Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:39

5-август күнү кыргыз эл акыны Эсенгул Ибраев 72 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Белгилүү сатирик жана лирик акын катары таанылган маркум Эсенгул Ибраев чыгармачылык жолунда ырлардан, сатиралардан жана поэмалардан куралган 30га жакын жыйнак чыгарган.

Кыргыз эл акыны Эсенгул Ибраев 1933-жылы 16-мартта Нарын районунун Четнура айылында туулган. Алгач Нарындагы педагогикалык окуу жайын бγтγрүп, Кочкор, Нарын районунун мектептеринде жана райондук комсомол комитеттеринде иштеген.

1956–жылы Кыргыз Мамлекеттик университетине кирип, журналист адистигин алгандан кийин 26 жыл сатиралык «Чалкан» журналында адабий кызматкер, бөлγм башчы, жооптуу катчы, редактордун орун басары, башкы редактор болуп иштеген. Маркум Эсенгул Ибраев 1970-жылдан бери жазуучулар союзунун мγчөсγ эле.

Эсенгул Ибраевге 1994-жылы “Маданиятка эмгек сиңирген ишмер”, 2001-жылы “Эл акыны” наамдары ыйгарылган.

Акындын чыгармачылык жолунда 26 ырлар, сатиралар жана поэмалар жыйнактары жарык көргөн.

Алардын катарында айтылуу «Биз – аталар мурасы», «Турмуш агымдары», «Закымдар», «Күндөр - менин канатым», «Мидинден кат», «Эсенгулдун ырлары», “Белес”, “Насыят” өңдүү китептери бар.

Мындан тышкары дүйнөлүк акындардын ырларын которуп, 7 китеп чыгарган. Анын100дөн ашык ырларынын текстине обончу-композиторлор обон чыгарышкан.

Эсенгул Ибраевдин чыгармачылыгынын өзгөчөлүгү тууралуу Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын адабият инситутунун директору Абдылдажан Акматалиев мындай дейт:

- Кыргыз сатирасынын салтын, Жусуп Турусбековдун, Райкан Шүкүрбековдун жана Мидин Алыбаевдин көчүн улантып кыргыз адабиятына чоң салым кошкон. Акындын публицистикалык чыгармалары кыргыз элин, жаштарды атажуртун, эли-жерин сүйүүгө тарбиялады.

Кыргыз эл акыны Эсенгул Ибраев өмүрүнүн акыркы төрт жылында Махмуд Кашкари Барскани атындагы Чыгыш университетинин профессору катары «Кыргыз журналистикасынын тарыхы» боюнча дарс окуган.

Ушул университеттин ректору, профессор Асан Ормушев акынды мындайча эскерет.

- Эсенгул Ибраев чыгыш университетинде журналистика бөлүмүндө “Шоола” аттуу адабий ийримди жетектеп, ошондо жаңыдан журналистикага телчигип келе жаткан жаштарды өзү багыттап, азыр алардын асты республикалык телевидения, радиодо, гезиттерде өзүнүн алгачкы ырларын жазып, “Эсенгул Ибраевди устатыбыз” деп жүрүшөт. Сиздин жаркын элесиңиз, сиз биздин университет үчүн жасап кеткен албан-албан иштериңиз эч убакта унутулбайт.

Маркум Эсегул Ибраевдин “Азаттык” үналгысынын архивинде калган маегинен бир үзүндү келтирели:

- Элдин пикир, элге жагып, элге сиңип кетсе, мына ошол баарынан артык болуш керек. Кээде мындай бир сап ыр эсиме келет.

Ким бирөө жапа чегет кан басымдан,
Мезгил ылдам иремде алмашылган,
Мен ыр жазбайм, атак-даңк алыш үчүн
Жазам аны, жазбай койо албасымдан...

Ошол шык, табигый талант сизди уялап калган болсо, анын артынан сиз сая түшсөңүз ага эмгек кылсаңыз, аракет кылсаңыз ошондон бир майнап чыгат.


“Эсенгул Ибраев Бишкек шаарынын, Нарын обласынын ардактуу атуулу, Ата Тγрк Маданий борбору менен Ата Тγрк илим жана тарых боюнча Улуу Кеңешинин ардактуу академиги болгон” деп эскерет кудасы, юстициянын генералы Асанкул Султангазиев:

- Биз кудасы, жакын туугандары катары айрым жарык көрбөй калган чыгармасын балдары менен бирдикте жарыкка чыгарып, элге таанытканга аракет кылабыз. Терс көрүнүштөрдү “Чалкан” журналы аркылуу редактор, адабий кызматкерлер катары көп жолу жазып, сындап келген. Ушу чыгармаларынан жетимиш пайызын жатка айтат эле.

Эсенгул Ибраев өмγрлγк жары, маданиятына эмгек сиңирген ишмер Саткын Абдрахманова экөө үч уул, бир кызды тарбиялап, 12 небере көрүшкөн.

Маркумдун сөөгү 8-августта Аларча көрүстөнүнө коюлат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG