Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:55

АКЫН ЭСЕНГУЛ ИБРАЕВ: ынтымакка бирик, кыргыз!


Кыргызстандын эл акыны, «Кыргыз поэзиясынын генералы» деген атка конгон Эсенгул Ибраевдин азыр мамлекеттик деңгээлде белгиленип жаткан 70 жылдыгы Нарын облусунда жыйынтыкталды.

Акындын өз жердештери менен алгачкы жолугушуусу Нарын мамлекеттик университетинин студенттери менен башталды. Ага окуу жайынын окумуштуулар кеңешинин чечимине ылайык «Ардактуу профессор» деген наам ыйгарылып, салтка жараша чепкен жабылып, калпак кийгизилди. Өз кезегинде Эсенгул Ибраев университеттин китепканасына өзүнүн ырлар жыйнагынын 4 томдугун белекке берди. Студенттерге акындын «Ойлон, кыргыз» аттуу жаңы ыры жана сатиралык маанайдагы тамсилдери терең таасир калтыргандыгы ачык билинип турду. Кийинки жолугушуу Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук драма театрында өтүп, ага облустун коомчулук өкүлдөрү катышты. Жандуу жана жагымдуу маанайда өткөн бул жолугушууда да акын көп сындаган ырларын окуп берип, катышуучулардын ыраазычылыгын жаратты. Жолугушуунун соңунда театр артисттери акындын ырларына жазылган обондордон чакан концерт беришти. Дагы бир жолугушуу облустук тарыхый-этнографиялык музейде өттү. «Сиздин ырларыңыздарда эмне үчүн кыжаалаттык көп?» деген суроого акын мындайча жооп берди:

- Ырда кыжаалаттык көп болгонуна турмуштун өзү түрткү берип атат. «Ошону жөн калтырбай айт коомчулукка, журтчулукка» деп атат. Эмнеге кыжаалатсың? Жүрүм-турумга, адеп менен ыймандын азайып баратканына, алака-берекедеги оош-кыйышка, жетишпегендикке, калпычылыкка, алдамчылыкка кыжаалатсың. Мына ушулардан улам ошол кыжаалат ырлар чыккан. Менимче ар бир чыгармачыл инсан, доор кандай жашаса, эмне менен дем алса, ошону ала жүрүш керек. Колунан келсе алдыда жүрүш керек. Колунан келбесе - ошол коомго өзүнүн үлүшүн кошуш керек, мейли оң жагынанбы, мейли терс жагынанбы. Анткени бир улуу сөз бар «Кудайдын кудурети жетпеген жерге, сатиранын же тилдин кудурети жетет» деген. Азыркы кезде күйүп-бышууларды жалаң эле кара сөз түрүндө гезитке жазуу менен жеткирүүгө болбойт. Учкул канаттуу, учтуу мык каккандай айтылган таасын сөздөр аркылуу элге жеткириш керек. Ушундан улам кыжаалаттык ырларынын цикли келатат.

- Советтик доорду эске түшүрсөңүз?

- Образдуу салыштырганда сенин бир бутуңа арканды байлап, казык кагып коёр эле. Ошол аркандын учу жеткен жерге чейин барып ойночусуң, отточусуң, жыргачусуң. Андан ары барууга жетпейт мүмкүнчүлүгүң. «Элдүүлүк, партиялуулук» деген чектелүүлөр бар эле. Ал эми чыгармачыл адам оюна эмне келсе, эмне жүрөгүн толкундатса, ошону жазыш керек, туурабы? Ал эми ал учурда «чыгармаңда элдүүлүк жок экен, бул чыгармаңда партиялуулук дух жок, бул жерде достук жок» деген чектелөөлөр бар эле.

- «Ойлон, кыргыз» деген ырыңыздан үзүндү окуп берсеңиз?

- Ырксыздыктан чарчап турган,
Ынтымак деп чаңкап турган,
Өз тагдырын чүкө кылып,
Өйдө-төмөн калчап турган,
Кайдыгерлик канын бузган,
Момундугу мойнун кыскан,
Ымалага келе албаган,
Ырксыздыгын жеңе албаган,
Бир-бирине ормон кыргыз,
Бирин-бири сойгон кыргыз
Ойрон кыргыз, ойлон кыргыз!
Бир камчынын сабы болуп,
Бир сабактын даны болуп,
Бир тамырдын каны болуп,
Бир дененин жаны болуп,
Бөлүнгөндү бөрү жээрин билип, кыргыз,
Акылыңа кирип, кыргыз,
Ынтымакка бирик, кыргыз!


Дамир Калыков, Нарын
XS
SM
MD
LG