Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:53

Кыргыздын оюн дүйнөгө Чыңгыз таанытса, үнүн Саламат чыгарып келет. Кыргыз Эл артисти Саламат Садыкова улут абийири, кыргыз жаштары, Кыргызстанды дүйнөгө таанытып жаткан ажар белгилер жөнүндө “Азаттык” менен ой бөлүштү.

Төрөкул Дооров: Саламат эже, сизди өзүбүздө эле эмес, чет мамлекеттерде да музыка сынчылары үнүңүздүн тунуктугу, анын нукура элдик мүнөзүн эске алып, “Доордун улуу үндөрүнүн бири” деп атап жүрүшөт. Сиздин аткарууңуздагы “Кыргыз жери” ыры эл ичинде Кыргыз гимнине айланды. Ырдын “элдик” деп аталышы үчүн эмне керек?

Саламат Садыкова: Ал үчүн “трайбализм” деген илдеттен арылышыбыз керек. Биз, кыргыздар, толук кандуу өнүкпөй жатканыбыздын себептеринин бири - ушул. Мен деле чачым агарып, элдин батасын алып, Кудайга шүгүр, ушул жашка келип калдым. Чыгармачыл адам катары биз эл ичинде көп жүрөбүз, баарын жон терибиз менен сезебиз. Өзүмдүн турмуштук тажрыйбамдын неигизинде “Бизде бөлүнүп-жарылуу бар” деп айта алам. Өзүбүздү-өзүбүз жогорулата албайбыз, күлүктү күлүк деп айта албайбыз. Өлгөн адам жөнүндө гана сүйлөгөндө, оозубузду жакшы ачабыз – арбактарды сыйлаган киши боло беребиз. Арбактарды сыйлоо, албетте, жакшы. Бирок тирүү жүргөндөр тууралуу качан биз: “Бул - мартабалуу адам, бул – биздин сыймык”, - деп айтууну үйрөнөбүз? Ошондо эле кайсыл чыгарма элдин туусу көтөрүлгөндө жаңырышы керектиги ачык болуп калат.

Төрөкул Дооров: Азыр дүйнөдө товарлар эле эмес, мамлекеттер да өздөрүн рекламалап, ал аркылуу туристтерди чакырышат, инвестиция тартышат. Мисалы, автомашина боюнча жапондор менен немистер алдына эч кимди чыгарышпайт, же швейцариялыктар мыкты сааттары менен белгилүү. Мына ушул өңдүү брэнддердин катарына адамдарды да кошсо болот деп жүрүшөт. Мисалы, “Кыргызды дүйнөдө кыргыз кылган Чыңгыз” дейбиз. Мен “Кыргыздын оюн Чыңгыз чыгарса, үнү Саламат Садыкованыкы” демекмин. Искусство аркылуу өлкөнү сыртка таанытууда эмнеге басым жасалышы керек деп ойлойсуз?

Саламат Садыкова: Жүрөгүмдө “эл” деген бир тууну алып жүрөм
Саламат Садыкова:
Искусство аркылуу Кыргызстанды дүйнөгө таанытуу миссиясын залкарлардан кийинки муундардан Кудай менин энчиме берген экен. Бул жагынан мен, албетте, сыймыктана алам. Муну дүйнөдө ырчы аттуулардын көбү үмүт кылышы мүмкүн. Бирок ал миңдин бирине берилет экен. Бала кезимен өзүмдөн бийик коюп, өзүмдөн улуу нерселерди тааный билип, түбөлүктүү нерселерге ой чабыттатып, жүрөгүмдө эл деген бир тууну алып жүрөм. Биз мына ушундай улуу касиеттер менен өстүк. Ошол чоң сапаттарга умтулган адам эч качан кем болбойт. Ал аркылуу элге да, журтка да билинбей кадыр-барк келе берет деп ойлойм. Көкүрөгүмдө ушул нерселерди дайыма бекем кармап, кыргыздын карапайым кызы катары комузду тумардай кылып, бекем кармадым. Бассам-турсам кыргыздан күүлөрүн угуп, ошолор менен оорудум. Башка бирөөлөрдү туураган жокмун. Бул - чыгармачылыкта өтө маанилүү нерсе.

Төрөкул Дооров: Советтер союзу кыйраган акыркы дээрлик 20 жылдай мезгилден бери мурдагы постсоветтик аймактагы көптөгөн өлкөлөр өздөрүнүн улуттук идеологиясын, өнүгүү жолун дале таппай келатышат. Алардын арасында Кыргызстанда да жаштар арасында мекенди сүйүү, патриотизм тууралуу көп айтып калабыз. Балким, бул азыр көптөгөн жарандарыбыз өлкөнү таштап, башка жактарга иш издеп кетип жатканынан болсо керек. Сиздин оюңузда, канткенде биз акыл көчүн болтурбай, өлкөнүн тунук ойлуу жаштарын алып кала алабыз?

Саламат Садыкова: Чынында эле, бул жүрөк оорутар маселе. Биз чыныгы потенциалы күчтүү, акыл-эстүү, таланттуу жаштарыбыздан, мыкты адистерибизден айрылып калып жатабыз. Ойлонуп көрсөңүз, бул биз үчүн - чоң трагедия. Кээде биз аалам канчалык глобалдашкан сайын, өнүккөн сайын, биз да материалдык баалуулуктарга ашкере маани берип кеттикпи деп да ойлойм. Биздин муун акча дегенди билбей эле өскөн экенбиз. Азыр бели бешиктен чыга элек жаш балдар акча санаганды билет, акчаны ойлоп уктайт. Анткени ансыз эртең курсагы ачка калаарын билет. Адамдар азыр (алысты албай эле коелу) Орусияга барып, көчөсүн шыпырып, тез-тез акча салып, машине мингенден көрө, саман жүктөп арабада жүрсө деле, ар бир кыргыз жерин чукуй берсе, жер деген адамдын эмгегин жебейт да, Жер Эне деген берет кайра. Бизге азыр намыс жетишпей жатабы дейм.

Төрөкул Дооров: Балким, проблема намыста эмес, мамлекеттеги башкаруудадыр? Адамдар чет өлкөлөргө өз мекенинде бала-бакырасын бага албай жатышкандыктан, турмушун жакшырта албай жатышкандыктан кетип жатса керек да?

Саламат Садыкова: Сөзсүз түрдө. “Ыйлагандын көзү жаман, сүйлөгөндүн сөзү жаман” деп коюшат. Өз киши күйдүрүп айтат. Албетте, биздин мамлекетибиз эгемендүүлүк алгандыгы үчүн баарыбыз бактылуу эл экенибизди жакшы билебиз. Кыргыз эли дээрлик 20 жылдай убакыттан бери кандай кылсак, жакшы жашайбыз деген суроонун үстүнөн ойлонуп келатабыз. Азыр эл башына моралдык жактан өздөрүнүн бийик касиеттери, “Эл”, “Кыргызстан” деп, эртеңки тарыхыбыздын камын жеген аткаминерлер келиши керек. Анткени жаш урпактарга биз эмнени калтырабыз, бизден эмне осуят, кандай касиет калат дегенге баш катырган жетекчилер жетишпейт. Мен азыр “бул жакшы, тиги жаман” деп айта албайм. Бирок кыргыздын бешенеси азыр жүрөгү таза, көөдөнү кенен, үй-бүлөсүн же тууган-уругун эмес, бүтүн кыргыз элин, Кыргызстанды сүйгөн, элдин кыйынчылыктарына жаны ооруган, азыраак тамак ичип, азыраак уктап, күнү-түнү элдин проблемасын ойлогон адамга муктаж деп ойлойм.

Төрөкул Дооров:
Эже, азыр сиз айткан сөздөр чыныгы интеллигенттин сөзү демекмин. Интеллигенция дегенде, адатта, маданият жаатындагы адамдар эске келет. Балким, алар, башка тармактардагы адамдарга караганда, эл оозуна көп алынып, алардын пикири коомчулук үчүн маанилүүрөөк болгону үчүн ушинтип айтышса керек. Ошол азыркы кыргыз интеллигенциясын өзүнүн ачык позициясынын жоктугу, уктап жатканы, өлкөдөгү терс көрүнүштөргө кайдыгер мамилеси үчүн айыптагандар көп. Сиз буга кандай карайсыз?

Саламат Садыкова: Биздин жаштардын тал төбөгө атып туруп бере турган абдан туура суроосу болду. Интеллигенция дегенге мен дагы бир нерсени айта кетейин: Мен өнөр адамы катары элди көп аралап жүрөм. Бизде азыр шаар мэрлери, айыл өкмөттөрү, акимдер арасында ортодон төмөнкү деңгээлдеги кадрлар пайда болду. Интеллигент, чынында эле, кишини киши көргөндө сүрдөп тургандай, кишини киши көргөндө нур чачырап, тарбиялуу адам экени бешенесинен эле көрүнүп турган адам. Улууга урмат, кичүүгө ызат кылган биздин жөнөкөй эле сапаттарыбыз бар. Ошол нерселери жок, көпкөлөң тарткан, текебер, чоңдордун башы бириккен жерде ак төөнүн карды жарылды кылып, түнү менен арак ичип, сайрандаган чоңдорду көрүп жүрөбүз. Алар кимге боору ачыйт да, кимге ойлонот? Чыканагынан бери майга батып, убактылуу болсо да “жеп калайын” деп ойлонгон кемчонтой, кемакыл чоңдорубуз көбөйүп кеткендиктен биз турмуштун ушул кейпин кийип олтурабыз. Биз мындан уялышыбыз керек!

Кыргыз кызы катары дагы бир нерсени айткым келет: Азыр коңшу казактар тарыхтын баарын өздөрүнө энчилеп алышты. Мыкты чоң фильмдер тартылып жатат. Миллиондогон акча коротуп, кыргызга тиешелүү тарыхты өздөрүнө жазып жатышат. Муну бир дагы аким ойлобойт. Ал аким бала-чакасы менен курортко барып, машиненин эң алдыңкы маркасын айдаса, чоң-чоң ресторандарда урук-тууганын чакырып той берсе, ошонусуна өздөрүн мартабалуу адам сезип, абройлуу деп эсептейт. Мен мына ошондой чиновниктерден уялам. “Ай, байкуш ай, кимге бир нуруңду чачаар экенсиң!”, - деп коем. Себеби анда ашказандан башка түшүнүгү жок да. Биз ошол деңгээлден чыкмайынча, жашообуз оңолбойт.

Төрөкул Дооров: Ушунун баарын, элдин абийиринин санаасын айтып жаткан интеллигенция каякта?

Саламат Садыкова: Азыр эле сиз “Интеллигенциянын көбү чыгармачыл чөйрөдө” деп айттыңыз го. Биз азыр сыйлыктарга сатылып кетип жатабыз да. Кичине оозун майлап, сыйлык берип койсо, биздин ишенген улуу аксакалдарыбыз да дымып, жатып калып жатпайбы. Ал сыйлыгы эртең ага чапан деле болуп бербейт. Бирок “акты ак, көктү көк деп айтканым үчүн эртең жаманатты болуп калам да” деп сактанып калган учурларыбыз көп болуп жатат. Эки жүздүү, эки сөздүү кыргыздар көбөйдү. Ошондуктан азыр аксакалабыз да, көксакалабыз да тике карап, чын дилден ал-акыбалыбызды сурамайынча, күнүмдүк текеберликтен эч нерсе таппайбыз.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG