуп калган. Балбай, Мамыр, Маймыл, Адилди өлтүргөндүгү үчүн эл колонизаторго кек сактап калган. Ак Эшенди таап бербесең кыйыктаймын деп Шабданды кыскандыгы дагы оорлук келтирип, кектеп калган. Балбайды өлтүргөн үчүн падыша өкмөтү алдап иш кылат экен деп, Күчүк Зарпбек уулу жүз түтүн менен Турпанга качкан. Бала уругунан Шадыкан Солтоной уулу болуш болгон үчүн качкан элди токтотуп алып кел деп улуктар буюрганда Шадыкан барып качкан эл менен коштошуп, кайта келип жетпей калдым деп жооп берген. Балбайды өлтүргөнү тууралу Солтобайдын айтканы: «Орус менен ойносоң өлбөймүн деп ойлобо» жана мурунку улутчул кыргыздар: «Орус менен жолдош болсоң, балта-бычагың жаныңда жүрсүн» деген.

Ферганалык кыргыздын колонизатордон мизи кайтканы

Мамыр Мергенбай колонизаторлор 1881-жылында Анжианда дарга тарткан үчүн кедей чарбалар кек алып калган. 1881-82-жылдарда күзүндө (жылкы жылы) Текестеги арык тукуму менен саяк көчүп келгенде аларды аягы Тору Айгыр, башы Байсорунга орнотуп, ал жердеги сарбагышты эриксиз Кочкорго айдаганда бизге колонизатор жакшылык кылбайт экен деп кекте калган. Шибирге айдоо деген сөз жапайы жүргөн кыргызга өлүм, чоң азап катарында көрүнгөн. Өз ара тараптык аразды себеби менен көп киши ак жеринен Шиберге айдалган, өлтүрүлгөн. 1885-87-жылы Балбак Байтерек уулунун (залым өкмөттүн тилектеши — манап) кастыгы боюнча айдалгандар: Султан, Көбөй, Табыш болгон. Султан менен Көбөйдү айдап бара жатканда кишени менен сууга түшө качса, чулу көпүрөсүндө солдаттар атып өлтүргөн. Табыш Капалга айдалып барып өлгөн. Бул үчүн дагы эл нааразы болгон.

Адигине кыргызынын каны саналган Курманжан датканын Камчыбек деген баласын өкмөт дарга тартканда Фергана кыргызы өкмөткө ичи карарып калып, Курманжан өзү кайгы-күйүттөн бир аз акылынан азган. Анжиандагы бир маңги эшендин салган бузугу үчүн арка кыргызын талагандыгы жана переселиндин келип, кедей-дыйканды жерин бүт алгандыгы көкүрөктөн кетпеген дарт болгон. Ичи кектүү болуп жүргөн кедей-дыйкан орто чарбаларга июль айында кыргыздан солдат жана рабочу алат деген кабар тарады. Бул кабар кыргыз, казакка зор кайгы болду. Малыбызды, мүлкүбүздү, жакшы атыбызды согушка алса жана боз бала менен 40 жашка чейинки эркегибизди солдаттыкка алса, кемпир-чал өз тиричилигине карабастан, согушка керектүү кызматты кылса, жакшы жерибизди переселендерге алып берген үчүн бизде эгин жок болсо, жаш бала-чакабыз кырылат экен деп акылдан ажырап, эс ооду. Ата-баланын, ини-аганын сөзүн укпас, тилин албас, мал түгүл чымын жок кайгыда болуп жандарынан чындап үмүт үздү, бир биринин сөзүн укпастан дем болуп, онтобой оору болду.

Солдатка, жумушчуга барбайбыз дегендери болсо, Каракол, Токмок, Пишпек, Аксуу улуктары набактыга каматтырды. Мындай зулумдук ашып кеткенден кыргыздын көбүнүн пейли бузук чыгаруу пикирине келди. Жакшы жерлер колонизаторлордун пайдасына өтүп, соода жагынан пайдадан калган бай-манаптар жана мурункудай кедей чарбаларды жеке эс албай калгандыктан, күйүнүчтө жүргөн үчүн бузук чыгарууга булар да пейилдүү эле. Жакшы жерлерге калабыз, акыр пайдасына өтүп, соода жагынан пайдаларына калганга ичтери күйүп жүргөндүктөн ар тараптан кедей-дыйкан орто чарбалардын бузук чыгарына көзү жетип, бай-манаптар жана өкүм жагынан кысталып бара жаткан үчүн Орусия колонизатору түшүнө баштап, кыргыздын манаптары мурункудай кедей жана дыйкандарды эрки менен да албагандыктан көбү ичте жүргөндүктөн, бузук чыгарууга абдан пейли ооду.

Көбүнчө дыйкан, кедей, орто чарбалардан кызматка алынмак болгон 17 менен 40тын аралыгындагы топтошуп, ар кайсы жерге жашырын жыйын кылып, уруш салабыз деп найза, айбалта, чолубаш жана башка жабдыктарды усталарга жасатты. Бай-манап, болуштар балдарын, жакын туугандарын солдатка жибербес акылын куруп, мийзам издеп, учасковой ойузга пара берип, акылдашып алып калып, алардын ордуна кедейлерди жиберүүгө даярданды, Мындай аракетин кедейлер билген соң бай-манап болуштарга нааразы болду. Бай-манап, болуштар майданга өз балдарын жибербестен мындай өкмөт жумушуна калтырууга киришти.

«Кимдин айгырына ким кайгырат» дегендей өз балдарын, туугандары мында кала турган болгондон кийин бай-манаптардын көбү көтөрүлүш чыгарууга ыктыяр болбоду. Элдин пикирин билемин деп сарбагыш атаке манаптарынын Исамудин Шабдан улуу Нарынга жашырын Бугубай деген жигитин жиберип» Касымаалыдан кабар алды. Атбашы, Нарындын Николайга каршы чыкпастан, көтөрүлүшкө каршы болгондор: Казы Чоко уулу Калпа, Келдибек уулу Эсенгул, Абдырайын Чойбек, Султангазы Келдибек, Касымбек Бапайы, Түркмен Зарпбек, Кудайбергендер болду. Булар Николайдын аскерине кошулуп, кедей-дыйканды талап, аскерге союш берип, мисалы, Көк Артты ашып келе жаткан аскерге Калпа Келдибек уулу үй тигип, улоо ат байлап турган. Нарындын көтөрүлүшкө дили менен кошулган Касымаалы Мамбет уулу, Чолук, Кудайберген, Атабек, Сарбагыш молдо жана бүткүл ажы эли.

Көтөрүлүштүн долбоору

Алматы казагы түн жак кыргыздары солдат бербеске бекип жүргөндө муну угуп калган ар кайсы уезд, приставдар өз элдеринен болуш, манап-байларын чакырып алып, кээ бирин набакка салып, кээ бирин калаадан чыкпайсыңар деп кысып турган. «Солдат бербеске чараңар жок, силерден кызматчы алганы падыша силерди катарга кошуп, чоң ырасым кылгандыгы мунусун да жакшылап билүүңөр керек», - деген. Пишпектин уезди болуштарды, көбүнчө атактуу манаптарды июль айында Пишпекке чакырып алып, «кызматчы бересиңер» дегенде, улукка беребиз деп өздөрү жашырын кеңешкен. Кеңештин башында Канат, Исамуддиндер болгон экен. Кеңештеги болгон иш: «Алматыда аскер арбын, чоң шаар, орустун кайнаган жери, жандыралы жана башка улуктары көп. Ошондуктан биринчиде алматылык казактан бузук чыгартып, ушул замат Пишпек, Токмок, Нарын, Каракол кыргыздары көтөрүлүп, Токмок, Каракол кыргыздары Алматы казактары менен байланышып, Каракол, Көлдөгү орус кыштагы менен Токмокко жана анын айланасындагы орус кыштактарын таламак. Казактан Жаркент уездине киши жиберип, Капал Лепсиге келип, казактарың Николайга каршы чыгармак Нарын кыргыздары Нарынды талап, Фергана жолу тосуп, андагы кыргызды Николайга каршы чыгармак. Кочкор, Жумгал, Чүйдөгү кыргыздар Токмок, Пишпек калааларын курчап, Олуя Ата жолун тосуп, Таластагы казак-кыргызды өздөрүнө кошуп, Ташкен жолун тосмок. Башка оруска тийбестен, жалаң аскер менен согушмак. Шашып, кыйналган убакта элди сыртка чыгарып, колго түшүрүп, Боом капчыгайынан тосуп, мунун эки жагынан кырча чубалып кеткен бүткүл Ала Тоодогу белдерди алып жатмак. Ылажы болсо орусту Түркестандан сүрмөк. Жерин алган үчүн переселинди кыргыздар талай баштады. Таластагы кыргыздан бузук чыкпастан, бузук чыгаруучуларга тилектеш болду. Солтодон эки жерден бузук чыкты. Анжиан-Алай кыргызы тынч болду. Каракол дунганы менен сарт калмак бузукка аралашты. Алматы казагынан мелектик жана жаркенттик көтөрүлсө да аны тезинен басты. Казакта чапырашты казактар Чийен менен Бордекени эки-үч күн таласа да аларды басып, баш кишилерин Алматыдагы түрмөгө салды. Булардын ичиндеги кандыкка шайлаган Ачакей уулу Бекболотту дарга тартты. Карматпай жүрүп чатырашты казагынан Туулах 60-70 түтүнү менен кыргызга кошулуп, Турпанга качып барып 1917-жылкы өзгөрүштөн кийин кайта келди. Казактар тез эле басылып калгандыктан, кыргыздын көтөрүлгөндөрү өз жандарын коргоп калды. Дунган, өзбек, уйгур катышпастан, Николайдын жардамында болуп калды.

Солдат алат кабары кыргызга угулган соң бузук кайдан чыгар экен деп аган кошулмакка кулагын түрүп, тилеги бузулууда турду, Ташкенттеги өзбек солдат бербес болуптур деген кабар тарады.

Сырдария, Ферганадагы өзбектер дагы ошондой деди. Самаркант областы менен Жызак уездиндеги кыргыз, өзбектер уруш чыгарыптыр деген имиш-имиш болду. Июль айынын аягында теке түрк бузук чыгарыптыр деген кабар чыкты.

Көтөрүлүштүн башталганы

1-августта Алма-Атага барган базарчы сарбагыш элине айтып келди: Кызыл Бөрк жана Жаркент уездиндеги казак бузулду. Алма-Атадагы аскер калаадан ат жыйып, жүрүп кетти. Мен жашынып жатып, качып чыктым деп. Муну угуп атаке сарбагыш эли аныгы угулар деп ат-тонун, жарак-жабдыгын камдап турганда Алма-Ата дуванындагы чапырашты казагынан, мурзабек уругунан Абды Ажы деген 5-августта кечинде Коңур жайлоосунда жаткан атаке эли Боронбай Сазан уулуна кабар берген. «Алма-Аталык казак-орус кыштактарын талап алдык, эртең Узун Агач, талоон коюп Кашкелеңге, андан Алма Атага барабыз», - деген.

(Уландысы бар)

XS
SM
MD
LG