Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:29

КТРКнын Байкоочу кеңешин кулатуу аракети тууралуу бул кеңештин мүчөсү Жедигер Саалаев “Азаттыкка” кеп салып берди.

“Азаттык”: Мындан бир канча күн мурда КТРКнын байкоочу кеңеши менен жетекчилиги Коомдук теле боюнча мыйзам долбоорго кошумча өзгөртүү киргизүү тууралуу сунуштарды айтыптырсыздар. Буга чейинки билдирүүңүздөргө караганда тиешелүү комитет көңүл бурбай койдубу? Ал мыйзам долбоордо кандай өзгөртүүлөр каралган?

Жедигер Саалаев: Суроону бир аз тактап кетсем. Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети буга көңүл бурбай койду деген туура эмес болуп калат. Тескерисинче, Жылдыз Жолдошева жетектеген тиешелүү комитет, регламент боюнча сунушталып аткан депутат Каныбек Иманалиев даярдаган телерадио жөнүндөгү мыйзам долбоорго өзүнүн кортундусун бериши керек эле. Ошол кортундусун комитетте талкуулаган учурда биздин өкүлдөр чакырылган. Биз 2-3 сунуш киргизгенбиз. Бирөө техникалык редакция боюнча, анан эң маанилүү деп эсептегенибиз, бул – коомдук телерадио болгондон кийин КТРКнын саясий жана экономикалык көз карандысыздыгын камсыздоо боюнча сунуш болчу.

Иманалиевдин долбоорунда КТРК бюджеттин корголгон беренелеринин эсебинен каржыланат дептир. Өзүңүздөр билесиздер өлкө бюджети ар дайым тартыш, ар жылы ар кандай бюджет болот. Ошондуктан КТРКнын экономикалык көз карандысыздыгына кепил болсун үчүн биз Ички дүң продукциянын 0,25 пайызынын эсебинде жылына каржылансын деген сунуш айтканбыз. Эми албетте мыйзам боюнча мындай каржы маселеси тууралуу сунуштарга өкмөттүн кортундусу керек, аны түшүнөбүз. Бирок ага жеткирбей эле мыйзам долбоордун автору Каныбек Иманалиев тап-такыр каршы чыкты. КТРКнын Байкоочу кеңешинин сунушун четке какты, көз карандысыз болуу боюнча. Калган сунуштарыбыз административдик маселелер болчу. Коомдук теленин башкы директорунун орун басарларын дайындоодо Байкоочулар кеңешинин жарымынан көбүнүн добушу менен болсун дегенге макул болушту. Ушул сыяктуу сунуштар эле.

“Азаттык”: Ошол комитет жыйынынан кийин “КТРКнын Байкоочу кеңешинин мыйзам долбоорго өзгөртүү киргизүү сунушу көңүлгө алынбай атат” деп маалымат бердиңиздер эле...

Жедигер Саалаев: Көңүлгө алынбай атат дегени мындай. Маселени башка өңүттөн карасак. Жанагы Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин кеңейтилген жыйынына телерадио боюнча мыйзам долбоордун автору Каныбек Иманалиев ж.б комитет мүчөлөрү, адистер чакырылыптыр. Иманалиев чү дегенде эле өзү айтты, “Бул сунушталып аткан мыйзам долбоору азыр КТРК иштеп аткан, анын Байкоочу кеңеши иштеп аткан эле декрет менен бекиген жобонун көчүрмөсү. Эч айырмасы жок” деп.

Анан дароо эле суроо пайда болот. Бул мыйзамды кайра жаңыдан кароонун эмне зарылчылыгы бар, эгер опокшош болсо? Мына маселе каякта жатат... Маселе, Иманалиев өзү айткандай, эгер мыйзам өтүп кетсе “мына мыйзам жаңы кабыл алынды” деп туруп, Байкоочу кеңештин курамын өзгөртүү же таптакыр кайра шайлоо өткөрүү болуп атат. Аларды кызыктырган негизги маселе ушул болуп атат.

Азыр биз иштеп аткан жободо да, мобу мыйзам долбоордо да КТРКнын Байкоочу кеңеши 15 кишиден турат. Негизи Байкоочулар кеңеши 15 кишиден турушу керек. Анын бешөө парламенттин, бешөө президенттин, бешөө жарандык коомдун өкүлү болушу керек.

Бирок муну Жогорку Кеңеш бекитет. Жогорку Кеңеш бекитердин алдында негизи ондон киши сунушталыш керек. Президент 10 кишини, парламент 10 кишини, жарандык коом ондон кем эмес адамды сунуштай алат. Анан Жогорку Кеңеште иргелип, беш-бештен тандалыш керек. Ошону эле булар кайра жасайбыз деп атышат. Декреттин негизинде бекилген, андан соң президенттин жарлыгы менен бекилген курамда 15 киши иштеп атпайбы. Алар деле жарандык коомдун өкүлдөрү. Каныбек Иманалиевдин жалгыз эле доосу, “Ал кезде парламент жок болчу. Муну Убактылуу өкмөт эле бекитип койгон, биз эми парламенттин өкүлдөрүн киргизишибиз керек” деп атат.

“Азаттык”: Коомдук теле өлкөдөгү эң ири, таасирлүү маалымат каражаты. Анын байкоочу кеңешин алмаштыруу ж.б. маселелердин көтөрүлүп атканы президенттик шайлоого байланыштуу эмеспи?

Жедигер Саалаев: Баардык жагынан карап көргөндө ошондой деп айтууга негиз бар. Анткени Коомдук теледе кандай өзгөрүүлөр болуп атканын эл да көрүп атат. Биз КТРКны мамлекеттеги бийлик бутактары үчүн эмес, эл үчүн иштеткенге аракет кылып атабыз. Анткени Коомдук теленин максаты ошол. Анан эми президенттик шайлоонун алдында партиялар кандайдыр бир жол менен Коомдук теледеги бийликти колго алууга аракет кылып атышат. Менин жеке пикирим ушундай.

“Азаттык”: Рахмат маегиңизге.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG